Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Бүгүнкү күнү жашы жете элек өспүрүмдөр да миграцияга тартылып, Орусиянын ар кайсы шаарларында чоңдор менен бирдей иштеп жүрүшөт. Айрымдары орто мектепти аяктаган эмес, кээ бири толук эмес орто билим тууралуу күбөлүк, ага кошо паспорт колуна тиери менен туугандарына кошулуп, Орусияга келишкен.

Мектеп партасынан Москвага

Москвадагы эмгек мигранттарынын бири Уланбек Москвага мындан төрт жыл мурун, орто мектепте окуп жүргөн учурда келген. Буга анын шоктугу себеп болуптур.

Уланбек 8-классынан тартып Бишкектеги Олимпиадалык резерв мектебинде окуп, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон, 2008-жылы 50 кг. салмактагы уландардын арасындагы чемпионатта жеңишке жеткенден кийин тентектиги ашынып, балдар менен мушташкан:

- 11-классты бүтпөй туруп келдим. Үйдө жашоо-шарт жакшы эле болчу, мектептен айдап жиберишти. Чемпион болгондон кийин бир ай мектепке барбай койсом, мектептен чыгарып коюшуптур, кайра барсам албай коюшту. Анан айылга бардым, Жалал-Абадга. Ал жактан да мектепке албай коюшту. Жүрдүм балдар менен. Анан мушташып, балдарды уруп коюп, акем бул жакка чакырып алган. Ошондон бери келип-кетип ушул жерде иштеп атам.

- Эмне иш кылдың бул жакта?

- Кап ташыдым эл катары эле. Цемент, түрдүү аралашмаларды. Кээ бир күндөрү жүз капка чейин ташычумун.

Уланбек сыяктуу эле орто мектепти аяктабастан миграцияга аттанган жаш кыздар да жок эмес. Алардын бири Нурзада Самара шаарында базарда иштеген туугандарына жардам берет. Ал байкелеринин уруксатысыз эч жакка чыкпасын, Кыргызстанда калган ата-энесин, классташтарын сагынганын бизге бөлүштү:

- Кино, дискотекага барбайм. Бул жак Бишкектей эмес, алыс болгондон кийин баары бир башкача экен, ата-энемди, досторумду сагынып... Өткөн жылы үйгө барып бир ай туруп келдим. Бирок сагынычым тараган деле жок. Байкем кайра чакырып алды. Досторум интернеттен байланышып, колдоп турушат.

“Көчө таптагыча акча тапсын”

Такталбаган маалыматтар боюнча, Орусияда Кыргызстандан келген өспүрүмдөр арбын. Кыздар бала багып, үй иштерин жасаса, балдар курулуш, талаа иштерине чегерилет. Алар көбүнчө полиция жана федералдык миграция кызматкерлери тарабынан, мыйзамсыз жашаган мигранттарды аныктоо учурунда табылып, убактылуу балдар үйлөрүнө жиберилет. Өткөн жылдын аягында Федералдык миграция кызматынын кызматкерлери Кыргызстандан келип, курулушта иштеп жүргөн үч өспүрүмдү кармап, Москвадагы убактылуу балдар үйүнө өткөрүп берген. Бул тууралуу Москвадагы “Алтуфьево” балдар үйүнүн жетекчисинин орун басары Людмила Шиянова “Азаттыкка” билдирген:

- Кыргызстандан үч эркек бала болчу, өтө жаш эмес, он төрт-он беш жаштагылар. Үчөөнүн тең бул жерде ата-энеси жок. Аларды туугандары, тааныштары бул жакка иштеткени алып келген экен. Федералдык миграция кызматы текшерүү учурунда таап, бизге алып келген. Анткени текшере келгенде документтери жок, жашаган жеринин шарты өтө начар, курулуш жүрүп жаткан жерде эле конуп-түнөп жүргөнү аныкталган.

Кийинчерээк ал балдар Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Балдар үйүнүн жетекчисинин айтуусунда, балдарды мекенине кайтаруу же туугандарынын колуна тапшыруу алардын макулдугу менен гана ишке ашат:

- Биз балдардын ата-энелерин көп учурда табабыз, анткени, Москвадан тышкары башка шаарлар менен, мигранттар менен иштеген бейөкмөт уюмдар менен, КМШ өлкөлөрүнүн Москвадагы бардык консулдуктары менен иштешебиз. Ошондуктан, алардын баарын иликтеп, ата-энеси болбосо да, тууган-уруктарын таап, ошолордун колуна тапшырууга аракеттенебиз.

Жашы жете элек өспүрүмдөр Орусияга эмгек мигранты катары көбүнчө туугандары же тааныштары аркылуу келет. Аларды негизинен ошол эле туугандары баласын каратып, үй-жайын тазалатып, курулуш же талаа иштерине кол кабыш кылсын деген максатта алып келишет. Анткени жашы жете элек балдарды башка иштерге албайт, ал эми тууган-уругуна жардам берип тапкан акчасы көбүнчө айылда калган ата-энесине жиберилет. Ошондуктан, айрым ата-энелер уул-кызын “көчө таптап, бекер жүргөнчө” аз да болсо “турмушка эртелеп бышып, акча табуусун” көздөшөт.

“Баарын акча чечет”

Москвадагы мигранттардын балдары менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча орто мектепти аяктабай туруп, иштеп акча тапканы келген мигрант өспүрүмдөрдүн так саны белгисиз. Минтип каканагы ката элек балдарды жаштайынан окуудан калтырып, ишке салуу кыргыздар эле эмес, Борбор Азиядан келген башка мигранттарга да таандык көрүнүш. Мындай тууган-уругу же тааныштары аркылуу эртелеп иштегени Москвага келген балдардын басымдуу бөлүгү андан ары окуусун улантпайт.

Биздин каарманыбыз Уланбек да орто мектепти аяктабаганы менен акча берип, айылдагы мектептен аттестат алганын, эми кесип ээси болуу үчүн окуу жайына тапшыруу максаты барын да жашырбады. Ушундай эле сөздү Самарадагы базарда иштеген Нурзада да айтты:

-Тогузунчу классты бүтүрүп, паспорт аларым менен бул жакка келгем. Анткени үйдө шарт ошондой болуп калды. Эми он биринчи классты бүттү деген аттестат алып беришсе, окууга тапшырам.

- Толук эмес орто мектепти бүттү деген күбөлүк менен деле окуу жайына тапшырууга болот да?

- Жок, аны менен тапшырган жокмун. Бул жакка келе бергем.

Азыр орто мектепти бүтүргөн соң окуу жайына тапшырып, бир кесиптин ээси болууга эмес, тескерисинче, Орусияга келип иштеп, акча табууну, аны өзү каалагандай сарптоону эңсеген жаштардын мууну пайда болду. Биздин дагы бир маектешибиз Жаркынай буга негизги себеп катары Кыргызстандагы баары акча менен чечилип калган коррупцияны айыптайт:

- Окуу үчүн акчаң болушу керек. Окусаң да аны бүткөндөн кийин жакшыраак айлыгы бар бир жерге ишке кирүү үчүн дагы акчаң болушу керек. Кайда барсаң коррупция. Бийлик мына ушуларды жойсун.

Маектешибиз өзү да качандыр орто мектепти аяктары менен аттестатты апасынын сандыгына катып коюп, туугандарын ээрчип, Москвага келген. Анын үстүнө Орусияда, өзгөчө он бир миллион калкы бар Москвада диплом талап кылынбаган жумуштар мигранттарга оңой эле табылат:

- Апам жалгыз өзү үчөөбүздү багам деп кыйналчу. Анын кыйналганын көрүп туруп, кантип “окуйм” дейм? Айла жок, туугандарыма кошулуп, бул жакка келе бердим. Алар кантип иштөөнүн жолдорун көрсөтүштү. Москвага келгенден бери беш жыл өтүптүр, окуу жайды аяктагандай эле убакыт. Мына окуу жай, турмуштун окуу жайы.

Жаркынай да Москвада иштеп жүргөн көптөгөн кыргызстандык жаш мигранттар сыяктуу эле “окуганда эмне пайда? бул жерде жалаң дипломдуулар ошо диплому менен пол жууп, курулушта иштеп жүрүшөт” деген пикирде:

- Менин апам деле жогорку билимдүү, Кыргызстанда үч миң сом айлык менен иштейт. Үч миң сом эмнеге жетет? Бул жакта жалаң апам сыяктуу жогорку билимдүү, дипломдуу ага-эжелер, керек болсо ата-энелер пол жууп, кара жумуштарда иштеп жүрүшөт.

Быйылкы окуу жылынын аякташына да аз эле убакыт калды. Ушул тапта Кыргызстанда каникулду гана күтүп, ал башталары менен Орусияга келип, иштеп, акча табууну максат кылып жүргөн улан-кыздар жок эмес.

Өкүнүч жана сагыныч...

Ал эми биздин каарманыбыз Уланбек спорт менен машыгууну улантпай, таштап салганына өкүнөрүн айтып, муңаят:

- Дүйнөлүк чемпион болгум келчү. Ошол максатыма жетпей калганыма аябай өкүнөм. Азыр деле биздин кыргызстандык жигиттердин эл аралык деңгээлде мелдешип атканын көрсөм, мектепти таштап, спорттук карьерамдын өтөөсүнө чыга албай калганым үчүн өзүмдү жемелейм, арман кылам.

Ата-энесинин жүгүн аз да болсо жеңилдетүү үчүн эртелеп миграциянын түйшүгүнө аралашууга аргасыз болгон Нурзада болсо, балалык баёо кыялы менен айылдагы досторуна биздин радио аркылуу салам жолдоп, сагынганын айтып жатты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG