Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Акжарлык балдар суу менен жарык күтүүдө


Жаңы конуштун кичинекей тургуну
Жаңы конуштун кичинекей тургуну

Бишкектин колтугундагы Ак-Жар конушунун тургундары социалдык талаптар менен эки күн бою Бишкек менен Нарын, Ысык-Көл дубандарын байланыштырган жолду тороп турушту. 9-августта Бишкек мэри Иса Өмүркулов мындан ары конуш башкалаанын карамагына алынаарын билдиргенде гана акжарлыктар тарашты.

Ак-Жар конушунун кичинекей тургундары жай аптабында эмне менен алек болоорун билишпей, топташ ойноп күн кечиришет.

Телевизор көрөлү десе электр жарыгы жок. Бир күндө беш-алты жолу сууга барышат. Ал да иче турган эмес, киргок же идиш-аяк жууганга жарачу киргилт суу. “Иче турган таза сууну күнүгө сатып алабыз” деп айтты конуштун тургуну Буниса Калыкова.

- Сууну балдар арыктан ташыйт. Атайын таза суу сатып келишет. Күнүнө 25 литрлик канистр менен төрт-бешти алып койобуз. Бирөө 25 сом. Кенен колдоно албайбыз, балдары көптөргө кыйын эле.

Ак-Жардагы эң чоң көйгөй – светтин жоктугу. Алты жылдан бери кеч күүгүмдө шам менен жашап келатышат. Телевизор, муздаткыч дегенди мен көрө албадым. Колунда барлары Кытайдын генераторлорун кечкисин колдонушат.

Бүбүайша келечекте дарыгер болгусу келет. Сабактарга түнкүсүн шам менен эле даярданат экен.

- Мен сегизинчи класска көчтүм. Свет жок сабак окуп көнүп калдым. Кечинде шам менен эле гезит, китеп окуп жатып алабыз.

Конуштун тургундарынын басымдуу бөлүгү чай кайнамчалык жерде жайгашкан “Дордой” базарында иштешет. Араба түртүшөт, жүк ташышат, майда-чүйдө соода кылышат.

Жергиликтүү тургундар бул такыр жерди 2005-жылы ээлеп алышкан. Боз ала үйлөр, ак топурак баскан үчүн бул конуштун аталышы да Ак-Жар болуп калса керек.

Бул тегеректен жогорку басымдагы газ куурлары өтөт. Ошол себептен турак-жай салууга, жашоого болбойт дешет адистер. Бирок туш-туштан көчүп келип, үстүндө башкалкасы жок адамдар тобокел деп 2005-жылы козголоңдон кийин жайгашып, биротоло отурукташып алышкан.

Былтыр кеч күздө да акжарлыктар жолду бөгөп, свет, суу киргизүүнү талап кылышкан. Анда бийлик өкүлдөрү келип, баарын мыйзамдаштырып беребиз деп убада кылышкан. Бирок ошондон бери майнап чыкпаган соң, эл дал президенттик шайлоонун алдында кайрадан чыгып отурушат.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов акжарлыктарга келип кездешти. “Бир аптанын ары-бери жагында электр зымдарын тарта баштайбыз” деп убада берди.

- Свет, суу жана жол маселелерин тез убакыттын ичинде чечип берүүгө аракет кылабыз. Бир аптанын ичинде баштайбыз. Көптөгөн жаңы конуштарда суу, жол маселеси бар. Биз баарын чечип беребиз.

Ушундан кийин акжарлыктар ишенип-ишенбей тарай башташты. Бул конушта 2 миңге чукул түтүн жашайт.


Ак-Жардын тургундары жол бууду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

XS
SM
MD
LG