Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Кимдин күмбөзү кымбат?


Кыргызстанда акыркы кездери маркумдарга кымбат күмбөз салуу өнөкөтү күч алууда. Тартыш заманда бул ысырапкордук эмеспи же ар ким өзү билгенин жасаса болобу?

Серепчилер бул көрүнүштү кыргыз салтына да, ислам эрежелерине да туура келбестигин айтууда.

Илгери күмбөз мартабалуу адамдарга тургузулчу

65 жаштагы Айтбүбү Абдраимова Байтик баатырдын күмбөзүнө айына бир ирет келип куран окуп турат. Ал илгери элге эмгеги сиңген адамдарга гана күмбөз салып келгендигин айтууда.

- Илгери кыргыздарда мындайлар жок болчу. Мартабасы көтөрүлгөн Байтик атадай болгон чоң-чоң адамдарга гана салчу, урмат-сый көрсөтүп. Азыр болсо жөнөкөйү деле салып жатат, колунда жогу деле салып жатат. Тээ жогору жактагыны карасаң - кадимки эле үй.

Рахат Момунбаев Бишкектин чет жакасындагы көрүстөндөрдүн бирине жакын жашайт. Ошондуктан балбал таштан эстелик орнотуп, чет жакасын тосууга канча каражат сарпталаарын билет экен.

- Каражат таштын канчадан алганына жараша болот. Кээ бирөөлөр ташты Кытайдан жасатып келип жатышпайбы. Кытайдан алып келген таш эки миң доллар турат экен. Ал эми чет жакасын тосконуна 15 миң сом кетет деп жаткан. Жалпысынан алганда бул жерге алып келип орноткону менен үч миң доллар кетет.

"Акчам жок болсо да атама эстелик коём"

Кыргызстан баш калаасында эстелик жана күмбөздөрдү жасоочу бир нече
устаканалар бар. Алардын кызматы жыйырма миң сомдон беш жүз миң сомго чейин жетерин айтышууда. Ушундай устаканада иштеген Улан төрт чарчы күмбөздү салууга кеткен чыгымдарды эсептеп берди.

- Кирпичтерин санап, өлчөмүн канча болорун такташ керек. Мисалы, аянты орточо төрт-төрт болсо, эки жарым миң доллар болот. Бул каражатка баары бүтөт. Аты-жөнү жазылып, сүрөттөрү чегилет жана жайына орнотулат.

Эстеликке таштардын ар кандай түрлөрүн таба аласыз. Кыргызстандын өзүнөн чыккандары, Казакстан, Кытай жана Иран мамлекеттеринен алынып келингендери да бар. Таштардын баасы анын сапатына жараша ар түрдүү.

- Бул габра, бул саргыч гранит. Таштын түрү бар. Бул Казакстандыкы, бул биздики. Бул мрамор ташы болсо, Ирандан келген. Башка да Иран мраморлору бар. Булардан да кымбат таштар бар, жашыл чөпкө окшогон.

Ошентип эстелик жасалуучу таштардын баалары он миң сомдон жүз миң сомго чейин турат экен. Рахат Момунбаевдин айтымында, байларга бул каражат кеп эмес. Мындан колу жукаларга эле кыйын болот экен, алар да жакындарына кымбат эстелик тургузгусу келет окшобойбу.

- Колунда жоктор деле болгон нерсесинин баарын сатып, эстелик салдырып жатышпайбы.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкери Жоробай Шергазиевдин айтымында, эстелик тургузуу ислам дининде шарт эмес. Тетирисинче эстелик же күмбөз тургузуу ысырапкордук катары бааланат экен.

- Көмүлгөндөн кийин төөнүн өркөчүндөй кылып, топуракты жаап койобуз. Болду, ошол эле. Айырмалап билиш үчүн үстүнө таштарды коюп койсо болот. Ал эми күмбөз жана башкаларды кылуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, муктаждарга, студенттерге берсе, сообу, пайдасы көбүрөк
болот.


Эстелик эстутум үчүн керек

Ошол эле учурда дүйнө салган жакындарына урмат-сый көрсөтүү орундуу болоорун жактагандар да аз эмес. Мисалы, “Айкын саясат” гезитинин редактору Күнболот Момоконов чоң атасынын кайда көмүлгөнүн билбейт экен. Эгер ага эстелик орнотуп койгондо, көмүлгөн жайын азыр билип турмакпыз деп арман кылууда.

- Ушул кезге чейин чоң атамдын көрүстөндөгү көмүлгөн ордун билбейбиз. Коюлган көрүстөндү билебиз, бирок ордун билбейбиз. Куран окуталы деп барганда жалпы эле көрүстөнгө куран окуп, анан ошол кишинин атын атап койобуз. Жакынына гүл коюп, эстелигине баруу, сүрөтүн карап, өткөн-кеткенди эстөө, урмат-сыйын ошол аркылуу билдирүү бизде да азыркы учурда жайылып баратат.

Кыргызстанда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кыйынчылыктарга туш болууда. Мисалы, Бишкекте сөөк койо албайсың, ал үчүн тоо этектеги айылдардан жер сатып алууга туура келет. Бул, албетте, башка тема, жакын арада “Азаттык” буга да кайрылмакчы.

Ал эми динаятчылар менен серепчилер кымбат күмбөз же эстелик тургузуу өзүнчө эле атаандашдыкты жаратып жатканын көңүл бурушууда.
XS
SM
MD
LG