Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Узап бараткан жумада саясий партиялар курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Казакстанда теңгенин эркин агымга коё берилиши Кыргызстанда да доллардын кымбаттоосуна алып келди.

ЕЭАБде валюта согушу жүрүүдө

Дүйнөлүк базарда мунайга баанын арзандашы орус рублинин кунунун кетүүсүнө алып келди. 21-августка карай бир доллар баасы 68 рублден ашты. Орус рублинин күчүнүн кетүүсү, мунайга жана металлдарга баанын арзандашы Казакстан валютасына да басымды күчөтүп, кошуна мамлекеттин бийлиги теңгени эркин агымга коё беришке мажбур болду. Анткени теңгенин бекем курсу Казакстандын ички базарын Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин товарларынын каптоосуна, натыйжада жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгы корголбой калышына алып келип жаткан эле.

20-августтан тарта эркин агымга коюлган теңге 30% ашуун арзандап, 19-августта 188 теңге турган доллар 20-августта 260 теңгеге чыгып кетти. Кошуна мамлекеттин валютасынын арзандоосу Кыргызстанда да доллардын курсунун көтөрүлүүсүнө алып келди.

Жума күнгө карай бир доллар Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 66 сомдон сатылып, 65 сомдон сатып алынды. Теңге болсо 20 тыйындан сатып алынып, 30 тыйындан сатылууда.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валюта базарында түзүлүп жаткан кырдаалды мындай баалады:

- Бүгүнкү күнгө карай доллардын тартыштыгы байкалбайт. Доллардын биздин улуттук валютага карай курсунун көтөрүлүүсү чайкоочулук күтүүлөргө байланыштуу. Анын себеби теңгенин курсунун долларга карай өтө түшүүсүндө жатат. Улуттук банктын резерви 2 млрд. доллардын тегерегинде. Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык зарыл болгон шартта интервенция жасап, курстун кескин өйдө-ылдый болуусун жөнгө салууга даярбыз.

Кыргыз өкмөтүндө да валюта базарында түзүлгөн кырдаал талкууланып, өкмөт башчы коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайларына көзөмөлдү күчөтүп, курстун чайкоочулук баада өсүүсүнө жол бербөөнү тапшырды.

Кыргызстандын улуттук валютасынын арзандоосуна да объективдүү шарттар бар. Биринчиден, республиканын тышкы соодасында үч эсеге жакын тескери баланс турат. Экинчиден, эмгек мигранттарынын акча которуусу кыскарууда. Рублдин курсунун төмөндөөсү эмгек мигранттарынын кирешесинин да азаюусуна алып келүүдө. Үчүнчүдөн, кошуна мамлекеттер валюталарын арзандатып жаткан учурда, сомдун курсун туруктуу кармоо жеңил эмес.

Улуттук банктын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Максат Ишенбаев сом рублдин артынан арзандоого аргасыз дейт:

- Экономикалык биримдиктин ичинде болгондуктан рублдин артынан барууга мажбурбуз. Эгерде биз сомду бекем бойдон кармап турсак, анда... Мисалы казактар эмне үчүн теңгени коё беришти, анткени орустун рублинин курсу төмөн түшүп, Казакстанды орус товарлары каптап, Казакстандын товарларына караганда өтө арзан болуп калды.

Максат Ишенбаевдин пикиринде, сомдун курсунун кескин түшүп кетпеши үчүн Улуттук банк интервенция жасайт. Ага резерв дагы жетиштүү. Бирок акырындап сомдун курсун төмөндөтүүгө аргасыз болот.

Адистер күзүндө мугалимдерге айлык акылардын көтөрүлүүсүн да кооптонуу менен күтүп жатышат. Анткени экономикалык жактан бекемделбеген жол менен айлык акыларды көтөрүү инфляция жана улуттук валютанын күчүнүн кетүүсүнө алып келет. Аны билген өкмөт быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүдө инфляциянын көрсөткүчтөрүн көтөрүп, 12% жеткирген.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине эми эле кирип, Орусия жана Казакстанга анча-мынча товарларын экспорттоону көздөп жатканда кошуна мамлекеттердин валютасынын кескин арзандоосу ал пландарга да кайсы бир деңгээлде сокку урууда. Анткени кошуна мамлекеттерде валюталардын күчүнүн кетүүсү менен элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү да төмөндөйт. Бул өз кезегинде соода-саттыкка терс таасирин тийгизет. Кыргызстан экспорту ыңгайсыз абалга туш болот.

Тазасынан шектүүсү көп тизмелер...

Мына ушундай валюталардын туруктуу болбой жатышынын шартында Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык толугу менен жүрүүдө. 4-октябрга белгиленген шайлоого катышууну чечкен саясий партиялар курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмелерин бекитти. 25-августка чейин партиялар тизмелерди жана күрөөгө акча коюлганы тууралуу документти Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруусу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, ушул жуманын аягына карай тогуз партия талап кылынган өлчөмдө акча каражатын күрөөгө коюшту. Атайын эсепке акча салуу боюнча биринчи орунда “Өнүгүү” партиясы келатат. Бул партия 51 млн. сомдон ашык каражат салды. “Ата Мекен” 32 млн. сом, КСДП 29 млн. сом, “Бир Бол” 22 млн. сом, “Республика Ата-Журт” 9 млн. сом, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” 8 млн. сомго жакын, “Азаттык” демократиялык партиясы 5 млн. сомдон ашык акча салды. Акыркы мезгилде “Ар-намыс” жана “Улуу Кыргызстан” партиялары да күрөө талап кылган өлчөмдө каражатты чегергени маалым болду. Калган партиялар 25-августка чейин күрөөгө акча сала алышат.

Атайын фондго акча чегерүү партиялардын шайлоо өнөктүгүн андан ары улантууга даярдыгын билдирет. Чындыгында эле негизги күрөш мына ушул партиялар ортосунда жүрөрүн саясат таануучулар жана талдоочулар белгилеп келатышат.

Бул партиялардын тизме түзүү же талапкерлерди орундарга жайгаштыруу маселесине келе турган болсок, анда негизги ролдо акча жана таасир ойногону байкалып турат. Акчалуу чиновник-коррупционерлер, коммерсанттар жана ишкерлер алдыңкы орундарды кеминде 300 миң доллардан же 20 млн. сомдон сатып алышты.

Таасирлүү делген адамдар болсо “ак” же “кара” экенине карабай, партиялардын тизмесинде алдыңкы орундарды ээлешти. Аларда акчанын болушу, эң башкысы, керек учурда “чоң муштум” аркылуу таасир эте алышы тизменин төрүнөн орун алууга шарт түздү.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө аныкталгандай, Ички иштер министрлигинин маалыматында кылмыштуу топтун мүчөсү катары аталган Өмүрбек Бакиров КСДПнын тизмесинде 55-орунга, Бакыт Жетигенов 29-орунга, ал эми Дилмурат Акпаралиев 57-орунга коюлган.

Мындай “таасирдүү адамдар” башка партиялардын тизмелеринде дагы кездешет. Маселен, “Душка” аттуу каймана аты бар Дүйшөнбек Төрөкуловго “Бир Болдун” тизмесинде алдыңкы орун берилген. “Өнүгүү” партиясы Тазабек Икрамовду алдыңкы саптарында кармаса, “Республика Ата-Журт” “Хоп” аттуу каймана аты бар Улан Чолпонбаевди барктаган.

Партиялардын тизмелеринде алдыңкы орундарга кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү жана коррупционерлердин, ишкер, коммерсанттардын келиши бийликтин криминалдашуусунан жана коррупциялашуусунан кабар берет. Анткени, коррупцияга каршы күрөшөбүз деген партия лидерлери парламентти же бийликти түптөөнү коррупциялык жол менен баштап, анын жалпы бийлик бутактарына жайылышына шарт түзүүдө. Парламент болсо калган бийлик бутактарын түзөт. Ага кызматкерлерди дайындайт, шайлайт. Ошондуктан коррупциялык жол менен мандатка ээ болгон депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, жеке кызыкчылыгын көздөп, пара аркылуу кызматтарга шайлайт жана дайындайт деген шек күчтүү.

“Коомдук талдоо институтунун” жетекчиси Рита Карасартова мындай система мамлекетти жоготууга алып барат деди:

- Американын президенти айткан жери бар, мамлекеттик башкарууда бизнесмендер болбошу керек деп. Сен же ишкерлик менен алек болушуң керек же мамлекеттик кызматта болушуң керек. Бизде бизнесиң жакшы жүрүш үчүн сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматка барышың керек деген болуп атат. Анткени азыркы кезде депутаттык жөн эле өкүлчүлүк орган эмес. Бул система Кыргызстанды жогото турган система.

Рита Карасартова партия лидерлерине акча легалсыз түрдө берилип жаткандыктан, анын кайсы бөлүгү шайлоо өнөктүгүнө, кайсы бөлүгү жеке чөнтөккө кеткенин текшерүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев партиялар ичинде өрчүп жаткан саясий коррупцияны ооздуктоонун жолу катары бир мандаттуу округдардан шайлоого өтүүнү көрөт:

- Мунун бир гана жолу бар кайрадан бир мандаттуу округдардан шайлоого кайрылып келүү. Азыркы кезде партиялык тизме деп, мындай система жергиликтүү кеңешке чейин тарап кетти. Бул адаттан биз тилекке каршы, арыла албайбыз. Анткени партияларды каржылоочу эч ким жок. Партияларда каражат жетишсиз. Мурун бир мандаттуу округ болгондо талапкерлер өз каражатын өзүнө жумшап, шайлоого барчу. Бүгүн партия лидерлерине акчаны өткөрүп берет. Анын канчасы жумшалат, канчасы калат мунун баары белгисиз. Анткени ал иштер көмүскөдө жасалат.

Акылбек Сариев бул тенденция күчөп, ал партия лидерлеринин байлык табуусунун жана бийликке келүүсүнүн жолу болуп калганын кошумчалады.

Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдары коррупциялык жана адилетсиз экени мурда да айтылып, аны оңдоого айрым аракеттер жасалган. Бирок ал парламентте жетиштүү добуш ала алган эмес. Жаңы келген парламент аны оңдоого киришеби же киришпейби, аны мезгил көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG