Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Бою пас адам тоого чыкса дагы кичине, алп аңгекте да чоң. Бул сөз кыргыздардын ичинен физика-математика илимдеринин биринчи кандидаты болгон Рахим Усубакуновго да мүнөздүү.

Математиктер чөйрөсүндө Усубакуновдун дифференциалдык жана интегралдык изилдөөлөрү, математикалык анализ боюнча томдуктары, математика жана механикалык терминдердин сөздүктөрү алиге чейин жогору бааланат. Аталган эмгектер илимий мансапты көздөп эмес, кыргыз студенттер илимдердин ханышасы эсептелген математика сабагын өз тилинде окуп, мыкты адис болсун деген асыл ниет менен жазылган. Өзү да математика сабагын болочок инженерлерге кыргыз тилинде окуткан. "Бул эмгектери 1967-жылы Рахим Усубакуновду “улутчул” деп айыптап, Фрунзе политехникалык институтунун окуу иштери боюнча проректорлугунан алууга негиз болгон", - дейт профессор Шаршенбек Алиев.

1967-жылы советтик система горбачевдук кайра куруу мезгилиндегидей элдик козголуш түгүл, бийликтин ыктыярына каршы митингге чогулууга уруксат берген эмес. Бирок сүйүктүү агайларынын жөн жерден жумуштан алынуусуна нааразы болгон политехникалык институттагы кыргыз студенттери окуунун отличниги Асейин Аракеевдин демилгеси менен уюмдашып, Рахим Усубакуновду кызмат ордунда сактап калууга аракет жасашат.

Студенттердин ошол митингине Күлийпа Мурзаева да катышкан. Рахим Усубакунов студенттерге өзгөчө камкор эле. "Сүйүктүү агайыбыз кызматына кайра коюлсун" деп, күн бою Политехникалык институттун жанындагы Лениндин айкели алдында турганын айтты 72 жаштагы Күлийпа эже.

Рахим Усубакунов кесиптештери менен.

Рахим Усубакунов кесиптештери менен.

"Нааразылык акциясын токтотуу үчүн партиялык аппарат Мамлекеттик коопсуздук кызматы - КГБга катар партиялык жана советтик аппаратта иштеген кызматкерлерин да пайдаланды" деп эскерет техника илимдеринин кандидаты Асейин Аракеев.

- Натыйжада, шаардык балдар митингди калтырып кетишти жана чоң кызматтагы адамдардын балдары бизге кошулбай калды. Себеби алардын ата-энелери райкомпартияга чакырылып, тийиштүү көрсөтмө алышкан. Андан улам аянтта жалаң айылдан келген патриот-мекенчилдер чогулушкан. Бирок эртең митингге чыгабыз деген күнү агай өзү бизге кайрылып: “Мени сыйласаңар окууңарга баргыла, тарагыла” деп сурангандыктан биз ФПИнин активисттери митингге чыкпай калдык. Бирок кабар жетпей калган биздин студенттер окуусун таштап, митингге чогулушкан. Аларды мугалимдер жана КГБ кызматкерлери тараткан анда. Политехникалык институттун студенттерин колдогон башка жогорку окуу жайлардын студенттери убада боюнча “Манас” кинотеатрынын бери жагындагы Лениндин эстелигинин алдына топтолушкан.

Ошондо Асейин Аракеев башындагы топ Рахим Усубакуновду жактап жана кызматында калтырылсын деп Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине арыз жазат. Кайрылууну колдогон 500дөн көп студенттин кол тамгасын топтошот.

- Арызды Кыргызстан КП БКсынын эски Ала –Тоо аянтындагы кабыл алуу бөлмөсүнө үч студент алып барып бердик. Кийинчерээк бизди КГБнын кызматкерлери суракка чакыра баштады. Шаршенбай Абдылдаев деген агай жана бир орус КГБчы биз менен иштеди. Орус мени коркутуп-үркүткөндө үн чыгарбай отурдум. Анан бизди райкомдун имаратына чакырып, ал жерден изложение жаздырды. Аны шрифт тамгалар менен жазгыла деди. Алар КП БКга жазылган катты ким жазганын издеп жатышканын түшүндүм. Аны билүү үчүн чийме сабагынан биз жазган иштерди Сызма геометрия кафедрасынан тапса болот эле. БКга берилген кат салынган конверттин сыртын мен жазган эмесмин. Башка жигит жазган болчу.

Рахим Усубакунов (солдон биринчи) аялы жана достору менен.

Рахим Усубакунов (солдон биринчи) аялы жана достору менен.

Студенттердин кайрылуусуна карабай, партиялык жазалоочу аппарат советтик интернационализм саясатына шек тийгизген Рахим Усубакуновду проректорлук кызматтан алып, ал кездеги Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтуна окутуучу кылып айдайт. Кыргыздардын арасынан биринчи болуп математикадан илим кандидаттыгын жактаган жана бир нече илимий монографиянын автору Рахим Усубакуновдун жетекчи кызматка коюлбашынын себеби эмнеде? "Көрсө, илимпоздун партиялык карточкасына "кызматка коюлбасын" деп жазылган экен", - дейт Асейин Аракеев.

Проректорлук кызматка чейин Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчы, декан болуп турган Рахим Усубакунов Кыз-келиндер педагогикалык институтунда математика кафедрасынын башчылыгына да жараксыз деп табылат. Ал жөнүндө Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун ошол мезгилдеги жаш окутуучусу Шаршенбек Алиевдин кебин эшители:

- Мен агай менен чогуу иштеген сегиз жыл арасында эки жолу математика кафедрасынын башчылыгына шайлоо болгон. Эсимде, кафедра башчысы докторантурага кеткенде Рахим Усубакунов агай бир жыл бою кафедра башчысынын милдетин аткарып жатты. Ал эми кафедра жетекчисинин ордуна конкурс жарыялангандан үч ай илгери Илимдер академиясынан физика-математика илимдеринин бир жаш кандидатын алып келишип, жашыруун шайлоодо ошол жигитти өткөрүп жиберишти. Кафедралардын башчыларын ал учурда институттун Окумуштуулар кеңешинин 30-35 чакты мүчөсү шайлачу. Алардын ар бирин шайлоо алдында институттун жетекчилиги чакыртып алып, буга добуш бересиң, тигиге добуш бербейсиң деп көрсөтмө бергенин укканмын. Ал учурда андай окуяларды коллективде ачык талкуулачу эмес.

Турдакун Усубалиев.1961-85-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.

Турдакун Усубалиев.1961-85-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.

Рахим Усубакуновдун партиялык карточкасына басылган кара мөөрдүн запкысын уулу Болот да тартат. Дипломдуу инженер милициянын жол кайгуул кызматына инспекторлук жумушка алынбайт деп эскерет илимпоз-математиктин кызы Эркингүл Усубакунова:

- Атамдын эмне себептен куугунтукталганына эгемендик башталганда көбүрөөк көңүл бурулуп калды. Совет заманында ал жөнүндө айтылган жок. Биз, балдары да анын жөн-жайын билбедик, бирок бир жүйөлүү нерсе бар экенин жана түйшүк тартып жүргөнүн байкачубуз. Менден кийинки иним Болот ФПИнин механикалык факультетин бүткөн. 1980-жылы МАИге (Мамлекеттик авто инспекция) жумушка өтөм деп улам эле комиссияга барып, өткөн жокмун деп келет. Атам улам сурап калат: “Эмне болду? Өттүңбү?” “Жок. Медкомиссиядан өтпөй калдым. Көзүм жакшы көрбөй калды”,-дейт Болот. Ал бойлуу, сындуу, ден соолугу жакшы эле. Атам таң калат. Болот атамды аяп ушундай себептен өткөн жокмун деп айтып жүрчү экен. Кийин СТОго (станция технического обслуживания -техникалык тейлөө станциясы) өзү эле жумушка кирип кетти инженер болуп. Көрсө КГБда атамдын “улутчул” деген учету бар экен. Кимдир бирөөнү күч органдарына кызматка алганда, тегин изилдешчү экен. Иним ошол себептүү МАИге алынбаганын эгемендик келгенден кийин билбедикпи.

Замандаштарынын айтканына караганда, Рахим Усубакуновдон башка дагы улутчул деген каралоого философ Асанбек Таабалдиев, түрколог Болот Юнусалиев, юрист Кубанычбек Нурбеков кабылган.

СССРдеги коммунистттик идеологиянын туулары.

СССРдеги коммунистттик идеологиянын туулары.

Эмнеси болсо да, ичиндеги кайгы-капасын сыртына чыгарбаган илимпоз 1987-жылы 55 жаш курагында капыстан каза тапкан.

Рахим Усубакунов өзүнүн негизсиз жерден күнөөлөнгөнү тууралуу кат жүзүндө советтик Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилигине кайрылганбы? Асейин Аракеевдин айтымында, илимпоз Кыргызстан КП БКсынын 1-секретары, республиканын расмий кожоюну Турдакун Усубалиев менен жолугуп, иштин чоо-жайын түшүндүрөт. Бирок абал өзгөрбөйт.

Асейин Аракеев Советтер Союзу кыйрап, кыргыз тили мамлекеттик тил болгондон кийин 1993-жылы Турдакун Усубалиев менен Нарында кокустан жолугуп калып, көзү өтүп кеткен окумуштуу математиктин тагдырын өзгөрткөн окуянын чындыгын сурайт. Бирок жооп албайт.

- Ал кезде Усубалиев бизге асмандгы жылдыздай болчу. Турдакун Усубалиевге 1993-жылы Нарында мейманканада кездешип калып, чай ичип отурганда бардык таарынычымды маданияттуу түрдө айттым. “Рахим Усубакунов ушу заманды көрүп өтүп кетсе, бейишке чыкмак экен, атаңгөрү. Каап”,- деп тиги кишини карасам, зыңкыйган бойдон отуруп, эч үн чыгарбады. Анан айттым: ”Сиз анда Фрунзеде жок болчусуз. Идеология боюнча БКнын секретары Бейшембай Мураталиев, БКнын Илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Аманбек Карыпкулов бар эле. Усубакуновдун артынан кубалап алган Карыпкулов да. Ал ошо жылдары БКда идеологияны тейлечү".

P.S. Математик-илимпоздор менен окутуучулар бүгүн дале тили, түшүнүктүүлүгү жана ойду татаалдантпай берүү жагынан кыргыз тилинде Рахим Усубакуновдун эмгектерине тең болчу окуулуктар жазылбаганын айтышат. Алар ошондой эле кыргыз тилинин маанисин көтөрөм деп, бийлик каарына калып, идеологиялык курмандыкка чалынган окутуучу-окумуштуунун ысымы Бишкектеги же башка жердеги көчөлөрдүн бирине да берилбегенин чекилик дешет. Аларды математикке эстелик анын эмгектери деп жоошуткан менен да бул мисал өлкөдө эстеликтер жана ысымдар көбүнесе бийик идея үчүн күрөшкөн инсандарга, илимге салым кошкон илимпоздорго караганда кайсы бир өкмөттүк кызматта иштеп кеткен адамдарга көп коюлганына нааразылыгын айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG