Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Туура 40 жыл мурда “Советская Киргизия” гезитинде санктпетербургдук окумуштуу Абрамзондун илимий китебин сындаган көлөмдүү сын макала чыгат.

1973-жылы 28-февралда “Советская Киргизия” гезитинде "Оценивать прошлое с партийных позиций" (о некоторых ошибках в освещении истории и этнографии киргизского народа) (“Өткөндү партиялык өңүттөн баалоо" (кыргыз элинин тарыхын жана этнографиясын чагылдыруудагы кээ бир жаңылыштыктар тууралуу) деген макала чыгат.

Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги Сатар Ильясов, мүчө-корреспондент Анна Гавриловна Зима, тарых илимдеринин кандидаты Керимкул Орозалиев бул макалада мурдагы ленинграддык, азыркы санктпетербургдук илимпоз Саул Матвеевич (Менделевич) Абрамзондун 1971-жылы Ленинградда чыккан "Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи” (Кыргыздар: алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланышы) деп аталган монографиясын партиялык өңүттөн катуу сынга алышат.

Анын артынан эле Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиев республикалык жыйында окумуштуу-этнографты өз эмгегинде идеялык, саясий жана усулдук жаңылыштык кетирди деп сындайт.

Илимпоздун саясий жаңылыштыгы

“Абрамзон жалпы коомчулук алдында кыргыздардын этнографиялык бейнесинде болгон даркан өзгөрүштөрдү танат, усулдук, идеялык жана теориялык жаңылыштыктарга жол берди; кыргыз элин түрдүү урууларга жана уруктарга майдалап бөлөт деп күнөөлөндү, - дейт бул окуяны иликтеп көргөн мурдагы кыргызстандык журналист Александр Баршай. - Анткени Кыргызстандын коммунисттик жетекчилиги чындыкты жылтырак кылып көргөзүп, ондогон жылдар алдыга секирип кеткенди каалады. Алар кыргыздар али жаш улут экенине уялышкан. Кыргыздарда дале уруучулук мамилелер күчтүү. Бул жакшы. Абрамзон кыргыздар байыркы эл болсо да улут катары жаш, конгломератка айлана элек деп жазган. Ал объективдүү картинаны берген. Муну республиканын жетекчилиги натуура деп тапты. Абрамзон еврей болсо да, анын жазгандарынан улутчулдуктун элементтерин көрүштү. Жетекчилик кыргыз эли илимпоздор айткандан байыркы эл, улут ирети калыптанып бүттү деп, идеалдуу картинаны каалашты”.

Саул Менделевичтинт илимий эмгектери конкреттүү материалдардын негизинде жазылган. Ага карабай, партиялык - идеологиялык соккуга туш келди. Анын себебин Кыргыз илимдер академиясынын илимий кызматкери, этнограф Амантур Жапаров ошол кездеги саясий жагдай менен түшүндүрөт.

Бул ошол кездеги саясаттын, идеологиянын таасири болду. Айыпталганда кыргыздарды уруулук түзүлүштө жашап жатат, уруулар бар деп көрсөтөт деп жатышпайбы. Бул деген өткөндүн саркындысы, бүгүн улут калыптанып калган кезде мындай нерсе (уруучулук) жок деп күнөөлөшкөн. Абрамзон бул маселени эч кандай саясат менен айкалыштырган жок. Элдин социалдык уюмдашуусунун өзгөчөлүгүн чагылдыруу, элдин этногенезин, келип чыгышын иликтөө үчүн уруулук байланыштар менен түзүлүштөрдү изилдеген. Кыргыздарда “Балам, кайсыл элденсиң?” деп суроо эзелтеден болуп келген. Мисалы, “Мен сарыбагыштанмын же солтодонмун” деп, анын уругун айткан. Аны жасалма жол менен жок деп айтуу партиялык жетекчилик тарабынан калпыстык болгон”.


Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 1970-жылдары Кыргызстандын илимий жана интеллектуалдык чөйрөсү Абрамзондун монографиясын сынга алуу туура эмес экенин билишсе да, окумуштууну ачык колдой алышпаганын айтат:

“Туура эмес экенин ал убакта бардык эле эл түшүнгөн жок. Кээ бир интеллектуалдуу, кыргыз тарыхына кызыккан жаштар, окумуштуулар туура эмес экенин билишсе да унчуга алышкан эмес. Эгерде ушундай бир сөз айтса, Түгөлбай Сыдыкбековдон башкалары кызматтан алынчу. Ал убакта бизде ушундай мамиле эле да...”

Лениндик-Сталиндик илдеттин саркындысы

Советтер Союзунда илимпоздорду, чыгармачыл адамдарды идеологиялык өңүттөн жабыла айыптоо кадыресе көрүнүш болгон. Төлөгөн Касымбековдун 1971-жылы чыгаар менен эл оозуна алынып кеткен “Сынган кылыч” тарыхый романы өткөн жашоону идеалдаштырат, орус генералы Скобелевди каралап көрсөтөт деп сындалган.

1973-жылы августта академик Андрей Сахаровдун адам укугу жаатындагы ишмердигин сындаган 40 көрүнүктүү илимпоздун каты “Правда” гезитинде жарыяланган. 1975-жылы Олжас Сулаймановдун “Аз и Я” деген китеби басмадан чыгар замат катуу тепкиге кабылып, акындын чыгармалары сегиз жыл эч жакта басылган эмес.

Владимир Ленин жана Иосиф Сталин, 1922-1923

Владимир Ленин жана Иосиф Сталин, 1922-1923

С. М. Абрамзондун эмгегинен Советтик Кыргызстандын партиялык жетекчилиги жана кыраакы илимпоздору кандай кемтик табышкан?

Бул жапырык да Москванын демилгеси менен жасалдыбы?

“Андай сынга алуу демилгеси Усубалиевдин жана Кыргызстан КПнын идеологиялык бөлүмүнүн элди жармач кылып көрсөтүү саясатынан келип чыккан, - дейт А. Баршай. - Москванын ага тиешеси жок. СССР Илимдер академиясынын Этнография институту кадыр-барктуу адистерден турган комиссия түзгөн. Комиссия чыгарган корутундуда: “С. М. Абрамзондун китеби, биздин өлкөнүн көрүнүктүү этнографтарынын биринин көп жылдык изилдөөсү, бийик илимий-теориялык деңгээлде жазылган капиталдуу эмгек. Китепте историзм принциптери бекем сакталган. Этнографиялык кубулуштар автор тарабынан коомдук өнүгүүнүн негизин түзгөн социалдык-экономикалык факторлор менен тыкыс байланышта каралат” деп айтылат".

Минтип илимий эмгек үчүн окумуштууну же көркөм чыгарма үчүн акын-жазуучуну, музыкалык эмгек үчүн композиторду, сүрөт үчүн художникти, скульптура үчүн бедизчини сындоо Совет өкмөтү жаралгандан тартып башат алган дарт.

Расмий марксисттик-лениндик-сталиндик идеологияга жетеленбей, сын көз менен карган илимпоздорго жана чыгармачыл адамдарга каршы чабуул толкун-толкун менен жүргөн.

1922-жылы сентябрь-ноябрь айларында Лениндин тапшырмасы менен кылдат түзүлгөн тизме боюнча 200дөй философ, экономист, юрист, доктурлар өлкөдөн айдалып чыккан. Ленин аларды “Антантанын малайлары”, “жаштарды туура жолдон адаштырган бузукулар” деп атаган.

Мындай айбалтага тилчи-илимпоз К. Тыныстанов 1930-жылдары кабылса, Т. Байжиев, К. Бектенов сыяктуу окмуштуулар 1950-жылы туш келишет.

Абрамзон Кыргыз Автоном Республикасынын илимий комиссиясынын чакыруусу менен 1926-жылы кыргыздардын тарыхы жана этнографиясы боюнча маалыматтарды, музейге экспонаттарды жыйноо үчүн чакыртылып келет. Ал 1931-жылга чейин Мамлекеттик музейдин илимий жетекчилеринин бири, Край таануу музейинин директору болуп иштеген. Бирок Ленинградга кеткенден кийин кыргыздарга байланыштуу изилдөөлөрүн токтотпойт. Көптөгөн экспедицияларга чыгат, эмгектерди жарыялайт.

С.М. Абрамзон кыргыз профессионалдуу этнографиясынын негизин түптөгөн жана илимий профессионалдык деңгээлге көтөргөнгө абдан чоң салым кошкон, - дейт этнограф А. Жапаров. - Бул кишинин багыт берүүсү, илимий жетекчилиги менен Мукаш Айтбаев, Ажике Жумагулов, Токтобүбү Баялиева, Бүбүайша Алымбаева жана башка бир топ адистерибиз өсүп чыккан. Абрамзон Какен Мамбеталиеванын илимий жетекчиси болбосо да, ага илимий жактан багыт берип, кеңештерин айтып, жакшы таасир эткен”.


С.М. Абрамзондун “Кыргыздар” монографиясы азыр дүйнөлүк кыргыз таануу илиминдеги эң мыкты этнографиялык эмгек саналат. Окумуштуу 1973-жылы аталган эмгеги Кыргызстанда саясий-идеологиялык сынга тушукканын өтө оор кабыл алат: “Атам илимий чыгармачылыгы үчүн, кыргыз элиндеги өзгөрүүлөргө болгон илимий көз карашы үчүн жапа чекти, - дейт илимпоздун тун кызы Эльза Козлова-Абрамзон байбиче. - Ал адилетсиз сынга алынгандан кийин аябай кыйналып жүрдү. Атам өтө сабырдуу киши эле. Үйдө эч кимге өз эмоциясын көрсөтчү эмес. Атамдын китебин Кыргызстанда сындашкандан кийин, ал аябай чүнчүп, көңүлсүз жүрдү. Кабинетинен чыкпай камалып отурчу. Бул окуя аны катуу кыжаалатка салганын билчүбүз. Ал капачылыгын ичинде кармады. Бирок эч кимге даттанбады жана биз менен да бөлүшпөдү”.

Окумуштуу ошондо өз санаалаштарынын бирине минтип жазат: “Карыя кыргыз таануучулардын бирине Кыргызстандын жетекчи органы тарабынан тоотпой мамиле кылуу мурда кездешпеген окуя. Мен муну мени өлөрчө шылдыңдоо, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө багытталган менин бардык эмгектеримди мазактоо деп билем...”

Абрамзонду сүйүндүргөн Кеңеш Жусупов

Абрамзон Кыргызстандын башчыларына капа болуп жүргөндө 36 жаштагы К. Жусупов Ленинградга барып, илимпозго жолугат:

Мен 1973-жылы ошол сындан кийин Ленинградга барып, С.М. Абрамзонго жолуктум. Ал Этнография музейинде иштейт экен. Экөөбүз залда отуруп сүйлөштүк. Мен Абрамзондун башына ак калпак кийгизип, үстүнө кыргыз чепкенин жаап: "Сиз капа болбоңуз. Кыргыз жаштары, интеллигенция, сизди туура эмес сындап жатканын түшүнөт. Сиздин китебиңиз биз үчүн баалуу, дүйнөгө бизди тааныттыңыз" деп айтсам, көзүнөн жаш агып кетти. Анан: "мен ушул сындан кийин Т. Усубалиевге 30 бет, Ч. Айтматовго 30 бет кат жаздым. Бирок жооп ала элекмин”, - деди. Ошондон кийин өзүнүн «Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи» деген китебине баш сөз жазып берди, абдан ыраазы болуп".

Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов

Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов

К. Жусуповдун сөзүнө тактоо киргизе кетели. Абрамзон жазган катка Чыңгыз Айтматов 1973-жылдын 10-мартында же катты алар замат жооп берет.

“Саул Матвеевич, Сиздин китебиңиз бүгүнкү кыргыздар үчүн илимий жана маданий жактан чоң мааниге ээ экенине терең ишенем. Сизге ырахмат. Бул мыкты эмгектен көп баалуу нерселерди таптым. Бирок кыргыз элинин этнос катары калыптануу мезгили боюнча сиз менен макул боло албайм. 18-кылым эл үчүн кечээги эле күн. “Манас” эпосуна, анын архаикалык мазмунуна карап көрсөк, кыргыздар өтө узактан бери өмүр сүргөн, калыптанып калган байыркы түрктөрдүн группасы. Ал эми “Советская Киргизия” гезитине чыккан макала менин оюмча, сиздин эмгегиңиздин маанисин бир нукум да пастата албайт. Кудай алсын... Капаланбаңыз”.

Ч. Айтматовдун бул катын С. Абрамзондун небереси сактап жүрөт.

Козлова-Абрамзондун айтышынча, 1975-жылы Ленинграддын Этнография институтунда атасынын 70 жылдык мааракеси өткөрүлүп, кыргызстандык окуучулары да келет: "Ошондо эчен таанымал адамдар, окумуштуулар, шакирттери атамдын илимге кошкон салымы жөнүндө сүйлөштү. Кыргызстандан келген коноктор атама адеми тигилген кооз чепкен кийгизишти. Ал үйүбүздө узак сакталып турду. Атамдын мааракесин эстен чыккыс кылып белгилөө, анын илимий ишмердигинин апофеозу болду”

1990-жылы Абрамзондун “Кыргыздар” монографиясы Кыргызстанда 20 миң нускада чыгат. Кайра 1998-жылы "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен чыгат. Анткен менен, Кеңеш Жусупов кыргыз тарыхын, этнографиясын изилдөөгө баа жеткис салым кошкон окумуштууларга арналган илимий окуулар өкмөттүк деңгээлде өткөрүлбөй жүргөнүн кейип айтты: “Арменияда болсо Абрамзонго эстелик тургузулмак эчак. Институттарда, академияларда жыл сайын күндөрүн өткөрүп, илимий окууларды мамлекеттик деңгээлде өткөрмөк. А биз кыргыздарды дүйнөгө тааныткан окумуштуулар Бартолд, Бернштам, Абрамзондун бирөөнүн да күндөрүн өткөргөн жокпуз. Жок дегенде чакырып келип, сый көрсөтпөдүк”.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG