Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Кыргыздар да хоккей ойнойт


VII Кышкы Азия оюндары 30-январдан 6-февралга чейинки Астана жана Алматы шаарларында өтөт. Хоккей мелдешине кыргызстандыктар алгач ирет катышат.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алмазбек Касенов өлкөдө хоккейге кызыгуу кайрадан жандана баштаганын кеп салууда:

- Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Азиянын кышкы оюндарына өлкөнүн тандалма командасын түзүп, алгач ирет алып баратабыз. Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапония, Казакстанда гана хоккей өнүккөн. Аларга теңелүү кыйын. Ошондуктан өнүгүп келаткан өлкөлөрдү экинчи Лигага бөлүп, биз Монголия, Индия, Тайланд жана Араб өлкөлөрү менен ойногону калдык. Ошондуктан бул топто мөрөй алууга, алар менен кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, байгеге илинип калуусу ыктымал.

Убагында Нарын облусу боюнча “мыкты хоккейчи” аталган "Дордой- Алатоо" командасынын чабуулчусу Султан Токоев кышкы Азия оюндарына барууга камданып жаткан экен.

- Биз бала кезде "Алтын шайба" мелдештери өтүп турчу. Атүгүл Орусияда өткөн биринчиликке да катышып келгенбиз. Кыргыз хоккейин өнүктүрүү мезгил талабы. Былтыр Чаектеги мелдешке ардагерлердин командасын баштап барып, жаш кезди бир эскерип, жыргап калдык эле. Быйылкы Казакстанда өтө турган кышкы Азия оюндарына өлкөнүн тандалма командасынын катарында барууга даярдык көрүп жатам.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов намыска жарай турган чеберлер тандалып жатканын айтты:

- Команданын курамы толук. Бирок бизде оюнга ылайыктуу шаймандар жокко эсе болчу, демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында эле колго тийди. Барып эле акча маселесине такалат. Бишкектеги шаардык муз аянтында күнүгө эки маал машыгуу өткөрүп, даярданып жатабыз. Команданын катарында Жумгал, Нарын, Бишкектен тандалган оюнчулар бар. Жаш өзгөчөлүктөрү болсо - 16 жаштан 47 жашка чейинки оюнчулар. 80 пайызы жаштар. Мелдеште кандай болоорун бара көрөбүз да.

Нарын - кыргыз хоккейинин башаты

Кыргыз хоккейи Нарын тараптан чыйыр алган. Эми көп айлар бою аппак кар мекендеген бул чөлкөмдө хоккей чыйыр албаганда каяктан алмак эле? Совет заманында идеологиянын күчү менен балдар жапатырмак көчөлөрдө таяк менен таш койгулап, улуулар хоккей эмес эле "кокуй" турбайбы деген кез болгон.

Айылдыктар теледен көргөн кумирлери – Харламов, Петров, Третьяктай болууга аракеттенишчү. Бирок алардын же кийими, же клюшкасы, же конькиси болсочу? Тал-теректин бутактарын, атурсун кашааларды талкалап, таяк жасашчу. Шайбанын ордуна желим менен оролуп бекитилген талдын жоон бутагынын тегерек кесиги колдонулган.

Бутка болсо калың кийиз чокоюна “снегурочка” конькисин кайыш менен бекем таңып алышчу.

Кезинде Миң-Кушта хоккей ойногон Такин Рысбектегин алгачкы темир дарбазаны тор менен жасап, кийин алар союздук мелдештерге чейин барышканын эскерүүдө.

- Чынын айта кеткенде, финансылык кыйынчылык биздин кендирибизди кесип, бир топ максаттарыбыз анын айынан ишке ашпай калууда. Кашайып, биздин бактыбызга финансылык кризис да тушугуп туру. Бирок буга карабастан спортту сүйгөн, кыргызды бул жагынан да дүйнөгө тааныткысы келген дымактуу жаштар чыга баштады. Биздин учурда баары башкача эле. Союздук мелдешке чейин бекер барып келчү элек да.

Ал эми нарындык хоккейчи Ниязбек Алиев бетке кийген беткапты зымдан токуп, калың бышык кийизден талуу жерлерге, тизеге, чыканактарга калканчтарды ойлоп тапкан.

Кийин хоккейге ылайыктуу кош миздүү бийик конькилер алынып келинип, спорт формасынын алгачкы түрү пайда болду. Албетте бул хоккейдин эң жөнөкөй түрү болчу. Ушинтип айылдык демилгечилер хоккейди муундан муунга улап келишкен. Хоккей таягы мурас катары атадан балага, улуу агасынан кичүүсүнө өтүп, хоккей салтка айланган.

Шортон - хоккей айдыңы

Жумгалда хоккейдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизген дагы бир жагдай бар. Ал Чаектен бир нече чакырым аралыкта тоо боорунда жайгашкан Шортон көлү. Кышында 2 метрге чейин тоңгон табигый муз аянтчасы кыргыз хоккейинин айдыңы болду. Бирок кыргыз хоккейинин деми эгемендик жылдары сууп калган эле.

Эгемендиктин жетинчи жылында гана унутта калган хоккейи кайрадан жандана баштады. Адегенде Нарында профессор Эркинбек Матыев атындагы кордун фондунун демилгечилери дүйнөлүк хоккейдин легендалары орусиялык Вячеслав Фетисов жана канадалык Уэйн Гретцкинин атынан кыскартылган “Фети-Грет” спорт клубу түзүлдү. Ошентип 2000-жылдан бери Жумгалда хоккей мелдешин өткөрүү салтка айланды.

Хоккейдин жолу татаал, бирок кызыктуу

2007-жылы өлкөнүн Хоккей федерациясынын түзүлүп, азыр 13 команда катталды.

Өткөн жылы кыргыз хоккейчилери Орусия хоккей федерациясынын жетекчилери Вячеслав Третьяк менен Вячеслав Фетисовдун чакыруусу боюнча Москвага “Биринчи каналдын” кубогуна барып келишти. Иш сапардын шарапаты Орусиянын хоккей федерациясы гана эмес, Швеция, Финляндия, Чехия тараптар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү. Учурда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк хоккей федерациясына мүчө болуп, эл аралык мелдештерге жолу ачылды.

Хоккей кийими кымбат

Хоккейчинин кийими жана жабдыктары өтө эле кымбат турат. Коньки, таягы, шлем менен визор, тизе жана чыканак коргогуч, кол кап, капа, чолок шым жана башкалар кирет. Хоккейде дарбазачылардын кийими андан да кымбат. Өлкөнүн хоккей федерациясынын маалыматы боюнча, Кытайда чыгарылган оюнчунун кийими орто эсеп менен 900 АКШ доллары, ал эми дарбазачынын кийими 1500 доллар турат. Айтмакчы, кыргыз командаларынын дээрлик баарында аталган профессионалдык хоккейдик жабдуулар жокко эсе. Болгону бишкектик командаларда гана бар, ал дагы толук эмес.

Ошентип кыргыз хоккейчилери биринчи жолу эл аралык үлкөн мелдешке камданууда. Ырас, алар хоккей мекени Канадага эмес, бул эле коңшу Казакстанга бармакчы. Бул кыргызстандык спортчулар үчүн биринчи катаал сынак болгону турат.
XS
SM
MD
LG