Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Ардагер балбандардын жеңиши


Чынарбек Изабеков Москвадагы кыргызстандык жаштар менен
Чынарбек Изабеков Москвадагы кыргызстандык жаштар менен

Польшада өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпиондугунан байгелүү кайтып келе жаткан Чынарбек Изабековду, Мелис Турганбаевди жана Басылбек Мамытбековду Москвадагы аэропорттон кыргызстандыктар тосуп алды.

7-9-октябрда Польшада өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында 97 килограмм салмакта 46-50 жаштагылар арасында Чынарбек Изабеков алтын медал жеңди.

Ал эми 51-55 жаштагылар арасында күрөшкөн Мелис Турганбаев 76 килограммга чейинки салмакта коло медал тагынды. Дагы бир коло медалды 61-65 жаштагылар арасында беттешкен Басылбек Мамытбеков утту.

"Азаттык" ардагер балбан, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевди кепке тартты.

Мелис Турганбаев: Бир алтын, эки коло менен кайтып келе жатабыз. Ардагерлер деген менен бул мелдеш деле жогорку деңгээлде өтөт экен. 40тан ашык өлкөдөн келишиптир.

Москвадагы кыргызстандыктар спортчуларды тосуп алууда.
Москвадагы кыргызстандыктар спортчуларды тосуп алууда.

Күрөшкө өзгөчө көңүл бурган өлкөлөрдөн өкүлдөр болду. АКШ, Монголия, Түркия, Жапония жана башка өлкөлөр. Бул өзү көптөн бери эле өткөрүлүп келе жаткан мелдештер.

Былтыр Кыргызстандан Чынарбек Изабеков барып алтын алып келген, быйыл дагы алтын тагынды.

"Азаттык": Бул мелдешке канча даярдандыңыз? Атаандаштарыңыз кандай экен?

Мелис Турганбаев: Мен дайыма эле формада жүргөнгө аракет кылам. Мурун иштеп жүргөндө деле күнүнө эки саат барып сөзсүз машыкчумун. Атаандаштардын бардыгы эле уталы деп, катуу даярданып келгендер экен.

​Биринчи күрөшкө түрк балбаны менен чыктым. Күрөш күчтүү болду. 4:2 менен утуп алдым. Анан финалга жолдомо алуу үчүн жапон балбаны менен беттештим. Өзүм кичине катачылык кетирип алып, 1:2 эсеби менен уттуруп койдум. Андан кийин коло медал үчүн польшалык балбан менен чыгып, аны 11:0 эсебинде уттум. Бул мелдешке 70 жашка чейин катышууга болот. Даярданып, кийинки жылы дагы барам.

"Азаттык": Ардагерлердин эркин күрөшүнө катышууңузга эмне түрткү болду?

Мелис Турганбаев: Мен эми бала чактан бери эле спортто жүрөм. Андан сырткары, азыр көчөдө кылмыштуулук өсүп келе жатат. Анан чындыгын айтканда биз курактуулардын баары спорт менен машыгуусу керек. Бул жаштарга, жаңы чыгып келе жаткан балбандарга үлгү болот. Алар “агаларыбыз күрөшүп жатат, биз дагы медал алып келели” деп аракеттенишет. Ага кошумча, мен көп жылдан бери Күрөш федерациясынын коомдук ишине көмөк көрсөтүп келем. Спортко баарыбыз көңүл бурушубуз керек. ​

Балбандар Москвадагы күйөрмандары менен.
Балбандар Москвадагы күйөрмандары менен.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG