Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Футбол: топ кубалаган кыздар


Кыргызстандын футболчу кыз.
Кыргызстандын футболчу кыз.

Кыргызстандын футбол федерациясы Эл аралык футболчу аялдар күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү.

7-марттагы бул иш-чарага Кыргызстандын Улуттук кыздар курама командасынын оюнчулары, устаттар, спорттун бул түрү менен машыгып жүргөн мектеп окуучулары катышты.

Майрамдык салтанатта көрүүчүлөр арасында сынактар, футболго байланыштуу суроо-жооптор уюштурулуп, мыкты катышуучуларга белектер берилди. Адистердин пикиринде, акыркы жылдары кыздар арасында футболго кызыккандар арбып баратат.

Улуттук курама команданын катарында ойноп жүргөн Айдай Эркинбек кызы быйыл он беш жашта. Үч жылдан бери спорттун бул түрү менен алектенген өспүрүм кыз ушул учурга чейин сексенге чукул мелдешке катышкан. Анын ичинде "Азия-2016" мелдешинин Түштүк жана Борбордук аймагы боюнча өткөн кыздар аралык футбол оюнуна да барган:

- Биз ал учурда Тажикстан, Иран, Бутан менен ойногонбуз. Алардын кыздары биздикине караганда башкача болчу. Мисалы, Ирандын кыздары дене-бою жагынан бизден улуудай көрүнгөн.

Ошол мелдеште Айдай кыргыз командасы өздөрү максат кылган ийгиликке жетпей калганына ызаланып калган. Андыктан бул күндө ал бүт дитин машыгууга коюп, тынбай эмгектенип жатканын айтты:

- Режимим эртең менен мектепке барып, окуудан келгенден кийин тамактанып алып саат үчтө машыгууга жөнөйм. Машыгуу саат беш жарымга чейин болот. Андан чыгып үйгө келип сабактарыма даярданам. Айтор баарына жетишем.

Айдай Эркинбек кызы ошол эле учурда кыздарга тийшелүү болгон үй жумуштарына да жетише турганын кошумчалады.

Кыргызстандын кыздар футбол курамасы.
Кыргызстандын кыздар футбол курамасы.

Эл аралык футболчу аялдар күнүнө карата өтүп жаткан майрамдык иш-чарага спортчу кыздардын ата-энелери да келишкен экен. Мурдагы педогог Жаңыл Дүйшөналиева өзүнүн небере кызы футбол менен машыгып жүргөнүнө сыймыктанарын айтып, буларга токтолду:

- Футбол балдарды мекенчилдикке, достукка, жамаат менен бир команда болуп иштөөгө тарбиялайт экен. Бирин-бири аяганды үйрөнүшөт экен. Мында алардын жаман жолго барганга убактысы деле калбай калат экен. Азыркы мезгилде жаштар интернетке берилип кеткени айтылып жатпайбы. Футбол ошондон сактайт экен. Ден соолугу да жакшы болот. Мурда менин эки небере балам футболго барышчу. Азыр аларга небере кызым да кошулду. Мурда кызым гимнастикага барчу. Футболго келгенден бери маанайы көтөрүлүп, "мурда эмнеге гимнастикага бардым экен" деп өкүнүп жүрөт.

Дүйшөналиева акыркы мезгилде өзү да неберелерине эргүү берген футбол оюнуна кызыгып, алардын мелдештерине калбай бара баштаганын кыстарды.

Кыргызстандын футбол күйөрмандары.
Кыргызстандын футбол күйөрмандары.

Улуттук курама команданын оюнчусу, футболчу кыздардын устаты Светлана Покачалованын айтымында, акыркы үч-төрт жыл аралыгында кыргызстандык кыздардын футболго болгон кызыгуусу күчөдү:

- Былтыр кыздар арасында чемпионат болду. Ал он төрт жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы командалар эле. Он төрт жашка чейинки курактагы кыздар мелдешине республика боюнча он бир команда, андан жогорку жаштагы кыздар мелдешине жети команда катышты. Мындан сырткары, Азия чемпионатына кыргызстандык кыздардан түзүлгөн үч курама команда ат салышты. Алар он төрт жашка чейинки, он алты жашка чейинки жана он тогуз жашка чейинки кыздардан түзүлгөн футболдук командалар. Акыркы жылдарда футболго тартылган кыздардын саны арбып баратат. Кыздарын өздөрү каалап футболго алып келген ата-энелер да көбөйдү.

Покачалова Кыргызстандын футбол федерациясы кыздар үчүн Бишкек шаарында бекер машыгуучу спорт аянтын уюштуруп, мектептерде үгүт иштерин жүргүзө баштаганы да кыздардын футболго тартылуусун арбытты деген пикирде.

Эл аралык футбол федерациясы 8-мартты Футболчу аялдар күнү деп жарыялаган.

Кыргызстанда аялдардын биринчи футбол командасы 1994-жылы түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG