Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

21-апрелде Бишкекте Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык жеңил атлетика турнири жыйынтыкталды.

21-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Москва олимпиадасынын коло байге ээси, даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровдун байгесине арналган эл аралык жеңил атлетика турнири өттү.

Жөө күлүктөрдүн жарышына Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын эки жүздөн ашуун спортчусу катышты.

Сатымкул Жуманазаровду эскерүү мелдешинин эл аралык деңгээли жогорулап, Лондон олимпиадасынын алдында жөө күлүктөр сыналганын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” айтып берди:

- Эгемен өлкө болгону көп спорт мектептери, коомдор жоюлуп кетип, жеңил атлетикага көңүл бурулбай калган. Бизде мыкты адистер азыр да бар. Алардын тажрыйбасын пайдалануу менен учурдагы спорттун жаңы жетишкендиктерин да өздөштүрүү зарыл. Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге спортчуларды көп жиберип, такшалтып, чеберчилигин жогорулатып туруу керек. Сатымкул Жуманазаров агайдай мыкты жөө күлүктөр көп болсо, алардын жолун улантуучулар да арбын болот. Ошондуктан келечекте бул мелдешти Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын иш-чарасына киргизип, кийин олимпиадага жолдомо берүүчү деңгээлге жеткирүү зарыл.

Оор атлетика боюнча олимпиаданын жана дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Сатымкул Жуманазаровдун Москва олимпиадасындагы ийгилигин 32 жылдан бери шериктеш өлкөлөрдүн спортчулары да кайталай элек.

- Сатымкулга өнөктөшү Леонид Моисеевди сүрөөнгө алуу, ага жардам берүү, суу ташып, терин сүртүү, шыктандыруу тапшырмасы берилген. Алдыга далай жөө күлүктөр озуп, Леонид Моисеев жүгүрө албай, жедеп баспай калганда гана Сатымкул өз алдынча чуркоого аргасыз болгон. Ошондо да 42 км. 195 метр аралыктагы марафондук жарышта бир нече атаандаштарынан алдыга озуп, Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келген. Сатымкул бардык жөө күлүктөргө үлгү.

Маркумдун жесири Сүйүн Жуманазарованын айтымында, кыргыздын жөө күлүгү көзү тирүүсүндө спорт жетекчилери көңүл бурбай, анын бай тажрыйбасын жаштарга жеткирүүгө шарт түзгөн эмес. Эми гана ар жылы эскерүү мелдеши өтүп жатканына шүгүр.

Жыл өткөн сайын Сатымкул Жуманазаровду эскерүү мелдешинин деңгээли жогорулап баратканы айкын көрүндү. Жыйынтыгында 10 км. аралыкка жарышкан жөө күлүктөрдөн марага кыргызстандык Александр Мох озуп келди. Орусиялык Григорий Андреев экинчи, казакстандык Андрей Лейменов үчүнчү орунду ээледи.

5 км. аралыкка кыз-келиндер жарышып, мында Лондон олимпиадасына жолдомо алган кыргызстандык марафончу Юлий Архипова-Андреева баш байгенин ээси болду. Орусиялык Марина Ковалева күмүш байге, кыргызстандык Виктория Полюдина коло байге утту. Кыска жана орто аралыктарга жарыштарда орусиялык жөө күлүктөр табында экенин далилдей алышты.

Чынында жеңил атлетика байыркы спорттун башаты делет. Аты жеңил деп айтылганы менен түмөн түйшүгү, машакаты көп. Жеңил атлетика деп жалпы аталганы менен анын курамында спорттун көп түрү бар. Бул дүйнөдө эң кеңири тараган, өтө таасирдүү спорт.

Азыркы учурдагы спортто жеңил атлетикалык көнүгүүлөрдүн 60тан ашуун түрү бар. Олимпиадалык оюндардын программасында анын эркектер үчүн 24 түрү, кыз-келиндер үчүн 14 түрү киргизилген.

Кыргызстан көз карансыздыкка ээ болгондон кийин жеңил атлетчилер 1996-жылдан баштап Атланта, Сидней, Афина, Бээжин шаарларында өткөн Олимпиадалык оюндарга катышты. Бирок эгемен тарыхыбызда кыргызстандык бир да жеңил атлетчи дүйнө чемпионаттарында, Олимпиадалык оюндарда мөрөй ала элек.

61 жашка чыкмак

"ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү"

"ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү"

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 1979-жылы “СССР спортунун эл аралык чебери”, 1981-жылы “СССР спортунун эмгек сиңирген чебери” деген ардак наамдарга арзыган.

Ал 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-91-жылдары Бишкек шаарындагы «Колхозчу» жана «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыруучу болуп эмгектенип, жаш жөө күлүктөрдү тарбиялаган.

1992-жылдан тарта Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы спорт комплексинде башкы директор болуп иштеген.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 17 жашынан машыгып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км. аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. СССР чемпионаттарында 10 км аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Олимпиадалык оюндарда 42 км. 195 м. аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

1977-80-жылдары өткөн СССР чемпионаттарында бир нече ирет күмүш медалдарды уткан. Жапония, Германия, Греция, Чили, Финляндияда өткөрүлгөн эл аралык Гран-при марафондук жарыштарда да жеңиштерге жетишкен.

СССР - Америка жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага озуп биринчи келген. Сатымкул Жуманазаровду спорт коомчулугу "ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү" деп атап, сый-урмат көрсөткөн.

Спорттогу жетишкендиктери “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери жана “Даңк” медалы менен бааланган. Кыргызстандагы белгилүү марафончу Назирдин Акылбеков баштаган жаштардын насаатчысы да болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG