Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Советтик диктатор Иосиф Сталиндин отуз жылга чукул созулган бийлиги тушунда Кыргызстанда жыйырма миңден ашык адам репрессияга кабылган. Анын 137синин сөөгү учурда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жатат. 1938-жылы атылган улут каймактарынын сөөгү арадан 53 жыл өткөндө табылганы белгилүү. Сталиндин өлгөн күнүнө 60 жыл толгондо "Ата-Бейитке" кимдер барды? Дегеле ачык асман алдындагы музейдин учурдагы абалы кандай?

Чоң-Таш айылындагы улут каймактары көмүлгөн жер 1991-жылы Бишкектин карапайым тургуну Бүбүра Кыдыралиева аркылуу табылган эле. Учурда Бүбүра Кыдыралиеванын жашы сексенден ооп калды:

- 30-жылдары атам ушул жерге ылай ийлеп, жумушчу болуп кирген. Бир бөлмө тамда турчубуз. Коңшубуз Кобыльников деген орус чал, кемпири экөө турчу. Менден саал улуу Володя деген небереси бар эле. Экөөбүз мектепке чогуу барчубуз. Алар чочко багат, биз болсо өрдөк-каз, тоок кармайбыз. Бирин-экин малыбыз да бар. Жаз-жай айларында бул жакка КГБнын чоңдору үй-бүлөсү менен келип, эс алчу. Кайтарууга алынган жай болгондуктан чочун кишилерди киргизчү эмес.

Бүбүра Кыдыралиева менен 137 адамдын сөөгү көмүлгөн кыш заводунун түбүндө турдук. Туш-тарабы айнек менен тосулган бул жайды ойлуу тиктеген апа ошол каргашалуу күндөрдү минтип эскерип жатты:

- Бул жерде үстү камыш менен жабылган эки кабат кыш заводу турчу. 5-8-ноябрда чатырын сыйрып, ичине өлүктөрдү ыргытышкан экен. Биз аны көргөн жокпуз. Тамак-аш, шейшеп ташыган немис бөлүм башчы бар эле. Ал атама: “Алкан, эс албай иштеп жатасың, үй-бүлөң менен туугандарыңа барып кел” дептир. Атамда кың демек кайда, бизди ат араба менен Кашка-Суудагы аяш атамдыкына жеткирди. Өзү болсо үрүң-бараңда келип, мал-жанын сыртка чыгарып, иңир киргенде кайра сарайга киргизгени бул жакка каттап турду.

Ошол маркумдардын сөөгү ыргытылганга чейин Бүбүра Кыдыралиева өзү теңдүү балдар менен завод тегерегинде ойночу экен. Үйгө кайтып келе жатканда имарат ордунда дөбө турганын көрөт:

- 10-ноябрь болчу. Кар жаап, муздак шамал согуп турган. Келип эле заводду таппай калдык. Анын ордуна дөң пайда болуптур. “Ата, завод жок го, биз эми кантип жашынмак ойнойбуз?” дедим, “түндө шамал болгон, учуруп кеткен тура” деп ооз учунан жооп берди. Бир аз күн өткөндөн кийин иттер улуп, адам чыдагыс жыт келе баштады. Апам терезени кийиз менен калап, бизге да, иттерге да сүт берип жатты. Февралдын орто чени болсо керек эле, көз байланган маалда атам: “Жикиш, тышка чыкчы” деп калды. Мен кошо жөнөдүм. Көрсө баягы дөң үстүнөн асан-үсөнгө окшош шоола чыгып атыптыр. Атамдын тизелеп алып, куран окуганы эсимде. Сөөк жата берсе, өзүнөн өзү күйөрүн кийин билдим да. Ошондон кийин дөбө чөгүп кетти.

Бүбүра Кыдыралиева ошол 1938-жылы 5-8-ноябрда болгон иш тууралуу 1973-жылы гана кабардар болот. Бирок совет доору болгондуктан атасынан укканын эч кимге айта алган эмес.

- 1939-жылы бул жерден көчүп кеттик. Баягы немис бөлүм башчы атама: “жакында чоң алаамат чыкканы турат. Өзүңдү да, балаңды да согушка алып кетет. Тезинен колхозго көч. Аялың билимсиз, балдарың жаш. Үй-жай камдап бербесең болбойт” деген экен. Атам колхозго көчүп бараары менен эки бөлмө үй салды. Айткандай эле 1941-жылы согуш чыгып, атамды да, агамды да алып кетишти. Биз болсо көрбөгөндү көрдүк. 13 жашыман тартып кырманда иштедим. Агам согушта курман болду. Атам жарадар болуп кайтып келди. 1973-жылы ал киши катуу ооруду. Тиги дүйнөгө кетерине көзү жетсе керек, “жакшы заман келсе сөзсүз айт, баягы дөбөдө кыргыздын каймактары жатат” деп керез айткан эле.

Ким билет, балким эгемендик орнобосо Бүбүра апа бул сырды ичине катып жүрө бермек. 1991-жылы ал КГБда иштеген Болот Абдрахманов менен таанышып калат. Ошентип 53 жыл мурда дайынсыз кеткендердин сөөгү табылат:

- Бала кезде сарайда движок иштетип, электр жарыгын алышаар эле. Ал сарайдын пайдубалы менен кошо куйулган темир бар эле. Арадан канча жыл өтсө да, ордунан жылбай турган экен. Ага болжолдоп кирпич заводунун ордун таптым. Дөңдүн жанын трактор менен сүрдүрүп, даараткана салышыптыр. Болотко ушул ченде болчу десем ишенбейт. Анан кар кеткенде келмей болдук. Ошо менен жазында бардык. Каратай деген неберемди ээрчитип алгам. Ал бир маалда “бирөө жаңы, бирөө эски экен” деп эки кирпич көтөрүп келип калды. Болот сүйүнүп кетти. Экспертизага жөнөтсө бирөө чын эле 30-жылдагы кирпич экен. Анан баягы мен айткан жерди күрөк менен эки жолу чукуганда эле кишинин ок көзөгөн баш сөөгү чыгыптыр.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде бүгүн жымжырт. Бирин-серин гана караандар көзгө урунбаса, бейчеки жан көрүнбөйт. Анан бош тургуча деп "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин жетекчиси Гүлнар Турсунбекованы кепке тартып, учурдагы музейдин ал-абалын сурадык:

- Музей 2000-жылы ачылган. Ошондон бери капиталдык ремонт боло элек. Акырындап сыны кете баштады. Негизи Кыргызстанда бери жагы 20 миңден ашуун адам репрессия болгон. Ал эми бул жерде 137 гана кишинин сөөгү жатат. Башкалардын тууган-уругу келип, биздин аталарды эмнеге жазбайсыңар деп нааразы болушат. Алар үчүн дагы бир кошумча имарат курулса жакшы болмок. Бул жер эми мазар да. Айрымдар ушуну туура түшүнбөй жатат. “Ата-Бейит” деген жазуунун жанында дөң бар. Жергиликтүү тургундар ал жерден муз тебишет. Эки ай мурда жазуунун бир тамгасын сындырып кетишиптир. Ким кылганын таппай калдык.

Гүлнар Турсунбекова менен сүйлөшүп турган кезде 6-7 кыз-жигит келип калды. Сураштырсак, медициналык академиянын студенттери экен. Аларды ээрчитип келген агайы Болот Молдобаев буларды айтты:

- Жыл сайын студенттер менен келип турам. Жаштар өткөндү билсин, андан сабак алсын дейбиз. Догдур - бул жакшы адис эле эмес, жакшы инсан да болушу керек.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев ж.б. кыргыз интеллигенциясынын анабашылары болгон. Айрым тарыхчылар эгер ошол инсандар тирүү болгондо азыр таптакыр башка коомдо жашамакпыз дешет.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG