Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Кыргызстандын тоо-кен тармагында буга чейин олуттуу каталар кетирилген. Ошол каталарды талкуулап отура бергенден майнап жок. Эми жаңы инвесторлорду тартуу үчүн таза, жаңы жана ачык-айкын система түзүү керек.

Мындай пикирин Кен казып алуу тармагындагы ачыктык демилгеси эл аралык уюмунун башкаруучу кеңешинин төрайымы, Британиянын экс-министри Клэр Шорт “Азаттык” радиосуна берген маегинде билдирди.

“Азаттык”: Кыргызстандын тоо-кен тармагын иштетүүдөгү азыркы эң чоң тоскоолдуктар деп эмнелерди атайт элеңиз?

Шорт: Кыргызстанда, башка көп өлкөлөрдөй эле тоо-кен тармагын өнүктүрүп, аны элдин жашоосун жакшыртууга иштетууго мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул жерде аябай көп акча, лицензия берүү маселелерине байланыштуу коррупциялык иштер, экономикага зыян келтирчү, тескери багыттагы өнүгүү өңдүү көрүнүштөр оңой эле жол таап кетет экен. Мындай иштер Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн тарыхында болуп келди. Биздин уюм – тоо-кен тармагын иштетүүдө, лицензияларды берүүдө, келишим түзүү, чет элдик компаниялар төлөгөн акча, таза киреше, өкмөткө канча каражат төлөнүп, ал кайда сарпталып атканы – айтор бардык иштер ачык-айкын жүргүзүлүшүн колдойт. Кыргызстанда баарыбыз билгендей, эгемендиктин алгачкы жылдары аябай чоң каталар кетирилген. Азыркы башкы милдет – ошол каталардан сабак алуу, аларды келечекте болтурбоо. Жаратылыш кендерин иштетпейбиз деп отура берген туура эмес. Ал табигый кендер мамлекеттин өнүгүүсүнө, эл турмушунун жакшыруусуна кызмат кылышы керек. 2010-жылдан бери кыргыз өкмөтү бир топ аракеттерди жасады. Азыр эми ошол жаратылыш кендери табылган аймакта жашаган элге ар тараптуу маалымат жеткирип, экологиялык, экономикалык коопсуздук жагынан кандай иштер жасалып жатканын түшүндүрүп, жаратылыш байлыктарын жалпы мамлекеттин пайдасына иштетүүнү колго алуу керек.

“Азаттык”: Кыргызстандын азыркы жана мурдагы бийликтери Кумтөр алтын кени боюнча келишимге кол коюлуп жатканда өкмөттүн андай тажрыйбасы жок эле. Ошондуктан өлкөнүн кызыкчылыгы тийиштүү корголбой калган деп актанып келатышат. Сиздин пикириңиз кандай, өкмөттөгүлөр азыр эми андай келишимдерди кол коюуга талап кылынчу тажрыйба, билим топтой алыштыбы?

Шорт: Мен түшүнгөндөй, аябай чоң каталар кетирилген. Коррупциялык иштер болгону айкын. Андай иштердин айынан элдин баары кыжырданып, Кумтөр маселеси маалымат каражаттарында, парламентте, бейөкмөт уюмдарда башкы темага айланып кеткен. Мындан ары ар бир түзүлүп жаткан жаңы келишим тууралуу ачык маалымат айтылып, канча акча кайда кетери, каражат кайда жумшаларын ар бир жаран билиши керек. Лицензия берүү, келишим түзүү жең ичинен жашыруун жүргүзүлбөй, эрежелер, шарттар ачык-айкын жазылып айтылса, келечекте Кумтөрдөгүдөй ката кетирилбейт деп ишенээр элем.

“Азаттык”: Мурунку кыргыз бийликтери кен иштетүүгө берген айрым лицензияларды кийинки өкмөт жокко чыгарган учурлар болду. Кээ бир андай окуялар боюнча азыр Кыргызстан чет элдик соттордо иши каралып, олуттуу айыппул мойнуна тагылып калышы мүмкүн болуп отурат. Чет элдик соттордо өз кызыкчылыгын коргоо жагынан расмий Бишкек сиздерден жардам ала алабы?

Шорт: Менимче, мурдагы иштерден бир топ эле сабак алынды окшойт. Лицензия кандай учурда берилет, ал кандай катталат, ар бир төлөнгөн акча, келишим түзүүгө катышкан ар бир адам документтерде туура катталып, жашыруун соодалашуу, аты ачык айтылбаган ортомчу адамдар болбошу керек. Кыргызстандагы бир кооптуу көрүнүш – өткөндө кетирилген каталар, кемчиликтер тууралуу баары эле талашып-талкуулашат экен. Бирок бул талкуулар бири-бирине байланышы жок, чаржайыт эле кетип бараткандай. Лицензия берип, аны көзөмөлдөө жагынан жаңы, таза система түзгөндүн ордуна талашып отура бергенден пайда жок. Жаңы компаниялар келсе, аларга кандай система боюнча талаптар коюлат, кандай жаңы шарттар иштелип чыкты? Алар ачык-айкынбы, эрежелер эл аралык нормаларга төп келеби – азыр ушулар баарынан маанилүү. Антпесе жаңы беделдүү компаниялар да келбейт, алар эреже-шарттар ачык-айкын болгон жерде гана иштегиси келет.

“Азаттык”: Кумтөргө кайтып келсек, кээ бир мекендештер өлкөдөгө эң чоң алтын кенинин үчтөн бир акциялары гана Кыргызстандын колунда, калган 70 пайызына жакыны канадалык “Центерра” компаниясында экени адилетсиз деген пикирде. Сиздин оюңузча, жаратылыш кенин иштетүүдө 33-67 деген катыш адилеттүү болушу мүмкүнбү?

Шорт: Мындай учурда жөн гана сандар катышын адилеттүү, же адилетсиз деп айтуу кыйын. Инвестицияга салынган каражат тууралуу сөз болуп жатпайбы. Башка өлкөлөрдө ушуга окшогон алтын кендери кандай иштетилип жатканын, башка чет элдик жоопкерчиликтүү компаниялар кандай келишим түзүп, кандай иштеп жатканын изилдеп чыгуу зарыл. Австралия, Канада өңдүү өлкөлөрдө жаратылыш кенин өкмөт кандай башкарып, кандай иштетип жатканын, алардын мамлекетке пайдасы канчалык тийип жатканын жакшылап изилдеп чыкса болот. Кыргызстан биздин уюмга кошулганы пайдалуу, анткени биздин уюмга тоо-кен байлыктарын активдүү иштеткен 44 мамлекет мүчө. Алар бири-бири менен ар тараптуу маалымат, тажрыйба алмашууга кызыкдар.

“Азаттык”: Каржалып турган кыргыз экономикасы үчүн тоо-кен байлыктарын иштетүү – маанилүү булактардын бири болмок. Азыр эми өкмөт, чет элдик инвесторлор, жергиликтүү калк ортосунда түшүнбөөчүлүк, тирешүүнүн айынан бул тармакта ойдогудай жылыш болбой жатат. Сиздердин уюм бул жагынан кандай жардам бере алат?

Шорт: Биздин эң башкы максатыбыз – кыргыз өкмөтүн, кызыкдар компанияларды, бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү жашоочуларды чогуу отургузуп, ортодогу маселелерди ачык талкуулап алуу. Ар ким өзүнчө отуруп алып талашып-тартыша бергенден пайда жок. Кыргызстанда жакырчылык биротоло жоюлган жок, жетишсиз турмушта жашагандар аз эмес, алар жардамга муктаж. Жаратылыш берген кен байлыктарын акыл топтоп иштетсе, элди бутуна тургузуп кетсе болот. Азыр деле ушундай талаш-тартыш болуп атканына карабай, кыргыз экономикасына тоо-кен тармагы эң чоң киреше киргизип жатат. Мындан да көбөйтүп, мамлекетти ыкчам өнүгүү жолуна салганга не жетсин. Ал үчүн коррупцияны жоюп, лицензия берүү, келишимдерди түзүү, тапкан кирешени туура бөлүштүрүү иштеринде толук ачык айкындуулук орнотуу гана зарыл. Ар бир төлөнгөн, алынган акча тууралуу коомчулукка толук маалымат берилиши керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG