Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Өспүрүмдү жабыркаткан кыйноо запкысы


Cоңку кезде түрмө, колониялардагы абалга байланыштуу арыздар көбөйүп жатат.
Cоңку кезде түрмө, колониялардагы абалга байланыштуу арыздар көбөйүп жатат.

Жалал-Абадда милициянын кыйноосуна кабылды деген өспүрүмдүн жакындары Башкы прокуратурага кайрылуу үчүн материал чогултуп жатат. Эки жыл мурдагы окуянын кайра козголушуна өспүрүм учурда психикалык жактан жабыркап жатканы себеп болууда.

Интернетте тараган видеотасмада Ала-Бука районунун тургуну Алыбек уулу Стамбек мал уурдоо фактысы боюнча жергиликтүү милиция менен болгон окуясын айтып берүүдө:

- Эмнеге мурда уурдаганбыз деп, эми уурдаган жокпуз деп айтып жатасың?

- Себеби милиция коркуткан, эч кимге айтпа деген. Алар айтып турган, мен жазгам.

- Кайсы милиция?

- Куба деген...

Эки жыл мурда ал 9-класста окуп жүргөн кезинде коңшу Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан айылдын тургунунун 18 уюн бирөөлөр уурдап кетишкен.

Козголгон кылмыш иш боюнча суракка Стамбек да алынып, бир жума бою аны милиция коё бербей койгон. Эгер өспүрүм кылмышка шектелип жатса, анын жанында жакындарынан бирөө болбосо суракка алууга жол берилбейт деген талапка карабастан Стамбектин жанында адвокат же ата-энеси, жакындарынан бирөө да болгон эмес.

Алгач өспүрүм бала малды чогуу уурдадык деп эки айылдашынын атын атап, милицияга ошондой арыз жазып берет. Бирок кийин анысынан танып, милиционерлер кыйнагандыктан алар талап кылгандай көрсөтмө жазып бергенин айтып чыккан. Кыйноо жөнүндө арызданып, акыйкатчы кийлигишип жатып райондук прокуратура кылмыш иш козгогон, бирок кийин кайра жаап койгон.

Мал уурдоо фактысы боюнча соттук териштирүү дагы эле уланууда.

Ал арада Стамбектин жакындары бала кыйноодон кийин психикалык жактан жабыркаганын айтып, учурда прокуратурага кайрылуу үчүн материалдарды чогултууда.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноолор айрыкча ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында, кылмышка шектүү жаран жаңы эле кармалып, көрсөтмө берип жатканда көп болот, бирок аны далилдеш өтө оор.

Жалал-Абаддагы “Справедливость” деп аталган адам укугун коргоо боюнча облустук борбордун кызматкери Аида Темирбекова быйыл жыл башынан бери 12 адамдан арыз түшкөнүн, бирок жетөөнү кайра алып кетишкенин айтат:

- Ич ара сүйлөшүп алып, арызын кайра алып кетишет. Кээ бирлерине коркутуп-үркүтүү, басым болгондуктан да токтотуп коюшат. Ар кандай болот.

Милициянын убактылуу кармоочу жайларындагы, тергөө изоляторлорундагы кыйноолор тууралуу оозеки көп айтылып, укук коргоочулардын отчетторунда байма-бай жазылып келатканы менен буга байланыштуу соттолгон же ишинен четтетилген милиция жетекчилери жөнүндө маалымат жокко эсе.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов, мисалы, соңку үч-төрт жылда мындайды укпаганын айтууда:

- Биз бул боюнча позициябызды мурда эле билдиргенбиз. Эгерде кыйноо методдору менен кылмышты моюнуна алдыруу фактылары болсо алар мыйзам чегинде жазаланыш керек. Так сан айта албайм, бирок соңку үч-төрт жылдан бери андайды уга элекмин. Ага чейин бир-эки факт болгон болуш керек. Таптакыр жок деп айта албайм. Себеби айрым учурда ошолордун айрымдары жумуштан айдалып, сот жообуна тартылгандар да болгон.

2014-жылы Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу боюнча атайын улуттук борбор ачылган. Мекеменин уюштуруу иштери бүтпөй келатып, кечээ, 18-июлда гана штаттык курам толук бекитилди.

Бул борбор башка мекемелердин өкүлдөрү менен бирге кайсы гана жабык жай болбосун, эч эскертүүсүз, күнбү-түнбү, кирип барып текшергенге укуктуу. Быйыл, мисалы, жыл башынан бери 500дөн ашуун чыгуу болгонун “Азаттыкка” борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов айтып берди.

Сулаймановдун белгилешинче, аларга арызданып кайрылгандардын саны жылдан жылга өсүүдө:

- Сөзсүз эле кыйноо фактылары көбөйүп жатат деген көрсөткүч эмес. Бул Улуттук борборду эл билим, коомчулукка таанылып болуп, бизге ишеним жогорулап жатат деп ойлойм. Себеби тергөө изоляторунда 3-4, 17 жылдан бери жаткандар да "мурунку иштерибизди текшерип бергиле, прокуратурадан жардам болобу же жокпу" деп кайрылып жатат. Бул бизге ишеним жогорулап жаткандын белгиси.

Нурдин Сулаймановдун айтуусунда, эгер буга чейин жалаң гана милиционерлерден жабыркадык дегендер көп болсо, соңку кезде Жаза аткаруу кызматы жагына, түрмө, колониялардагы абалга байланыштуу арыздар көбөйүп жаткан тенденция бар.

Макалабыздын башында кеп болгон Стамбектин иши кандай чечилет, аны кыйноого алгандар аныкталабы, жазасын алабы-жокпу азырынча эч ким айта албайт. Бирок милиция чоңдорду кандай кыйнаса, кылмышка шектүү өспүрүмдөрдү деле аябайт дейт Сулайманов:

- Чоң кишилерди кандай кыйнайт, ошондой эле, эч айырмасы жок: пакет, электрошокер, противогаз колдонушат. Алардын эң биринчи максаты – ишти ачыш керек...

Кыйноолорду алдын алуу борборунун маалыматына караганда, былтыр аларга 167 арыз түшкөн, ага чейинки жылы 100гө жакын кайрылуу болгон. Арасында зомбулукка кабылгандар менен катар ошол жабык жайдагы шарттын начардыгына арыздангандар да бар.

XS
SM
MD
LG