Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Түрк насыясы кечикти


Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен насыя маселесин талкуулады.

Анын алдында Атамбаев расмий Анкара насыя берүүнү кечеңдетип жатканын, алардан кайрым болбосо, Орусияга кайрыларын ишара кылган.

Түркия Кыргызстанга 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя убада кылган болчу. Кыргыз өкмөтү келелек акчаны алдын ала бөлүштүрүп койгон эле.

Кыргыз-түрк өкмөт өкүлдөрү 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя тууралуу макулдашууга ушул жылдын июнь айында эле кол койгон. Мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, насыя түз бюджетке келип түшпөй, даяр долбоорлорду каржылоого жумшалмак. "Кыргыз өкмөтү ошол долбоорлорду даярдай албай, насыя алалбай жатат", - дейт Жапаров:

- Мындай жеңил, 0,1 пайыз насыяны биз буга чейин ала элек болчубуз. Бирок, тилекке каршы, түз бюджетке албай, Түркиянын “Эксим банкы” аркылуу алабыз деп бир аз шашып, ошондой шарттарына макул болуп койгонбуз. Ошондуктан кыргыз тараптан долбоорлор даяр болбосо керек. Келишимге кол коюлганда тендер жарыялаганбыз. Муну менен Жоомарт Оторбаев иштеп аткан. Биз тендерлерди даярдап, Каржы министрлигинин жумуштарынын баарын аткарып бүткөнбүз. Түрк өкмөтү тарабынан каражат бөлүнүп, акча “Эксим банкта” турат. Биз кыргыздар алалбай, чабал болуп атабыз. Бул өкмөттүн эле күнөөсү.

"Адилет жана өнүгүү" партиясынын 4-конгресси
"Адилет жана өнүгүү" партиясынын 4-конгресси
Жапаровдун баамында, насыяны кыргыз өкмөтү эмки жаздан тарта ала башташы мүмкүн. Бул быйылкы жылдын бюджетине таасир деле этпейт, бирок экономиканын өнүгүүсү кечеңдейт:

- Быйылкы жылдын бюджетин мен туруктуу кылып даярдагам. Жалаң салыктан келгендин баары адегенде маянага, пенсияга жана жөлөк пулга кетет. Ал эми салык эместер жана башка чыгымдарга кетет. Сырт жактан келген акчанын баары өнүгүүгө жумшалат. Тилекке каршы Түркиядан насыя келбей калса, өнүгүүгө акчабыз жок, болгон акчабыз пенсия, пособия менен эле чектелип калат.

Президент Алмазбек Атамбаев 29-сентябрда Анкарада түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен насыя маселесин талкуулады. Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов маселе дале чечилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Атамбаев Түркияга жөнөр алдында жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде, эгер Анкарадан кайрым болбосо, Орусияга кайрыларын ишара кылган болчу.

Ал арада экономист Улук Кыдырбаев насыяларды пайдалануудагы коррупциялык элементтерди жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи:

- Бизде коррупция деген бюджеттик акчадан, андан кийин насыялардан башталат. Биз келечекте бирөөдөн көз карандысыз, эгемендүү болуш үчүн экономикабызды өнүктүргөнгө чоң аракет кылышыбыз керек. Адегенде ишкердикти өнүктүрүшүбүз зарыл.

Серепчи Азамат Акелеев Түркиядан башка айрым эл аралык каржы уюмдардан акча алалбай калышы ыктымалдыгына, ошондуктан мындан ары бюджет саясатын өзгөртүшү керектигине токтолду:

- Түркия гана эмес, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банк тарабынан да 50 миллион доллар берилбей калышы ыктымал. Ошондуктан бул жерде өкмөттүн бир гана жолу бар, бул - социалдык чыгымдарды, бюджетти кыскартуу. Бүгүнкү күндө өкмөттүн жана парламенттин туура эмес иштөө ыкмасын байкап жатабыз. Анткени көзөмөлсүз чыгымдар көбөйүүдө. Акыркы эки жылдын ичинде саясий жол менен кирген чыгымдарга жоопкерчилик жок болуп жатат жана мындай кырдаалдын жакында башка жакка өзгөрүшү күмөн.

Кыргызстан Түркиядан келе турган акча кайда жумшаларын жарыялаган болчу. Агы ылайык, насыя негизинен табигый кырсыктан жабыркаган мектептерди оңдоого, жаңысын курууга, Бишкектеги жолдорду, аймактардагы суу чарба тетиктерди оңдоого, асфальт заводдорду салууга жана айыл чарба долбоорлоруна берилмек.

Борбор Азиядагы Эркин базар институту насыя маанилүү тармактарга, реформаларга жумшалбай турганын белгилеп, бул планды сындап чыккан эле.

XS
SM
MD
LG