Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

Жогорку Кеңеште кыргыз-түрк “Манас” университетинин жетекчилигине байланыштуу масепе көтөрүлдү.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев аталган университеттин буга чейин Кыргызстан тараптан шайланып келген башчысынын бул ирээт Түркия тараптан дайындалышынын мыйзамдуулугун тактоону өкмөт өкүлүнө тапшырды.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жаңы ректору Себахаттин Балжы кадрдык бул орун алмашуу саясаттын эмес, университеттин ички чарбалык гана иши деп айтууда.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, “Манас” университетинин ректору тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жаңы келишими парламент жактыргандан кийин гана күчүнө кириш керек болчу. Ошондуктан парламенттеги өкмөттүн өкүлүнө бир топ суроолор тактоо үчүн берилди:

- Мага университеттен мугалимдер чалып, иштеп жаткан ректор эч себепсиз эле кызматтан кетип, Түркиядан ректор дайындалды деп айтып жатышат. Эгерде бул келишим кол коюлса парламенттен, Жогорку Кеңештен өткөндөн кийин гана күчүнө кириш керек. Биринчиден, бул келишимге ким кол койгон, ал келишим каякта, эмне үчүн мыйзам бузулуп, келишим ратификация боло электе иштер жүрүп кетти? Биз ушул суроолорду өкмөткө бердик. Эртең алар так жообун беришет.

Албетте Кыргызстан кедей мамлекет, бирок ал эгемендүү мамлекет экенин унутпашыбыз керек. Түркия биздин тышкы дүйнөдөгү саясий, экономикалык, маданий өнөктөшүбүз. Бизге жакын мамлекеттердин бири. Бирок биз тышкы саясатта да, агартуу саясатында да улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарыбызды унутпашыбыз керек. Ушул тууралуу сөз болуп жатат.


“Манастын” Түркия тараптан дайындалган жаңы ректору Себахаттин Балжы "Азаттыкка" курган маегинде ректорлукка байланыштуу маселе университеттин ички чарбалык иш деп айтты. Муну саясатташтырып, чоң сөз кылуу эки өлкөнүн боордоштук алака-катышына доо кетириши ыктымал экенин кыйытты:

- Университетибиздин башкаруусунда болгон жаңы өзгөрүүлөрдү эч качан бир өлкөнүн колунан кайсы бир мүмкүнчүлүк алынып, экинчи бир өлкөгө берилиши катары түшүнбөшүбүз керек. Мындай нерсе толугу менен адилетсиздик болуп саналат. Бул биздин 15 жылдык бир туугандык мамилебизге шек келтиргендей болот. Болгону кыргыз-түрк "Манас" университетинин өз ичинде, өз мугалимдер жамааты ичинде жакшы күндөргө дагы ылдам жетүү үчүн кызматтык алмашуу, нөөмөт алмашуусу гана болду. Башка эч нерсе болгон жок.

Университеттин мугалимдери кайсы өлкөдөн келгенибизди эмес, бул университет үчүн эмне кыла аларыбызды ойлонобуз. Университетте милдетин аткарып бүткөндөр иштеген мезгилдеринде мен мындай, тигиндей нерселерди артымда калтырдым, чынчылдык менен кызматымды кылып, ишимди бүтүрдүм деп айтышы керек.


“Манас” университетиндеги мындай өзгөрүүлөр тууралуу келишимге Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын апрель айында Анкарадагы иш сапары маалында кол коюлган болчу.

Билим берүү министринин маалымат катчысы Керез Жукеева кыргыз мыйзамдарына ылайык ректорду премьер-министр дайындай аларын айтты:

- Эки тараптуу кол коюлган. Жаңы Конституцияга байланыштуу ректорлорду дайындоо ишин премьер-министр жүргүзөт. Ошол премьер-министрдин буйругунун негизинде 23-августтагы №408 токтомго ылайык, Сулайман Кайыпов ээлеген кызматынан бошотулган. Эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн окуу жайдын башчылыгына түрк жараны дайындалышы керек экен.

Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, алгач түзүлгөн келишимде эки тараптын милдеттери так көрсөтүлгөн:
Түркия биздин тышкы дүйнөдөгү саясий, экономикалык, маданий өнөктөшүбүз. Бирок биз тышкы саясатта да, агартуу саясатында да улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарыбызды унутпашыбыз керек.

- Биз жер бөлүп, шарт түзүп бермекпиз. Түркия болсо окуу жактан жардам бермек. Келишим боюнча университеттин жетекчиси кыргыз тараптан болмок. Акчаны түрк өкмөтү берип жаткандан кийин, каражатты көзөмөлдөө үчүн биринчи проректору түрк тараптан шайланмак. Бул ушундай принцип менен иштеп жаткан долбоор болчу. Эми муну аягына чыгарбай эле Түркиядан ректор келди. Биз бул жерден Түркияга кичине кошамат кылгандай көрүнүп жатабыз.

Кыргыз-түрк “Манас” университети 1995-жылы ачылган. Окуу жайды толугу менен түрк өкмөтү каржылайт. Учурда 3,5 миңдей улан-кыз бекер билим алат жана алардын дээрлик басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. Уюшуп иштей баштаган 16 жылдан бери университетти кыргыз тараптан шайланган ректор башкарып келген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG