Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

Стамбулда кыргызстандыктар текшерүүгө кабылууда


Стамбул.
Стамбул.

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга шектүү адам борборазиялык болгон деген кабарлардан кийин Түркияда жашап-иштеген кыргызстандыктар текшерүүлөргө кабылып жатканын билдиришүүдө.

Жаңы жыл түнүндө Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна чабуул жасап, 39 кишини өлтүргөн адам табыла элек. Ал кылмышка шектүү борборазиялык экен деген чуулуу имиштер жай тургундарга да кесепетин тийгизди.

Айрыкча таптакыр тиешеси жок кыргызстандык соодагердин сүрөтүнүн дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарап кетиши кыргызстандыктарга, соцтармактарды кеңири колдонгон студенттерге ого бетер ыңгайсыздык жаратууда.

Жаңы жылдагы Стамбулдагы терактта 39 киши каза болгон.
Жаңы жылдагы Стамбулдагы терактта 39 киши каза болгон.

Мармара университетинин магистранты Назгүл Султанова социалдык тармактарда эскертүүлөр пайда боло баштаганын, кооптуу кырдаал түзүлгөнүн айтты:

- Социалдык тармактарда "бүтүк көздүүлөр" бул күндөрү сыртка чыгышы кооптуу деген комментарийлер пайда боло баштады. Алар чыкса түрктөр тарабынан кысымга алынары белгилүү эле. Көп өтпөй эле Стамбулдун Пендик аймагында түркмөн жаранын көчөдө сабап кетишкен. Себебин жаңы жылдагы кол салууга шектүү адамга окшош экен деп билдиришти. Азыр эң көп ошол түрктөр айткан "кылый көздүүлөр" окуяга шектүүнүн тез арада табылышын каалап жатышат. Анткени чынында эле азыр биз кооптуу абалда жашап жаткандайбыз.

Стамбулдун Зейтинбурну аймагы - ар өлкөдөн келген мигранттардын отурукташкан жери. Ошондуктан, полиция бул аймакты көп текшерип жатканын "Кыргыз түрктөрү" коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу билдирди:

- Зейтинбурну негизинен мигранттар көп жашаган жер. Мурунтан бери эле ал жерде кыргыз, казак, өзбек, татар, Балкандан, Европадан көчүп келгендер жашашат. Азыр эми оогандар, сириялыктар, Кытайдан келген уйгурлар да отурукташа баштады. Кыргыздардын он чакты үй-бүлөсү да жашайт. Зейтинбурнудагы байкемдин баласы эртең менен жумушка кетип баратса, полиция анын документин сурап текшериптир. Анткени шектүү кыргыз, өзбек, уйгур деп айтышкандан кийин алардын көп жашаган жери Зейтинбурнуну да көп текшерип калышты.

Күчөтүлгөн текшерүүлөр Түркияда расмий эмес иштеп жүргөн мигранттарга кыйынчылык туудурчудай. Журтташыбыз Азамат Абылгазынын айтымына караганда, полиция көчөлөрдө ортоазиялыктарга түспөлдөштөрдү токтотуп, документтерин тыкыр текшерип жатат:

- Мен өзүм мындай текшерүүлөргө кабылган жокмун, бирок укканым боюнча документтери туура эмес же визасы бүткөндөрдү кармап жатышыптыр. Кыргыздар бүгүн эртең деп визабызды жасабай жүрө бергендиктен убактысы өтүп кетет же туура эмес болуп калат. Аларга бул текшерүүлөр кыйынчылык алып келет.

Стамбулдагы терактка шектүү деп изделип жаткан адам.
Стамбулдагы терактка шектүү деп изделип жаткан адам.

Анткен менен миграция иштери боюнча серепчи Мустафа Барак кыргыз жараны кылмышка шектүү деген маалыматтын виза саясатына кесепети тийбейт деп ишендирди:

- Соттолбогондугу тууралуу документти сурашы мүмкүн. Буга чейин Ички иштер министрлиги өзбек, түркмөн эркектерден талап кылчу бул документти. Эми кыргызстандык эркектерден да сурашы мүмкүн. Муну менен катар өлкөнүн кириш-чыгыштарында өзгөчө ортоазиялык эркектерди текшерүү кылдаттык менен болот.

Стамбул канабайрамына ИМ жоопкерчилик алды

Стамбул канабайрамына ИМ жоопкерчилик алды

Стамбул шаарында түнкү клубга кол салуу жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму алды. Жаңы жыл түнү кол салуудан 39 адам өлүп, ондогондор жарадар болгон. Түрк бийлиги кол салган адамды издөөдө.

Түрк маалымат каражаттары терактка шектүү адам тууралуу текшерилбеген алгачкы кабарды жаңы жылдагы кол салуунун эртеси таратып, ортоазиялыктарга түспөлдөш үч жигиттин сүрөтүн телеканалдарга чыгарышкан. Көп өтпөй сүрөтү жарыяланган үч казак жигити тең кол салууга тиешеси жок экенин далилдешти. Ал эми анын эртеси сабалган түркмөн жараны визасыз Стамбулда жүргөнү тастыкталып өлкөсүнө депортацияланган. Мамлекеттик TRT каналы кыргызстандык Яхъё Машраповду "Рейна" түнкү клубундагы кол салууга шектүү деп, анын паспортун көрсөтүп, кабар тараткан. Ал маалыматты Кыргызстан төгүндөгөндөн кийин ТРТ социалдык тармактардан ал материалдарын өчүрүп чыкты.

Түрк бийлиги Стамбул теракты үчүн “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмду айыптаган. Түркиянын вице-премьер-министри Вейси Кайнак ал уйгур улутундагы адам болуш ыктымалдыгын айтты.

Ал эми акыркы кабарларга караганда, Стамбулдагы кол салууну жасаган адам өзбекстандык да болушу ыктымал. Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, кол салууга шектүү деп саналган адам Абдулгадир Машарипов деп болжолдонууда. Ал "Абу Мухаммед Хорасан" деген каймана ат менен жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кол салуудан соң ал түнкү клубдун ашканасы аркылуу чыгып кеткен. Учурда ал кармала элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG