Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Май ташууга Бабановдун катышы канча?


“Прогресс” фонду Башкы прокуратурага кайрылып, премьер-министр Өмүрбек Бабановдун транзиттик борборго күйүүчү май ташыган World Fuels Services компаниясына катышы бар экенин текшерүүнү талап кылды.

Фонддун төрагасы Адил Турдугуловдун айтымында, өкмөт башчы өз кызматынан пайдаланып, кирешелүү бизнеске көзөмөл кылып жатышы мүмкүн.

Анткен менен аталган жүк ташуу борбордун көзөмөл кеңешинин мүчөлөрү май ташыган ишкананы сынактын негизинде АКШ өкмөтү тандаарын, буга Бабановдун катышы мүмкүн эмес экени да айтылууда.

Учурда транзиттик борборду мамлекеттин үлүшү бар “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” жана World Fuels Services жеке ишканасы май менен камсыз кылып келет.

Өкмөт башчынын World Fuels Services компаниясына кыйыр түрдө болсо да катышы бар деп божомолдоп жаткан “Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдугулов шектенүүсүнүн себебин бир нече жагдай менен байланыштырууда. Турдугуловдун айтымында, алардын алгачкысы болуп, World Fuels Services компаниясынын транзиттик борборго ташып келген авиакеросин Өмүрбек Бабановдун туугандарына таандык мунай сактоочу кампада сакталарын көрсөтсө болот:

- Бабановдун катышуусуз бул жерде жүк ташууга эч мүмкүнчүлүк жок. Себеби алар май сактап жаткан кампаны Бабанов 2008-жылы эле сатып алган. Анан да бир нече жолу атын өзгөртүп, алгач “Мунай мырза базис” болсо, кийин 2011-жылы “Ата Мекен” фракциясы Бабановдун ишмердүүлүгүн текшерген учурда “Атакойл” деп өзгөртүп, азыр болсо World Fuels Services деп атап калган экен. Мунун баары эле жабык түрдө бул иштерди жасайлы деген ойдо аткарылган окшойт.

Муну менен катар Адил Турдугуловдун маалыматында, World Fuels Services компаниясы Гибралтарда оффшордук аймакта катталып, Кыргызстанга май ташыганы үчүн канча салык төлөп жатканы боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбай келет. Мындан улам Турдугулов жогоруда айтылгандар “Манас” аба майданындагы транзиттик борборуна май ташууда мурдатан болуп келген коррупциялык схемалардын уландысы деп санап, анын чын-бышыгына жетүү үчүн прокуратурага кайрылганын билдирүүдө.

Башкы прокуратура мындай кайрылуу түшкөнүн тастыктап, текшерүүнүн жыйынтыгы кийин белгилүү болорун маалымдашты.

Өкмөттүн маалыматы кызматы болсо премьер-министрдин дарегине айтылган дооматтарды комментарийлөө эрте экенин билдирип, прокуратура ишин жыйынтыктаган соң бул боюнча үн катарын белгилешти.

Күмөн жараткан жагдайлар

“Манас” жүк ташуу борборуна май ташуудагы коррупциялык аракеттер тууралуу көп жылдардан бери эле айтылып келет. 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң кыргыз бийликтери борборду күйүүчү май менен жүз пайыз камсыз кылган Mina Corp компаниясын коррупциялык схемаларга жол берип, Бакиев режими менен каржылык байланышта болгон деп айыптап, келишимди үзгөн эле. Бирок бул компания айыптардын баарын четке кагып келет.

“Манас” жүк ташуу борборунун расмий сайтындагы маалыматы боюнча, андан соң бул борборду май менен камсыз кылуу үчүн “Газпром Нефть Аэро Кыргызстан” жана World Fuels Services деген эки ишкана менен келишим түзүлгөн экен. 51 пайызына Орусиянын “Газпром Нефть Аэро” компаниясы жана 49 пайызына Кыргызстан ээлик кылган “Газпром Нефть Аэро Кыргызстан” ишканасы күйүүчү майдан 75 пайыздан ашыгын ташып келсе, калганын World Fuels Services камсыз кылат.

“Манас” жүк ташуу борборунун алдындагы коомдук байкоо кенешинин төрага орун басары Нурбек Элебаевдин бул компанияларды тандоо эрежелери боюнча буларды айтты:

- “Газпром Нефть Аэро Кыргызстан” ишканасы өкмөт тарабынан “Манас” жүк ташуу борборунун май ташуу үчүн сунушталып, келишимдин негизинде тендерсиз эле иштеп жатат. Ал эми World Fuels Services деген компания болсо АКШнын элчилиги жана жүк ташуу борборунун жетекчилиги жарыялаган тендер негизинде бардык эрежелерге ылайык тандалып алынган. Ошондуктан бул жерде кайсы бир адамдын катышы бар дегенге мен ынанбай турам.

Анткен менен Өмүрбек Бабановдун “Манас” жүк ташуу борборуна май ташууга кыйыр болсо да катышы бар деген айыпты өткөн жылдын башында “Ата Мекен” фракциясы койгон. Анда өкмөт башчынын туугандары менен ишкер Валерий Хондун ортосунда мунай сактоочу база талашка түшүп, муну атайын депутаттык комиссия текшерүүгө алган. Мына ушул депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов текшерүү жыйынтыгы эмне менен бүткөнүн мындайча айтып берди:

- Бизге ишкер Хон кайрылып, аны биз текшерүү алганбыз. Ал жерде мунай база Хонго тиешелүү экени, бирок аларды Бабановдун жээни ижарага алып иштетээри белгилүү болгон. Ошону менен бул маселе жабылып калган.

Транзиттик жүк ташуулар борбору Ооганстанда антитеррордук операцияга катышкан учактарды тейлейт. Аны АКШ өкмөтү каржылайт. Кыргызстан тарап бул борборго май ташууга катыша баштаган тартып, салык катары өкмөт өкүлдөрүнүн ырастоосунда, бюджетке жылына 50-60 миллион доллардын тегерегинде каражат түшөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG