Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

АКШ-Борбор Азия: коопсуздукка басым жасаган кызматташтык


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен. Нью-Йорк, сентябрь, 2015-жыл.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен. Нью-Йорк, сентябрь, 2015-жыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри эртеңден баштап Борбор Азиянын беш өлкөсүн кыдырып, эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү турат. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө АКШ - Борбор Азия алака-катышына сереп салып, аймактык талдоочулардын ой-пикирлерин сунуш кылабыз.

Азыркы визит Жон Керринин Борбор Азияга мамлекеттик катчы катары алгачкы иш сапары жана ал президент Барак Обаманын бийлик мөөнөтү аяктардан он беш ай алдыда жасалып жатат.

Обаманын алгачкы мөөнөтүндө Борбор Азияны мамлекеттик катчы катары азыр кайрадан президенттикке аттанып жаткан Хиллари Клинтон кыдырган эле.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында АКШ аймак боюнча стратегиясын кайра караганы маалым болгон.

Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкен апрель айында бул тууралуу Вашингтондон жарыялаган кезде АКШнын алдыда Борбор Азияда “маанилүү үч максаты” барын ачык айткан.

Алар: эки тараптын тең коопсуздугу үчүн үчүн өнөктөштүктү чыңдоо, экономикада тыгызыраак мамиле орнотуу, башкаруу жана адам укуктарын жакшыртууну колдоо.

Анда Вашингтондун Борбор Азияга мамилеси “терроризм жана кыянатчыл экстремизмге каршы глобалдык аракеттерге салым кошуп жаткан Борбор Азиянын коопсуздугу жана стабилдүүлүгү Кошмо Штаттардын да коопсуздугун бекемдейт”, - деген идеяга негизделет деп айтылган.

Ага катар Кошмо Штаттар аймакта мурдагыдай эле эркин басма сөздү жана ачык саясий система өкүм сүрүшүн колдоону улантары да ырасталган.

Коопсуздук чөйрөсүндө буга чейин ооган фактору борбордук орунду ээлесе, эми анын катарында борборазиялыктар да жүздөп жүргөн “Ислам мамлекети” тобу туудурган коркунучтар кошулду.

Жон Керри Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери менен өткөрүүчү эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө Ооганстан менен катар Сириядагы кырдаал, “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүгө байланышкан маселелер да талкууланат деп күтүлүүдө. Вашингтон бул ирет Борбор Азия менен С5+1 деген жаңы диалог форматын сунуш кылып жатат.

Тышкы иштер министрлери деңгээлиндеги жыйын келерки аптада Самарканд шаарында өткөнү турат.

АКШ- Өзбекстан

Өзбекстан Ооганстандагы антитеррордук компаниянын алгачкы жылдары АКШ менен абдан тыгыз кызматташкан. Бирок 2005-жылдагы Анжиян кыргынынан кийин Конгресс санкция киргизгенде Вашингтон менен Ташкенттин мамилеси кескин бузулган.

Алака-катыш бул окуядан үч-төрт жыл өткөндөн кийин гана оңоло баштап, АКШ былтыр Ооганстандан аскерлеринин негизги бөлүгүн чыгарууда, ашыкча техникасын жайгаштырууда Өзбекстан менен тыгыз иш алып барды.

Фархад Талипов – ташкенттик саясат таануучу. Ал “Азаттык” менен маегинде Ташкент менен Вашингтондун президент Барак Обаманын администрациясы учурундагы мамилесин мындайча комментарийледи:

Талипов: Менимче, карым-катнаш нормалдуу жана ишкер нукта кетип жатат. Анткени бул баарын камтыган кызматташтык, өз ичине аймактык коопсуздуктун маселелеринен тартып, илим, билим, маданий чөйрөдөгү алмашууларды, экономикалык кызматташтыкты да камтыйт. Башкача айтканда, бир нече чөйрөдө долбоорлор же кызматташтыктын багыттары бар. Менимче, алардын позитивдүү нукта кетиши АКШ – Өзбекстан алакалары өрчүп жатканын билгизип турат.

“Азаттык”: Ар кандай деңгээлдеги америкалык расмий өкүлдөр Өзбекстанга соңку жылдары дембе-дем каттаганы жашыруун эмес. Сиз Өзбекстан-АКШ алакалары оң нукта кетип жатат дебедиңизби. Анда эмне үчүн президент Ислам Каримов Обама администрациясынын тушунда Вашингтонго иш сапар менен бара элек? Акыркы визитти 2002-жылы Жорж Буштун учурунда жасаган эле да.

Талипов: Мунун себебин түшүндүрүү кыйын. Биз мамлекет башчылардын пландарына, визиттердин тартиби боюнча бүтүм чыгара албайбыз да. Бул менимче, жеңил-желпи маселе эмес. Бирок эки өлкө ортосунда дипломатиялык деңгээлдеги байланыш абдан эле жандуу. Маселен, БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Өзбекстандан тышкы иштер министри барып, америкалык расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтты.

Бул жана АКШнын мамлекеттик катчысынын өзүнүн Өзбекстанга иш сапар менен келиши мамлекет башчылар ортосунда байланыш жоктугуна карабай, карым-катнаштагы жогорку деңгээлдин белгиси.

“Азаттык”: Белгилүү болгондой АКШ жыл башында Борбор Азия боюнча стратегиясын кайра карап, аймактын өлкөлөрү менен мындан аркы кызматташтыкта үч багытка көңүл бурарын жарыялаган эле. Ошол үч багыттын ичинен Өзбекстан менен кызматташтыкта коопсуздук чөйрөсүнө гана басым жасалып жатат деп айтсак болобу?

Талипов: Өзбек-Америка алакаларында аймактык коопсуздук маселесине приоритет берилип жатканы толугу менен түшүнүктүү жана толугу менен жүйөлүү. Анткени, бул күн тартибинде турган эң маанилүү, эң курч маселе. Андыктан, ага приоритет берилгени таң калуу жаратпашы керек. Бирок бул АКШ –Өзбекстан алакасы коопсуздукка эле такалып калды дегенди да туюндурбайт.

“Азаттык”: Адам укуктары маселеси АКШ менен Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн соңку жылдардагы байланыштарында талкууланып жүрөт деп ойлойсузбу?

Талипов: Бул маселе эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн, башка байланыштардын күн тартибинен эч качан алынган эмес. Тигиндей же мындай формада ал дайыма бар. Мамлекеттик катчы Жон Керринин сапары учурунда да талкууланып, көтөрүлсө керек. Башкача айтканда, туруктуу маселе. АКШ менен Өзбекстан ортосунда дипломатиялык мамиле орнотулгандан бери эле сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде дайыма болот.

Адам укуктары демекчи, Журналисттерди коргоо боюнча баш кеңеси Нью-Йоркто жайгашкан комитет АКШ мамкатчысынын Борбор Азияга сапарын утурлай, аны аймактагы өкмөттөрдөн абактагы журналисттерди бошотууну талап кылууга чакырды.

Журналисттерди коргоо комитети тизмесине Өзбекстандан төрт калемгерди киргизген. Алардын ичинен Мухаммад Бекжан менен Юсуф Рузимурадов абакта 1999-жылдан бери отурушат.

АКШ –Тажикстан

Тажикстан менен АКШнын азыркы администрация тушундагы мамилеси тууралуу ой бөлүшүүсүн өтүнүп, дүйшөмбүлүк саясий талдоочу Рашид Гани Абдуллого кайрылдык:

Абдулло: АКШ менен Тажикстандын мамилесибир калыпта эле болуп келген. Маселен, кезинде Кыргызстан менен АКШнын алакасында же мезгил-мезгили менен Өзбекстан-АКШ ортосунда кездешкендей, аймактан алдыга чыгууга умтулуу байкалган эмес. Анткени, Тажикстанда бир чындыкты эрте эле түшүнүшкөн. Биз кеминде үч ири державанын кызыкчылыктары кесилишкен жерде турабыз. Алардын бири биздин эң жакынкы коңшубуз, экинчиси деле көп алыс эмес. Тажикстан алар менен мамиледе такай тең салмакты кармоого, аны чукулунан эле бузуп жибербөөгө умтулуп келди. Жарандык согуштан өтүү менен биздин жетекчилик Америка менен мамилени кармоо керектигин, бирок ал алыс жайгашканы, башка эки ири держава жакын турганын түшүнүү жагынан рационалдуулугун көргөздү. Мындан улам АКШ менен мамилебизде чукулунан көтөрүлүү же төмөндөө болгон жок. Ушул эле нерсе Буштун да, Обаманын да учурунда орун алды.

Өткөн жылдары АКШнын Тажикстан үчүн мааниси анын саясий колдоосунда эле. Америкалык администрациянын кайсыл өкүлү болбосун ал Дүйшөмбүгө келип түшкөндө Вашингтон Тажикстандын көз карандысыздыгын, суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтат. Бул ачык саясий колдоо. Дагы бир жагынан АКШ биздин чек араларды бекемдөөгө каржылык колдоо көргөзүп келди. Алар өз программасына ылайык берген акчага техника сатып алынып, заставалар курулууда. Бирок бул акчалай жардамдардын баарын Кытайдын инвестициялары же эмгек мигранттары которгон акчанын көлөмү менен салыштырууга болбойт. Андыктан, мамилебиз бир калыпта, Тажикстанга керек ченемден ашыкча эмес.

“Азаттык”: Тажикстан үчүн тагдыр чечерлик деп саналган ири гидроэнергетикалык долбоорлордо АКШ Дүйшөмбүгө колдоо көргөздү деп айтсак болобу? Сиздин баамыңыз кандай?

Абдулло: Биздин стратегиялык, гидроэнергетикалык долбоорлорубузду ишке ашырууда чоң мамлекеттердин колдоосу зарыл экени талашсыз. Бирок ал мамлекеттердин бири да буга кызыкдарлыгын анчалык көргөзгөн жок. Анын себеби жөнөкөй эле – Өзбекстандын каршылыгы. Биз эске алып жаткан үч ири держава үчүн Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын ишке ашырууда Өзбекстан маанилүү өлкө. Демек, алар биздин гидроэнергетикалык долбоорлорго карата мамилесин Өзбекстандын турумун эске алуу менен аныкташат. Ушул себептен улам Тажикстандын өзүндө деле акыркы жылдары ашыкча күтүүлөр болгон эмес. Мисалы, бизге ГЭСтер үчүн инвестиция керек да. АКШ өкмөтү бул иш менен алектенбейт. Ал эми жеке компаниялардан кызыгуу жок же алар койгон талаптарды Борбор Азиянын шартында аткаруу дээрлик мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Бирок АКШ өкмөтү Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Тажикстандын электр кубатын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн CASA 1000 деген долбоорду түртүп жатат го?

Абдулло: Он, он беш жылдан бери сөз болуп жатат. Бирок алдыга жылган жок. Рогун ГЭСин, Камбар-Ата ГЭСин, Нарын дарыясындагы ГЭСтер каскадын ишке киргизмейинче, ал долбоордун мааниси жоктой көрүнүп турат.

Анткени, ал долбоордо каралган линия аркылуу Тажикстан менен Кыргызстандын ГЭСтери өндүргөн электр кубатынын ички керектөөдөн артканын гана экспортоо мүмкүн. Бирок азырынча сөз гана жүрүп жатат да. Реалдуу, көзгө көрүнөрлүк жумуш боло элек. Курулушка али көп бар. Курулган күндө деле электр кубаты кайдан алынат? Ал үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын дарыяларындагы жаңы ГЭСтер ишке кириши керек.

ГЭСтердин салынышына болсо биз алдыда айткандай Өзбекстан каршы. Өзбекстан аймакта борбордук орунду ээлегендиктен, Орусия, Кытай, АКШнын кызыкчылыктары ириде Өзбекстанга байлангандыктан, алар Ташкенттин мамилесине көңүл бурушат. Өзбекстандын мамилеси негативдүү болгондуктан CASA жана башка долбоорлор да арабөк абалда турат.

АКШ-Казакстан

Борбор Азиядан Казакстан АКШнын өзөктүк куралды жайылтпоо сындуу глобалдык демилгелерине тартылган өлкө.

Барак Обаманын администрациясы учурунда Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеваны эске албаганда, казак президенти Назарбаев аймактан Обама менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүргөн жалгыз лидер болду.

Назарбаев жана Обама. Нью-Йорк, 29-сентябрь, 2015-жыл.

Назарбаев жана Обама. Нью-Йорк, 29-сентябрь, 2015-жыл.

АКШ-Казакстан алакаларын “Азаттык” менен маегинде саясат таануучу жана мурдагы дипломат Расул Жумалы талдап берет:

АКШ-Кыргызстан

АКШнын аскерий базасы Манастан чыгарылып, 2010—жылкы июнь окуялары боюнча айыпталып, соттолгон укук коргоочуга америкалык тараптын сыйлык беришинен улам чыккан чатактан кийин эки өкмөттүн мамилеси азыркы төмөнкү деңгээлге түшүп турат.

АКШ-Кыргызстан алакаларына “Азаттык” менен маегинде мурдагы тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков сереп салды:

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG