Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кыргызстан Баткенде база курууну каалайт


АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору.
АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору.

Кыргызстан Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборун курууга каражат сурап АКШга кайрылды.

Мындай кайрылууну Роза Отунбаева Вашингтонго жасаган сапары учурунда жасаган. Баткенде машыгуу борборун куруу демилгеси өткөн жылы ушул мезгилде көтөрүлүп, АКШ тарабынан 5.5 млн. доллар убада кылынган эле.

Вашингтондогу сөз

Президент Роза Отунбаева Вашингтонго жасаган сапары учурунда Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу зарылдыгын билдирген:

- Баткенде база куруу күн тартибинде калып жатат. Мен кыргыз-тажик чек арасына санаам өтө тынч эмес. Бул маселе боюнча биз Москва менен да иштешип жатабыз. Бирок АКШдан дагы жардам караштырып жатабыз. Биз Анитеррордук машыгуу борборун курууну каалайбыз. Биздин чек ара кызматы дагы өтө олуттуу жардамга муктаж.

Президент Роза Отунбаева менен АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфоллдун 6-марттагы жолугушуусунда, Макфолл
АКШ тарап коопсуздукка байланыштуу бир катар долбоорлорду жакын арада сунуштаарын билдирген. Ал долбоорлордун арасында Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө бул долбоордун ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен АКШ өткөн жылы эле иш баштап, бирок токтоп калган.

Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги өткөн жылы март айында борборду куруу үчүн 5,5 млн. доллар бөлүнөрүн билдирген.

Орусияга ыктаган серепчилердин каршылыгы

Орусияга ыктаган серепчилер ошол кезде эле Баткенде АКШ тарабынан антитеррордук машыгуу борборунун курулушуна кескин каршы чыгып, бул Орусия жана Кытайга карай сес көрсөтүүдөй болуп калаарын билдирип чыгышкан.

Мындай тынчсызданууларга жооп кылган АКШ антитеррордук машыгуу борборун кыргыз өкмөтүнө куруп берерин, аны толугу менен кыргыз тарап өзү башкарарын айтып чыккан.

Белгилүү талдоочу Валентин Богатырев антитеррордук борборду АКШ кура турган болсо Кыргызстандын бул жактагы өнөктөштөрүндө суроо пайда болушу мүмкүн дейт:

- Баткенде антитеррордук машыгуу борборунун курулушу Кыргызстан үчүн жакшы. Бирок биз жакшы билебиз, антитеррордук борбордо ар кандай багыттагы адистер болот. Алар машыктыруу эле эмес башка иштер менен да алектенет деген күмөндөр болот. Ошондуктан Россия, Кытайда чочулоолор болот. Сөзсүз болот. Анын үстүнө Орусия өзү дагы биздин түштүктө баңгизаттарын ташууга каршы борбор курууга кызыкдар болуп келатат.

Президент аппаратындагы стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Молдалиев америкалыктар Баткенде антитеррордук борбор курушуна орус тарап каршы болбош керек деген пикирин айтып, аны мындайча негиздеди:

- Маселе мындай да, эгерде чек аранын коопсуздугу сакталса орустарга жаман болобу ошондон. Өздөрү айтып жатат Баткенде чек араңарды тоспосоңор наркобизнесиңер каптап кетти, террорчулар келип атат, мунун баары түз Москвага келип атат деп бизди коркутуп атпайбы. Баткенге антитеррордук борбор курулса ал жалаң эле Кыргызстан учүн болбойт. Ал регионалдык борбор болот.

Молдалиев Орусия өзү АКШ менен мамилесин оңдоп жатканын да кошумчалады.

Генерал кылдаттык керек дейт

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин мурунку төрагасы, генерал Рашид Тагаев мындай иштерде абдан кылдаттык керек деген пикирде:

- Мунун артында өтө көп саясат, оюндар бар. Муну жакшы талдап, ойлоп, кыргызда айтылгандай “жети өлчөп бир кесиш керек”. Биз биринчиден чоң-чоң уюмдарга мүчөбүз. ШКУга, ЖККУга киребиз. Булардын көз карашы бөлөкчө деп ойлоймун. Ошон үчүн азыраак зыян алып келе тургандай кылып, “кичинерээк бир бармакты” кесиш керек. Ар түрдүү көз караштар болуп калышы мүмкүн, тирешүүлөр болуп калышы мүмкүн, ар түрдүү оюндар болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн муну акыл-эс менен калчап, макулдашып, анан кийин кылса болот эле деген ойдомун.

Таймаш былтыр эле башталган

Кыргызстандын түштүк жергесинде база куруу боюнча АКШ менен Орусиянын ортосунда таймаш жүрүп жатканы өткөн жылдары белгилүү болгон. Ал расмий маалыматтар менен кийинчерээк тастыкталган. Маселен,
Кыргызстандагы 2009-жылкы президенттик шайлоодон кийин Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев Орусиянын кошумча аскердик контингентин түштүктө жайгаштыруу жана машыгуу борборун куруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Кыргызстан машыгуу борбору Баткенде болушун жактаса, орус тарап инфраструкттурасы даяр Ошто курууну көздөгөн. Мына ушундай карама-каршылыкка байланыштуу ал иш токтоп калган.

АКШ болсо Баткнеде антитеррордук машыгуу борборун курууга өткөн жылы эле 5.5 млн. доллар бөлүүгө даяр болгон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG