Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Кыргызстандык ишкерлер Ооганстанга кийим сатат


АКШ Ооганстандагы аскерий контингент үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды, кийим-кечекти сатып алат. Мындай келишимге 24-январда Бишкектеги кыргыз ишкерлери менен АКШ Борбордук кол башчылыгы ортосунда кол коюлду.

Келишимге ылайык, кыргызстандык KSB Group аттуу ишкана АКШнын Ооганстандагы аскер контингентине күйүүчү май менен иштей турган генератор сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Аталган ишкананын директору Кубан Кожомуратовдун айтымында, АКШнын Коргоо министрлиги өткөргөн тендерге катышып, утуп алган.

- Биздин ишкана генераторлордун керектүү тетиктерин четтен сатып келип, Бишкекте курайт. Өткөн жылы “Кыргыз ишканаларынын порталы” долбоорунун жардамы менен тендерге катышканбыз. Бул портал АКШнын Коргоо министрлигинин керектүү буюмдар үчүн жарыялаган тендер тууралуу бизге кабарлап, жол-жобосун көрсөтүп турду. Натыйжада биздин ишкана АКШ тараптын бардык талаптарына жооп берип, жеңүүчү табылды. Эми марттын аягына чейин жалпы баасы 100 миң доллардан ашык каражатка эсептелген генераторлорду Ооганстанга жеткирип беребиз.

Бир топ жылдан бери АКШ өкмөтү Ооганстандагы аскер контингентинин муктаждыктары үчүн кыргызстандык товарларды сатып алууну сунуштап келген. Бирок кыргызстандык ишканалар америкалык тендерлердин жол-жобосун жакшылап билбей, аны ута алган эмес. Ошондуктан былтыр октябрдан тарта АКШнын соода палатасынын колдоосу менен кыргызстандык ишканалар үчүн долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун эксперти Акылбек Жолдошев буларды билдирди:

- АКШ Ооганстандагы аскерлерин камсыз кылуу үчүн тендерлерди өткөрүп жүрөт. Ага биздин ишканаларды чакырат. Мына ушул АКШ заказчылары менен кыргыз ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн долбоор ишке ашырылып жатат. Ага ылайык, АКШ керек болгон товарлар жөнүндө, тендердин жол-жобосу кыргызстандык ишкерлерге маалымат берип турабыз. Ошол эле учурда Кыргызстанда дал ушундай ишканалар бар деп америкалыктарга маалымат берилет.

Жолдошевдин айтымында, учурда кыргызстандык 120га жакын ишкана АКШ өткөргөн тендерге катышууда. АКШ тараптын да Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатып алууга кызыгуусу күч:

- АКШ биздин ишканаларды дараметин өтө жогору деп баалап жатышат. Алар негизинен Кыргызстандагы курулуш материалдары, керебет баштаган эмеректерге, кийим-кечени сатып алууга кызыкдар болуп жатат. Маселен, Караколдо бир тигүүчү цех Орусиянын ыкчам бөлүктөрүнө форма тигет экен. Ошол цех Ооганстандагы аскерлер үчүн кийим тигүүгө белсенип жатат.

АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлү, майор Том Гоерлингдин “Азаттыкка” билдиришинче, АКШ өкмөтү Ооганстандагы аскер контингентти камсыздоодо Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүгө кызыкдар:

- Биз Борбор Азия, анын ичинде кыргызстандык ишкерлер менен абдан тыгыз иштешүүгө абдан кызыкдарбыз. Маселен, бул өлкөлөрдөгү ишканаларга былтыр октябрдан тарта 20 түрлүү товар үчүн тендерге катышууга мүмкүнчүлүк бергенбиз. Эми февралдан тарта муну эки эсеге көбөйтсөк деген план бар. Муну менен Кыргызстандык ишканалардын тендерге көбүрөөк катышып, андан утууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Ошону менен катар Том Гоерлинг 2014-жылы “Манас” аба майданынан АКШнын жүк ташуу борбору чыгарылган күндө да мындай экономикалык карым-катнаш улана берээрин кошумчалады:

- 2014-жылы “Манастагы” жүк ташуу борбору чыгарылса деле кыргызстандык ишканалардын товарларын сатып ала беребиз.

Бул келишим кыргызстандык бизнес үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылып жатканын кабарлайт. Мындай пикирди айткан Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Өскөнбаева бул мүмкүнчүлүктү арттырууга мамлекет да өз көмөгүн көрсөтүшү зарыл экенин белгилейт:

- Биздин ишкерлер канчалык тендерлерге катышып, сырткы базарга чыгуу аракетин көрсө да алардын алы чектелүү болуп жатат. Ошондуктан мамлекет узак мөөнөткө жана пайызы төмөн насыяларды берип ишкерлерди колдоого алса, мындай мүмкүнчүлүктөн колдонуп калат элек.

АКШ Ооганстандагы коалициялык күчтөрү үчүн оболу Кыргызстандан азык-түлүк сатып алууга ынтызар болгон эле. Бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк америкалык стандарттарга жооп бербегени үчүн бул долбоор токтоп калган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG