Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Обама курал маселесин кабыргасынан койду


АКШ президенти саммиттин алдында Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы демилитаризацияланган аймактын босогосунда жайгашкан америкалык аскерий базада да болду.
АКШ президенти саммиттин алдында Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы демилитаризацияланган аймактын босогосунда жайгашкан америкалык аскерий базада да болду.

Түштүк Кореянын борбору Сеулда өзөктүк коопсуздук боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Ага элүүдөн ашуун мамлекеттин лидерлери жыйналды.

Саммиттин башкы темасы - өзөктүк куралдын террорчулар колуна түшүп калуу тобокелчилигин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.

Саммитке келген АКШ президенти Барак Обама Сеулдан өзөктүк программалары талаш жараткан Иранга жана Түндүк Кореяга жаңы эскертүүлөрдү жасады. Ага катар АКШ менен Орусия өзөктүк куралдарынын санын келечекте да кыскарта аларына ишеним билдирди. Өзөктүк дүрмөттөрүнүн саны жагынан дүйнөдө АКШ менен Орусия эң алдыда деп эсептелинет.

Эки тарап 2010-жылы өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча маанилүү келишимге жетишкен.

Эми Барак Обаманын айтымында, ал Орусиянын шайланган президенти Владимир Путин менен май айында күтүлүп жаткан жолугушуусунда эки өлкөнүн колундагы стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрдү эле эмес, тактикалык куралдарды жана кампада турган өзөктүк дүрмөттөрдү кыскартуу маселесин көтөрөт:

- Алдыга жылганда, биз Орусия менен буга чейин барбаган кадам, биздин стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрүбүздү эле эмес, тактикалык куралдарыбызды жана резервдеги өзөктүк дүрмөттөрдү кыскартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөйбүз. Мен бул маселени президент Путин менен майда жолукканда талкуулоону чыдамсыздык менен күтүп жатам. Ракетадан коргонуу маселеси да күн тартибинде болот. Бирок мен бул тирешүүчү эмес, кызматташуучу чөйрө болуусу абзел деп эсептейм.

Сеулдагы саммит өзөктүк куралдын террорчулар колуна түшүп калуу тобокелчилигин азайтуу боюнча глобалдык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Өзөктүк коопсуздук боюнча саммит ушуну менен экинчи ирет өтүп жатат. Биринчиси 2010-жылдын апрелинде Вашингтондо болгон.

Азыркы саммиттин конок ээси – Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жыйындын алкагындагы сүйлөшүүлөрдө Түндүк Корея менен Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча тирешүү да талкууланат.

Түндүк Корея келерки айда узак аралыкка багытталган ракетасын учурууну мерчемдеп жатканын эске алган АКШ президенти саммитти утурлай сүйлөгөн сөзүндө Пхеньян коркутуу жана чагым аркылуу эч нерсеге жете албасын эскертти:

- Билип койгула, чагымчылык үчүн эч кандай сыйлык болбойт. Бул күндөр бүттү. Мен Пхеньяндагы лидерлерге "бул силер тандай турган, силер кабыл ала турган чечим" деп жатам. Биз бүгүн Пхеньян каармандыгын көрсөтүү менен тынчтыкка умтулуп, Түндүк Кореянын элине жакшы турмуш тартуулоосу керектигин айтуудабыз.

Барак Обама ошондой эле Түндүк Кореянын ракета учуруусу Вашинггтондун Пхеньянга азык-түлүк жардамын көрсөтүүсү боюнча макулдашууну бузушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Өткөн айда Түндүк Корея АКШнын азык-түлүк жардамын алууга, мунун ордуна узак аралыкка учуучу ракеталарын жана өзөктүк сыноолорду токтотууга көнгөн эле. Түндүк Корея узак аралыкка учуучу ракетасы менен келерки айда Орбитага спутнигин гана чыгарарын айтууда.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, Барак Обама жана Кытайдын президенти Ху Цзинтао Сеулдагы жолугушуусунда Түндүк Корея тараптан болуучу чагымга жооп чараларын координациялоону макулдашты. Бээжин Пхеньяндын таасир көрсөтө алуучу өнөгү катары саналат.

Ирандын лидери Махмуд Ахмединежад уран байытуучу фабрикада, 12-февраль, 2012-жыл
Ирандын лидери Махмуд Ахмединежад уран байытуучу фабрикада, 12-февраль, 2012-жыл
Ал эми Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу тирешке кайрылып, АКШ президенти бул талашты дипломатиялык жол менен чечүү үчүн убакыт бүтүп бара жатканын эскертип өттү. Бирок дипломатия ийгилик таппай калса, эмне болорун айткан жок. Буга чейин белгилүүсү - АКШ жана Израил Иранга аскерий чара колдонулуш ыктымалдуулугун четке кага элек:

- Талашты дипломатиялык жол менен чечүүгө убакыт бар. Мен ар убак бул маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө артыкчылык берем. Бирок убакыт аз. Ирандын лидерлери, алар да тандоо алдында турганын түшүнүүсү керек. Иран учурдун талаптарына олуттуу мамиле буруп, ыкчамдык менен аракеттенүүсү керек. Иран өз милдеттемелерин аткаруусу абзел. Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине ылайык, Ирандын өзөктүк кубатка ээ болууга укугу бар. Чын-чынында эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ Иранга өзөктүк кубатты тынч багытта өнүктүрүүсү үчүн өз жардамын кайра-кайра сунуш кылды. Бирок Иран улам-улам четке кагып, тескерисинче жээрүүнүн, алдамчылыктын, калптын жолуна түшүп алды.

Иран өз тарабынан ал өзөктүк курал жасоону көздөп жатат деген ырастоолорду жана шек саноолорду четке кагып келет.

Сеулдагы саммитти утурлай Барак Обама казак президенти Нурсултан Назарбаев менен да кездешти жана Казакстан менен Украинаны өзөктүк материалдарын коопсуз жерге өткөрүп бергени үчүн мактады.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Украинадан жогору байытылган урандын акыркы топтому Орусияга Вашингтон менен Москва көзөмөлдөгөн программага ылайык өткөрүлүп берилди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG