Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

40 жылда адамзатын эмне күтөт?


Алдыдагы кырк жылда дүйнөдө климат өзгөрөт, экономикалык өсүш жайлайт, жакырлардын саны азайбайт.

Мындай божомол адамзат болочокто кабылуучу көйгөйлөрдү анализдөө менен алектенген эл аралык уюм - Рим клубунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылган. Уюмдун авторлору адамзат алыскы келечекти ойлосо, ашыкча керектөө жана бүгүнкү күн менен жашоо жолоюнан арылышы керек деп эсептешет.

Кыргыздар "элүү жылда эл жаңы" дегени менен Рим клубунун талдоочулары өз божомолдорун кырк жылдык чек менен алышкан. Эл аралык коомчулукка ушул шаршемби күнү Нидерландиянын Роттердам шаарынан жарыяланган доклад дүйнөнүн 2012-жылдан 2052-жылга чейинки абалына сары эсеп салат.

Анын негизги тыянактарынын бири, баяндаманын башкы автору норвегиялык профессор Йорген Рандерстин (Jorgen Randers) айтымында, бул мезгил аралыгында дүйнөдө калк саны күтүлгөндөн аз көбөйөт, адамзат экономиканы мүмкүн болушунча тез өстүрүүгө умтулганы менен ал солгун кетет:

- Дүйнөнүн калкы 8 миллиардга 2040-жылдардын тегерегинде жетет. Бул көптөр ойлогондон кыйла ылдыйкы деңгээл. Мунун себеби шаар жерлеринде бай да, кедей да дүйнөдө төрөт көрсөткүчүнүн тездик менен төмөндөшү, үй-бүлөлөрдүн кичирейиши.

Улуттук дүң өндүрүштүн өсүшү уланат, бирок кайра эле көптөр ойлогондон жай өсөт. Мунун себеби, биринчиден, экономикалык ишмердиктин кызмат көрсөтүү жана тейлөө секторунун көбүндө эмгек өндүрүмдүүлүгүн өстүрүү татаалдыгында. Ошондой эле бай өлкөлөрдө экономика тез өсө албайт. Экинчиден, биз жакыр өлкөлөрдүн көбүндө экономика секирип жасап жиберерине күбө болбойбуз. Балким муну өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жасайт, бирок башкалары эмес.


Рим клубунун авторлорунун болжолунда, азыр глобалдык экономикада үстөмдүк кылгандар, өзгөчө АКШ стагнацияга кабылып, бара-бара экинчи орунга түшөт. Бул аралыкта Кытай планетанын кыймылдаткыч күчүнө айланат. Орусия, Бразилия, Индия, Түштүк Америка өңдүү өнүгүп келе жаткан он өлкөдө жылыш болот.

Анткен менен профессор Йорген Рандерс белгилегендей, 2052-жылы деле дүйнөдө жакырлардын саны 3 миллиард бойдон кала берет.

- Суу, азык-түлүк, отун жетиштүү өлчөмдө болот. Дүйнө сатып алууга кудурети жеткендер үчүн керектөөсүнөн ашыкча азык-түлүк өндүрүүгө жөндөмдүү. Бирок төлөй албагандар үчүн өндүрө албайт. Андыктан дүйнөнүн калган бөлүгү жеңил эле өндүргөнү менен сатып алалбагандыктан жакырлар жакыр эле эмес, ачка бойдон да калат.

Калк саны жана экономика көпчүлүк күткөндөн жай өскөнү менен абага булганыч газдардын бөлүнүшү улана берип, талдоочулардын болжолунда,
2052-жылга карата глобалдык температура 2 градуска жылыйт.

Рим клубу адамзат болочокто кабылуучу көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн дүйнө өкмөттөрүнүн узак мөөнөттүү ой жүгүртө албаганына жана эркин базар системасы баарына пайда алып келет деген ишенимге байланыштырат. Баяндама автору Йорген Рандерс:

- Мунун баарынын тамыры адамдын бүгүнкү күн менен жашаганында. Капитализм менен демократия чечим кабыл алууда абдан кыска мөөнөт бергени факт. Адамдар, мисалы, отуз жылдан кийин пайда алуу үчүн бүгүн курмандыкка баргысы келбейт. Башкаруунун бул эки системасы турган кезде кыска мөөнөттүүлүктөн арылуу мүмкүнбү? Негизинен ооба деп жооп берүүгө болот. Бирок практика жүзүндө бул абдан татаал.

Рим клубу алгачкы баяндамасын мындан 40 илгери “Өсүштүн чектери” деген ат менен чыгарып, анда калк санын өсүүсү менен табигый ресурстардын пайдаланышын иликтеген, дүйнөлүк экономика туруктуу эле өспөстөн олку-солкулуктарга кабылып турарын эскерткен. Бул глобалдык аналитикалык уюм жеке мүчөлөрдүн жана отуздан ашуун улуттук ассоциациялардын башын бириктирет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG