Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Ушул жылдын 19-августунда тарыхта ГКЧП деген ат менен калган Коммунисттик партия доорунун кулаган күнүнө 20 жыл толот.

Тарыхый бурулуштун ошол мезгилинин күбөлөрүнүн бири, ошол күндөрү президент Аскар Акаев менен Москвага чогуу учкан Нарын облусунун акими Кемел Ашыралиев “Азаттыкка” маек курду.

Ашыралиев: Референдум болуп, союз калсын деп бүт Союз республикаларынын президенттерин Москвага чакырган. Акаев, алты облустун губернаторлору, профсоюздун башчысы Эмил Абакиров болуп делегация менен бардык.

1991-жыл
19-августта эртең менен Москвага учтук, “ГКЧП деген чыгыптыр, чоң көңтөрүлүш болуп атат, танктар баарын ээлеп калыптыр” деген сөз болуп калды. Аңгыча болбой радиодон “ошондой комитет түзүлүптүр, анын башында Янаев турат, Горбачев болсо ооруп аткара албай калыптыр, Компартияны калыбына келтиребиз деген сөз болуп атыптыр” дегенде Эмил Абакиров “перестройка дейсиңер, ушуну көрмөксүңөр, булар туура кылып атат” деди. Ошол жерден Акаев эмне деп айтаарын билбей калды. Ал жерде өтө деле эч ким кейип-кепчиген жок. Москвага келгенде МАИ менен коштоп барып, “Москва” мейманканасына киргизди, бүт эле танк тосуп калыптыр.

“Азаттык”: Сиз ошол кезде Нарын облусунун акими болчусуз да?

Ашыралиев: Ооба.

“Азаттык”: Андан кийинки абал кандай болду?

Ашыралиев: Жеңишти куттуктап, биз элчиликке жолугушууга барышыбыз керек болчу. Бирок ошону менен жаттык, эч жакка чыгарбай койду. “Москва” мейманканасынын астында аскерлер жүргөнүн көрөбүз.

“Азаттык”: Акаевди да чыгарган жок?
Эгемендүүлүккө келгенде биздин арабызда отурган чоң кызматкер “эми кудай буйруса Кыргызстан жыргайбыз, 200 грамм жүндөн бир костюм чыгат экен, алтынга оролуп калат экенбиз” деди.

Ашыралиев: Акаев президент, ал да чыккан жок. Акаев бизди чогултабы десек, ал деле өзүнчө эмне кылаарын билбей, бизди чогулткан жок. Эртең менен команда болду, кайра учуп кетебиз деди. Ошол күнү 9-10до кайра Бишкекке учтук. Танктын үстүндө Ельциндер менен күрөшүп атканын биз бул жакка келгенден кийин көрдүк.

“Азаттык”: Бул жакта абал кандай болду? Аманбаев Компартиянын биринчи катчысы, ал Ак үйдүн бир тарабында турду. Акаев ары жагында президент. “Эски шумкарлар Акаевге кирип жылмайып, андан чыгып Аманбаевге кирип ага бир жылмайып атты” деген сөздөр болгон.

Ашыралиев: Биз келгенден кийин Акаев бизди чогултуп, жер-жерлерге баргыла деген тапшырма берди. “Эми Компартияга кирбей калдык, артка жол жок” деди. Анда Горбачев да келе элек, ким ким экени билинбейт. Интригалар башталды, Аманбаев тарапка барып, рамаатылык КГБнын башчысы Жумгалбек Асанкулов Компартияны кайра алып келүүгө дилгир болуп жүрдү.

Минск, 26-февраль, 1991-жыл
“Азаттык”: Ал киши Москванын тапшырмасы менен ойноп атса керек?

Ашыралиев: Ошолор Компартия кулап калгандан кийин ыйлабадыбы. Ошону менен ГКЧП бат эле ары-бери болду, кыскасы Москва кандай жайлады, ошону менен союздук республикалардагы Компартиялары такыр баш көтөрө албай калды.

“Азаттык”: Күчтүү партиянын заматта өчүп, заматта сууп, баш көтөргүс болуп калганына таң калабыз. Эмне үчүн көтөрүлгөн жок?

Ашыралиев: Анткени Компартиянын башында белдүү киши болбой калды. Горбачев өзү СССР Жогорку Кеңешинин сессиясында 6-беренени алып таштабадыбы, эрки жок болуп калды. Ошондон кийин партия бийликтин партиясы эмес, массанын партиясы болуп калды.
Эмил Абакиров “перестройка дейсиңер, ушуну көрмөксүңөр, булар туура кылып атат” деди. Ошол жерден Акаев эмне деп айтаарын билбей калды.

Анын үстүнө адам жаңы нерсени күтүп турат экен, Компартия болбой калды, эми Кыргызстан өзүнчө мамлекет болдук, Компартия союздун арасында кармап жүргөн биздин динибиз, дилибиз өчүп баратат деп масса каалабай калган.

Партиялык кызматтарда жүргөндөр, мисалы Аманбаев, айлык алып аткан секретарлары, кызматкерлери, жер-жерлердеги Обком партиянын кызматкерлери, райкомдор жалпы элди көтөрө албай ошол чөйрө калып калды, эл партияга барбай койду. Анан эгемендүүлүккө келгенден кийин, партия түзгөн экономикалык, идеологиялык потенциалдын баары тарап кеткенден кийин эл “партиянын убагында бекер медицина, бекер окуу бар эле, тартип бар эле, милиция элдин муктаждыгын укчу эле, жумушта иштечү элек, фабрика иштеп атты эле, Кыргызстандын ичинде толуп жаткан мал, дан бар эле, ушунун баарын демократия талкалап салбадыбы” деп кийин 4-5 жыл өткөндөн кийин, Акаев баарын талкалагандан киийн “Компартия жакшы экен” деп баарыбыз эңсеп калбадыкпы.

Москва, 17-декабрь, 1990-жыл
“Азаттык”: Совет өкмөтү жаңыдан түзүлүп аткан кезде, ГУЛАГга тартуу деген болгон, феодалдык доордон, же капиталисттик доордон социализмге өтүү учурунда да канчалык кыйынчылыктар болгон? Ал канча убакытка созулган? Ошонун эле тескерисинче болуп атпайбы.

Ашыралиев: Тарыхый бир коом менен бир коом алмашканда ал дароо калыптанбайт экен, анын арасында сөзсүз кан төгүү, азап-тозогу болот экен, кээ бири ошондон пайдаланып кетет экен. Совет өкмөтү келгенде ар түрдүү структуралар чыккан, бирин-бири көрө албагандар бири-бирин саткан. Жакшы кадрлардын баары кетип, эл сүрүлүп, көпкө чейин коом калыптанбай турган.

“Азаттык”: Калыптанып отуруп өзүнчө доор өттү. Эгемендүүлүк келгенде өз алдынча мамлекет болдук, өзүнчө түтүн булатабыз, жыргайбыз, өз укугубуз өзүбүздө деген жакшынакай кыялдарга берилдик, өзүбүзчө Кыргызстан болсок деген ой-тилек менен мына 20 жыл өттү...
Анда Горбачев да келе элек, ким ким экени билинбейт. Интригалар башталды, Аманбаев тарапка барып, рамаатылык КГБнын башчысы Жумгалбек Асанкулов Компартияны кайра алып келүүгө дилгир болуп жүрдү.

Ашыралиев: Эгемендүүлүккө келгенде биздин арабызда отурган чоң кызматкер “эми кудай буйруса Кыргызстан жыргайбыз, 200 грамм жүндөн бир костюм чыгат экен, алтынга оролуп калат экенбиз” деди. Эгемендүүлүккө жаңыдан келгенде малдын баары, завод, фабрикалар бүт турду.

“Азаттык”: Эгерде ошолор ошол бойдон туруп, ошол бойдон улап кеткенде эмне болот элек?

Ашыралиев: Так кандай болсо ошондой кыла алмак эмеспиз. Бирок муну кадам-кадамы менен жасаш керек эле. Малды элге тараталы, бирок эл сүттөн айрылып калса аябай жаман болот. Ар бир колхоздун ортосунда уй фермалар бар болчу. "Уй фермаларды кармап калалы, техниканы алып калалы, койду да тубарын алып калалы" деп Акаевге айттым. “Жок, сиз реформаны бузуп атасыз” деди.

Мен Нарынды таратпай турдум. Анан “реформа болбой атат, бут тосуп атат” деген сөздөр болду. Андан тышкары Нарынга көмүр келбей калды, кымбат болуп калды, биздин энергия жетпей калды.

Мен электр жылуулукка өтөлү дедим. Жамалбек Түлөбердиевичке рахмат, ал мени колдоп турду, Москвадан Федоров акча бербейт. Мен Чынгышевди сөгүп, “эч нерсе билбейт турбайсыңбы, элдин турмушу кандай болуп атат” деп отуруп Нарынга 120 киловатты алып бардырдым. Эгер ошол барбай калганда Нарынга электр жылуулук өтө алмак эмес.

Кызматта бир жыл, беш жыл иштедиңби, кетээрде сыйын берип кетсең, сыйлоо болот. Азыркылар кызматка келип алып, кетээрин билбей калып атпайбы. Анан кеткенде уят менен кетип калууда. Бийлик деген убактылуу нерсе.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG