Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Соцтармакта "баатыр" болгондор кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош милициясы өзбек чек арачыларын кууп чыгууга үндөгөн тасма боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү баштады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу милиция чагымчылдыкка каршы ишти күчөткөнүн билдирди. 20-мартта чөнтөк телефонго тартылган бир мүнөткө жетпеген тасма соцтармакта тараган. Анда эки жаран кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды президент да, депутаттар да чече албасын айтып, өзбек аскерлерин күч менен кубалап чыгууга жаштарды үндөйт. Алар 200дөй бала машина менен Аксыны көздөй баратканын дагы айтышкан.

Учурда Ноокат райондук милициясы интернет аркылуу жаштарды чек арада күч колдонууга чакырган жаран ким экенин аныктады. Алар аталган райондун Кара-Таш айылынын тургундары болуп чыккан. Кармалган жарандар Ноокаттан Аксыга эмес, Кызыл-Кыя шаарына автоунаа менен бара жатып, тасманы тамаша иретинде тартканын милицияга айтып беришкен. Учурда бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев:

Эми андайларга койгула деш керек. Аны кайра-кайра ырбаткандын кереги эмне? Эл-журтка тынчтык керек. Аны дагы бирөө дүрбөтүп жатат да, мунун арты жакшы эмес.
Мар Байжиев

- Булар өздөрү айткандай, чындап эле оюн катары тартышканбы же артында кандайдыр бир күчтөр турабы, териштирүү жүрүп жатат. Азыр факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши ачылды.

Аксыдагы чек ара окуясы башталганы интернет айдыңында ар кандай маалыматтар жаады.

Мекенчилдик маанайдагы тартылган тасмаларды, жазылган ырларды бурмалап чагымчыл аракеттерге жетелеген билдирүүлөр, кала берсе “чек арада атышуу башталды” деген эски маалымат менен элди дүрбөткөндөр болууда. Мындан улам милиция атайын кызмат менен бирге чагымчылдыкка каршы комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Токтоайым Үмөталиева
Токтоайым Үмөталиева

Социалдык тармактарда аты белгилүүлөр деле ушундай маалыматтар менен бөлүшүп жиберүүгө жетишти. Алардын бири Токтайым Үмөталиева маалыматты тактабай бөлүшүп алганын моюндайт. Бирок Үмөталиева окуя боюнча бийликтин кечигип үн катканы ар кандай ушактардын жайылышына себепчи болууда дейт:

- Ушундай имиш-имиш менен жашабоо үчүн атайын кызмат бар. Окуя бир жумадан бери болуп атат. Өкмөт башчы чыгып чек арадагы абал боюнча айтышы керек. Калайык калк дүрбөбөгүлө, биз коопсуздукту кармайбыз жана жоопкерчиликти өз мойнубузга алабыз, десе эл тынч жатат да.

Анткен менен, кандай болгон күндө дагы мындай кырдаалда отко май чачуунун кажети жок. Кызуу кандуулук менен курулай намыстын артынан чагымга жол бербейли дейт коомдук ишмер Мар Бажиев:

- Эми андайларга койгула деш керек. Аны кайра-кайра ырбаткандын кереги эмне? Эл-журтка тынчтык керек. Жамандыкты унутуп, жакшылыктан үмүт кыла туралы. Аны дагы бирөө дүрбөтүп жатат да, мунун арты жакшы эмес.

Өзбек чек арачылары турган жол. Аксы
Өзбек чек арачылары турган жол. Аксы

Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарын эл арасына бүлүк салган, туура эмес кабар таратуудан оолак болууга, элди сабырдуулукка үндөөдө. Өкмөт башчы Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун маалымдашынча:

- Кыргыз өкмөтү бардык тиешелүү иштерди аткарып жатат. Негизи, чек ара бул эки өлкөгө бирдей маселе болгондуктан муну чечүү бир аз оор болот. Андыктан маселени тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүү керек. Куру кыйкырык, негизсиз дооматтар менен көйгөйдү чече албайбыз. Жарандарды сабырдуу болууга чакырабыз.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондоруна иш сапар менен барды. Сариев чек арадагы абал менен жеринде таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен жолугушууларды өткөрөт.

18-мартта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине өзбек чек арачыларынын кирип алышы Кыргызстандын нааразылыгын жаратты. Азырынча маселе бир жаңсыл чечиле элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG