Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Расмий Бишкек Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы тилкеге аскер техникасын киргизип, Аксы-Ала-Бука жолун бөгөп алганына байланыштуу Ташкенге нааразылык нотасын жөнөттү. 18-мартта Өзбекстан аталган аймакка аскер техникасын киргизген.

Расмий Ташкен кыргыз тарапты такталбаган маалыматты таратуудан алыс болууга чакырып, бул кадамын өзүнө караштуу аймакта чек ара көзөмөлүн күчөтүү чарасы деп гана туюк түшүндүрмө берди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшембиевдин 20-мартта эртең менен "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал өзгөрүүсүз бойдон калууда, бирок туруктуу. Анын айтымында, аталган аймакта эки өлкөнүн экиден БТРи жана 60 чакты аскери турат.

Узаган аптада оппозиция Жалал-Абад менен Аксыда митинг уюштуруп, бийликке бир нече талап койду. Президент Атамбаев Ошто иш сапары менен болуп, оппозицияны сындады. Андан ары мамлекет башчысы Аксы окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу Боспиекке барып, Акаев режиминин тушунда окко учкан алты жаранды эскерүү иш-чарасына катышты.

“Кооптуу коңгуроо”

18-март жума күнү таң заарда Өзбекстан Кыргызстандын Кербен-Ала-Бука жолунун 20-чакырымын бөгөп, аталган тилкеге аскер техникасын киргизген. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча Могол аймагындагы кыргыз-өзбек чек ара сызыгы тактала элек тилкеге Өзбекстан 30-40 чамалуу аскерин, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын алып кирген. Аксынын акими Медет Айдаралиев болсо Өзбекстандын чек арачылары аянты 38 гектарга барабар Чала-Сарт деген талаштуу тилкеге жайгашып алышканын билдирген. Бул жердин эки чакырымга чукул узундуктагы тилкеси аркылуу Кербен - Ала-Бука –Чаткал жолу өтөт. Аксынын акими Медет Айдаралиев Өзбекстан бул жолдун эки жагынан блок-пост коюп, чек арачылары кыргыз жарандарынын паспортун текшерип өткөрүп жатканын 18-мартта эртең менен ырастады:

- Эртең менен мен ал жакка барып, кырдаалды көрдүм. Анда кыргыз жарандарынын паспортторун текшерип өткөрүп жатышат. Жолду тосуп алып, токтоткон жери жок. Милиция башчылары, айыл аймактарынын башчылары элге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бирок бул жер союздун учурунан бери биздин пайдалануубуздагы жер болчу. Анан эми кийин өзбек тарап аны талаштуу тилке деп дайыма ушундай аракеттерге барып келишкен.

Талаш жер аталышынын так эместиги

Ошол эле кезде жергиликтүү тургундар кыргыз бийлиги Өзбекстан блок пост орноткон аймактын аталышы боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтышууда. Анткени Өзбекстан аскер техникасын киргизген тилке чек ара кызматынын билдирүүсүндө Могол аймагы деп кетсе, Аксынын акими Чала-Сарт айылы деп атаган.

- Эки ортодогу келишим боюнча чек ара сызыгы тактала элек аймакка эки тарап тең киргенге акысы жок болчу. Бирок өзбек тарап тилкеге кирип келип, аталган келишимди бузду.

Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын аймагындагы этникалык кыргыздар жашаган бул эки айылдын өзбек чек арачылары бөгөп алган Кыргызстандын Кашка – Суу айыл аймагына караштуу Сары-Булак тилкесине эч кандай тиешеси жоктугун белгилешти. Бөгөлгөн жолго танапташ Аксынын Өлөң-Булак айылынын тургуну Абдишарип Бекилов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Өзбекстандын аскерлери чыгып, тосуп алган жердин аталышы Сары-Булак деп аталат. Ал жерде биздин айылдын тургундарынын айдоо жер үлүштөрү, чөп аянттары жана мал жайыты жайгашкан. Анан эмнеге акимчилик Чала-Cарт айылы деп, ал эми чек ара кызматы Могол айылы деп маалымат таратып жатканына түшүнбөй турам. Башында жол мына ошол эки айыл аркылуу өтчү. Анан өзбек чек арачылары кыйнай бергенден 2003-жылы айланма жол салынган. Сары-Булак деген тилке мына ошол айланма жол өткөн аймак. Сары-Булак эч качан талаштуу тилке болгон эмес. Өзбек чек арачылары бул жолго жакындай алган эмес. Бүгүн мына минтип кирип келип, блок постторду коюп алып отурушат.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 18-март күнү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиевди кабыл алып, чек ара коопсуздугун бекемдөө чаралары тууралуу маалыматын укту. Ошол эле кезде өкмөт башчысы Темир Сариев коргоо кеңешинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чукул жыйынга чогултуп, чек араны бекемдөө чараларын талкуулаган. Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара сызыгы тактала элек тилкелерге куралдуу күчтөрдү жайгаштырбоону макулдашкан болчу. Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев өзбек тарап мына ошол келишимдин шарттарын бузганын айтып, бул жагдайга карата ынанымдуу түшүндүрмө бербей жатканын айтты:

- Эки ортодогу келишим боюнча чек ара сызыгы тактала элек аймакка эки тарап тең киргенге акысы жок болчу. Бирок өзбек тарап тилкеге кирип келип, аталган келишимди бузду. Өзбек тарап эмне үчүн мына ошондой кадамга барганын так түшүндүрбөй жатат. Азыр эми кырдаал көзөмөлдө. Алар блок пост койгон жерге биз дагы орноттук. Ал жакта канча өзбек чек арачысы киргизилсе, бизден дагы ошончо турат. Анан ал жакка аскер техникасы алып барылды.

Аксы тилкесинде эки өлкөнүн күчтөрү турат. 18-марттагы тасма

Салмакка жараша “жүк”

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси Камил Рашидов чакыртылып, ага расмий Ташкенден түшүндүрмө талап кылган нааразылык нотасы тапшырылды. Өзбекстан бөтөн тилкени ээлеп албаганын айтып, болгону Нооруз майрамына карата Кыргызстан менен болгон өзүнүн чек ара тилкесинде көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялады. Ошондой эле Өзбекстан мамилени татаалдаштырбоо үчүн кыргыз тарапты такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

- Бул окуяны мен таза чагым катары кабыл алдым. Мында кыргыз тарапты соодалашууга мажбурлоо үчүн жасалган кадам болушу мүмкүн. Себеби 2013-жылы Үңкүр-Тоону басып алган жагдайда дагы мына ушундай болгон.

Мындан сырткары Өзбекстан ремонт иштерине байланыштуу Кыргызстан менен болгон чек ара өткөрмө бекеттери убактылуу жабылганын билдирген. Ташкендин Бишкекке карата жасаган бул кадамы эмнеге байланыштуу экени азырынча белгисиз. 2013-жылы Өзбекстан Аксыдагы телемунара жайгашкан Үңкүр-Тоону ээлеп алып, кийин аны кайра бошотуп берген. Буга кыргыз чек арачылары Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына Өзбекстан жөнөткөн кошумча күзөтчүлөр тобун киргизбей койгону себеп болгон.

Бул жолу дагы өзбек тарап чек ара сызыгы тактала элек тилкеге аскер техникасын киргизиши кандайдыр бир маселе боюнча соодалашуу үчүн расмий Бишкекке жасалган басым катары каралууда. Кыргыз тарап Өзбекстандын бул кадамын чагым катары кабыл алды. Бул жагдайга байланыштуу учурда Кыргызстан бир катар өткөрмө бекеттерин жапканы менен Өзбекстандын өзүнө жараша чараларды көрө элек.

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов адекваттуу чараларды көрүү аркылуу аталган тилкедеги көзөмөлдү кайра кайтарып алууну сунуштайт:

- Бул окуяны мен таза чагым катары кабыл алдым. Мында кыргыз тарапты соодалашууга мажбурлоо үчүн жасалган кадам болушу мүмкүн. Себеби 2013-жылы Үңкүр-Тоону басып алган жагдайда дагы мына ушундай болгон. Ошондо биз аларга карата адекваттуу чара көргөн соң гана алар артына кайтышкан. Бул жерде эми чоң чыр чыгып кетет деп коркпош керек. Тиш көргөзө турган кезде өздөрүнө жараша жооп берип коюш керек. Анан чек ара күчтөрүн Орусиядан жаңыдан келген курал-жарак менен жабдып, күжүрмөн даярдыкка келтирүү зарыл.

Оппозициянын “мини” митинги кимди чочутту?

Ошондой эле бул жуманын башында оппозиция баш көтөрүп, жазда козголо баштаганын көргөзгөнгө аракет жасады. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга жана саясий кырдаалга нааразы болгон мурдагы губернатор Бектур Асанов баштаган оппозиция өкүлдөрү Жалал-Абадда 14-мартта өзүнүн көптөгөн колдоочуларын топтой албаганы менен бийлик кырдаалдын кескин курчуп кетишинен чочулап турган шекилди. Мына ошондуктан жергиликтүү бийлик антимитинг уюштуруп, оппозицияны элдин тынчтыгын бузгусу келет деп айыптады. Жалал-Абаддагы митингде Бектур Асановго сөз берилген учурда аны уккусу келбеген топ жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракеттенди. Оппозициячыл саясатчы Бектур Асанов муну чагым деп баалап, мындай саясат жасаган бийликке карата дооматын айтты.

Митингдин катышуучусу: - Сиз 2010-жылы Кадыржан Батыровду губернатор болот деп кыйкыргансыз, силердин айыңардан канча адам эмне болду...?

Бектур Асанов: - Милиция бул адамдарды алып кеткиле. Атамбаев башкача башкара албай калды. Ал минтип отурса бүгүн бийликтен кетиши керек. Атамбаев революциянын максатына жеткирбеди.

Оппозициянын Жалал-Абад шаарындагы митинги. 14-март.

Оппозицияга “айдактоо”...?

Байкоочулардын баамында, Жалал-Абаддагы жана Кербендеги оппозициянын митингдерине эки жүздүн айланасында адам катышкан. Буга чейин оппозициялык күчтөр биригип, алдыдагы саясий иш-чараларда биргеликте аракеттенүүнү көздөшкөн болчу. Бирок негедир бул митингдерге оппозициялык маанайдагы башка саясатчылардын жана ири саясий күчтөрдүн аралашканы байкалган жок.

Жалал-Абаддагы оппозициянын митингине көз салган шаар мэри Салайдин Абазов оппозициянын болгон дарамети туурасында мына буларды билдирди:

- Бир жакшы сунуш айта албайт, анан дайым эле президент жаман, ал жаман, бул жаман дегенден чарчашпады булар. Илгерки эле ураандар. Булар эптеп эле жамандап, коркутуп-үркүтүп, кызматка туруш керек. Кызматта болбой калса эле минтип келип, элди бузуп, ар нерсени айтышат. Азыр мына кол көтөргөндө булардын резолюциясын колдоп, болгону 7-8 адам эле кол көтөрдү. Бул эми уят да.

Атамбаев эл алдында сүйлөп жатат. 16-март, Ош

Атамбаев эл алдында сүйлөп жатат. 16-март, Ош

Жалал-Абад менен Аксыдагы оппозициянын стихиялуу уюштурулган митингдеринен кийин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Ош шаарына иш сапар менен барды. Андагы суу кампасынын ачылышында сүйлөгөн президент Атамбаев саясатка көбүрөөк басым жасады. Президенттин 16-марттагы бул иш сапары 24-мартта өтө турган оппозициянын курултайынын алдына туура келди. Ошондуктанбы, мамлекет башчысы элди оппозициянын артынан ээрчибөөгө чакырды. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев азыркы оппозициянын анабашыларын шайтандын кулдары деп атады:

- Бизге ынтымак керек. Өзгөчө Ошто. Эч качан адам башка улут же башка аймак деп бөлбөш керек. Ушул эл бузарларды таш менен уруш керек, ачык айтайын. Кадыржан Батыровдой болобу, башкасы болобу бузукуларды айдап салсаңыздар. Кээ бирлеринин умтулганы жалаң гана бийлик. Аларга кызмат, пара анан өзүнүн курсагы гана керек. Булар үчүн элдин келечеги, Кыргызстандын ынтымагы бир тыйын. Алар шайтандын кулдары.

Анын өзүнүн оппозициядагы мурдагы өнөктөштөрүн эми душман катары таш менен ургула дегени президент айта турган сөз эмес болчу. Президент кемчиликти оппозициядан мурун өзүнүн командасынан издеш керек эле.

Президенттин бул айткандары коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Өзү кезинде оппозицияда жүрүп, анын табиятын ичинен билет деген Атамбаевдин бул сөздөрүн көбү түшүнө албай тургандай. Оппозициянын бийликке каршы туруу аркылуу саясий күрөш жүргүзүүсүн кадимки көрүнүш катары кабыл алуу мурдагы оппозициячы, азыркы мамлекет башчысы үчүн жат көрүнүш болуп калгандай. Анан дагы Атамбаевдин оппозициянын курултайынын жана Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында айткан бул сөзү анын бир жагдайга катуу кабатырланганынан кабар берет дешет талдоочулар. Саясий серепчи Эркин Абдразаков Атамбаевдин айткан сөзүн төмөндөгүчө чечмеледи:

- Президент Ошто улутка бөлбөгүлө, аймакка бөлбөгүлө деп айтты. Азыр Ошто бирөө-жарым улут-улут же жер-жерге бөлүп жаткан жери жок. Анын өзүнүн оппозициядагы мурдагы өнөктөштөрүн эми душман катары таш менен ургула дегени президент айта турган сөз эмес болчу. Президент кемчиликти оппозициядан мурун өзүнүн командасынан издеш керек эле. Анан эми мунун бардыгы 27-мартта өтө турган шайлоонун астында президент Атамбаев келип өзүнүн партиясын күчтөндүргүсү келгени. Анткени шаардык кеңешке өздөрүнүн депутаттарын алып келип, Оштун мэрлигине өздөрүнө караштуу адамды алып келүү аркылуу 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдык жүрүп жатат.

Атамбаев Аксы окуясын эскерген иш-чарада. 17-март, Аксы району

Атамбаев Аксы окуясын эскерген иш-чарада. 17-март, Аксы району

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн түштүгүнө жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында 17-мартта Аксы окуясынын 14 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына катышты. Анда мамлекет башчысы Кыргызстанда акыйкаттыкка карата жол Аксыдан башталганын айтып, Боспиектеги эстеликке гүлчамбар коюп, Акаев режиминин тушунда окко учкан алты жарандын арбагына таазим кылды. Атамбаев эскерүү иш-чарасында Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, намысын ойготкон окуя болгонун айтып, "элди-бөлүп жарууга жол берсек, анда өлкөнүн эркиндиги үчүн көз жумган эр-жигиттердин арбактары кечирбей турганын" эскертти.

Аксыдагы мына ушул эскерүү иш-чарасынан бир күндөн соң, тагыраагы 18-марттын таңында Өзбекстан чек ара сызыгы тактала элек тилкеге аскер техникасын киргизгени Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирүү катары каралууда. Мындай дал келүүчүлүктү күч түзүмдөрүнө жакын булактар кылдат даярдалган жана узак мөөнөткө багытталган атайын операциясы катары мүнөздөшүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG