Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Жаздын келиши менен Кыргызстандын оппозициялык күчтөрү жер-жерлерде саясий акцияларды уюштурушууда. Алар 24-мартта Ошто курултай өткөрүүнү көздөшүүдө.

Ошол эле учурда расмий бийлик митингдерге жолтоо болуп, өткөрбөй коюуга чагымчыл аракеттерин улантып жатат деген сын-пикирлер да арбын. Бийлик менен оппозициянын аракеттери демократияга шайкеш келеби? Эки тарап эмне үчүн бири-бирин укпай жатат? Коюлган талаптар канчалык жөндүү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозиция өкүлү Равшан Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Жанар Акаев катышты.

“Азаттык”: Равшан мырза, демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбей калганда акыркы чара катары митинг, жөө жүрүш ж.б. акцияларды уюштурушат. Акыркы күндөрү өтүп жаткан акциялар сиздер айткандан майнап чыкпаганда бийликти сестентүү үчүн акыркы чара десек болобу?

Равшан Жээнбеков: Туура, биздин азыркы бийлик, тилекке каршы, акыркы эки-үч жылдан бери оппозициянын көз карашын, өздөрү менен макул болбогон саясатчылардын пикирин укпай калды. Ошондуктан биздин аракеттер бийликти сүйлөшүүгө чакыруу же ага басым жасоонун куралы катары эсептесек болот. Эгерде бийлик уга турган болсо оппозиция өкүлдөрү дагы сүйлөшүүлөргө даяр.

Учурдагы мамлекетибизде түзүлгөн оор абал саясатчыларды биригүүгө түрткү берип жатат.

​Бирок мен бир нерсени айтып коюшум керек, бул убакка чейин оппозиция бириге алган жок, өзүбүзгө да сын көз менен караганды үйрөнүшүбүз керек. Оппозиция чаржайыт болду, ар кимдин кызыкчылыгы болду, сатылып кеткендер болду, кайтып келгендер болду. Кемчиликтер болуп келгенин моюнубузга алышыбыз керек.

“Азаттык”: Азыр эми биригип чоң күчкө айландыңыздарбы?

Равшан Жээнбеков: Азыр деле саясатчылар биригип бүтө элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так айтсам, активдүү, системалуу сүйлөшүүлөр болууда. Анткени учурдагы мамлекетибизде түзүлгөн оор абал саясатчыларды биригүүгө түрткү берип жатат.

Бийлик өзү деле жолугууну демилгелеп чыкса болот, оппозиция дагы сүйлөшүүгө чакырса жаман болмок эмес.

Жанар Акаев

“Азаттык”: Жанар мырза, мурдагы кеткен эки бийликтин тең кемчилиги катары оппозиция менен эсептешпей, алар менен бир столго отуруп сүйлөшпөй койгонунан болгону көп айтылат. Анда сабак алып, азыркы бийлик оппозиция менен бетме-бет отуруп, суроолорду талкууласа болот эле, тескерисинче, оппозицияны каралоо эски жоругу күч алууда деген пикирлер арбын, буга сиздин оюңуз кандай?

Жанар Акаев: Менимче, бийлик менен оппозициянын ортосуна түшүп, сүйлөшүүгө келтире турган күчтөр, адамдар жок болуп жатат. Ошол эле мезгилде бийлик өзү деле жолугууну демилгелеп чыкса болот, оппозиция дагы сүйлөшүүгө чакырса жаман болмок эмес.

Парламенттеги оппозиция азыркы учурда чабал болуп жатканда, сырттагы оппозиция өкмөткө сындарды айтып, талаптарды коюп жатканы эң туура маселе.

Эгер өкмөттү сындап турган оппозиция, адамдар болбосо анда бийликтин көзүн май басат. Бийликти басып алуу жолун эңсебей, маселелерди көчөдөбү, тегерек үстөл формасындабы бийликке талаптарды коюп турганын жакшы көрүнүш деп эсептейм.

Оппозициянын ичинде дагы ар кандай көз караштагы адамдар бар. Биз, толук биригип бүтө элекпиз деп жогоруда айттым, биригүү процесси жүрүп жатат.

“Азаттык”: Равшан мырза, оппозициянын негизги талабы эмне? Сиз социалдык, экономикалык маселелерди эле көтөрөбүз, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылбайбыз деп айттыңыз эле. Кечээ Жалал-Абадда мамлекет башчысынын отставкасы жөнүндө талап коюлду. Сиздерде бирдиктүү позициясы жокпу же...

Равшан Жээнбеков: Тилекке каршы, оппозициянын ичинде дагы ар кандай көз караштагы адамдар бар. Биз, толук биригип бүтө элекпиз деп жогоруда айттым, биригүү процесси жүрүп жатат. Кечээ Жалал-Абадда айтылган сөз жеке адамдын, кичинекей топтун көз карашы катары карашыбыз керек.

Оппозициялык маанайдагы саясатчылар сүйлөшүп жатабыз, алдыда Ошто 24-мартта боло турган курултайда социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлөт. Биринчи маселе - кризис жана андан чыгуунун жолдору. Экинчиси - азыркы бийлик алты жылдан бери эмне жасады, ага элдин берген баасы айтылат. Биздин мурдагы оппозицияларга окшоп бийликти басып алалы деген эч оюбуз жок.

“Азаттык”: Жанар мырза, мурдагы бийликтердин учурунда деле оппозицияны каралаган маалыматтар менен шыбап, митингдер менен элди жасалма коркутчу эле, азыр ошондой саясат уланууда. Андан көрө жергиликтүү бийликтер митингчилерге белгилүү аянтты же имаратты бөлүп берип, коопсуздугун камсыздап койсо, дүрбөлөң түшпөйт элек, демократия да болот эле деген кептер көп...

Жанар Акаев: Ошол эле оппозициянын жана бийликтин да кемчилигинен улам саясий маданият болбой жатат. Мына 24-мартта оппозициянын митинги өткөнү жатат.

Жергиликтүү бийлик оппозицияны жумуртка менен ургулай тургандарды даярдабай, ажаан аялдарды чагымчылдыкка пайдаланбай, тескерисинче, аларга автобустарды даярдап берип, микрофонуң мына, бизге айтчу талаптарыңды угалы дешсе, ошондо саясий маданият калыптанмак.

Кечээ Аксыда жергиликтүү бийлик оппозициячыларга каршы митинг уюштуруп, борбордук бийликке кошоматчылыгын, жагынуучулугун улантып жатат, буларды токтотушубуз керек. Мен азыр Ош шаарында жүрөм, жергиликтүү бийликтерге ушуларды ачык айтып жатам.

Мен оппозициянын кемчилигин да айта кетейин. Азыр Ош шаарында 27-мартта болуучу шаардык кеңешке шайлоого даярдыктар болуп жатат, ал шаар мэрин шайлайт. Мына ушул өнөктүккө оппозиция биримдикте бир партия менен активдүү катышса болмок, андай болбоду. Элдин колдоосун алса болмок. Экинчи, оппозиция социалдык төлөмдөр деп жатышпайбы. Өкмөт оппозициянын суроолоруна чейин эле, элден түшкөн талаптардан улам мурдагы чечимдеринен баш тартып, кайра карап жатпайбы.

“Азаттык”: Оппозиция деген расмий бийликке, жалпы журтка мамлекеттин өнүгүүсү боюнча альтернативдүү жол айткан, өзүнчө программасы бар саясий күч, деп айтылат. Сиздерде ошондой документ барбы? Болсо анда кандай багыттар бар?

Равшан Жээнбеков: Мен акыркы он жылдан бери системалуу оппозицияда келатам. Акыркы беш жылда кризиске каршы күрөшүү боюнча программамды иштеп чыгып сунуштагам. Андан кийин мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдырахманов жана мен болуп, Кыргызстанды башкаруунун жаңы моделин иштеп чыгып коомчулукка жарыя кылганбыз. Коомчулукта талкууланып жүрөт. Акыркы күндөрү биз сунуштаган өлкөнү толук парламенттик башкарууга өткөрөлү деген сунушту колдой тургандыгын биздин президентибиз да айтып чыкты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG