Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Чек ара: талаш участокторду тактоо жанданды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу участоктор боюнча сүйлөшүүлөр жанданды. Эки тараптын расмийлери биргелешип, тактала элек 55 тилкени жеринде көрүп, изилдеп чыгышты. Андан кийин тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, атайын протоколго кол коюшканы кабарланып, бирок анын мазмуну тууралуу маалымат таратылган жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тактала элек участоктор боюнча изилдөөлөр жүрүп, эки тараптын өкүлдөрү маселени жеринде жолугуп талкуулаганын алгач Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Министрликтин сайтында жазылгандай, тараптар соңку 15 күндүн ичинде өтө тыгыз иштешкен:

- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 5-14-октябрь күндөрү Анжиян жана Фергана шаарларында жолугушту. Жолугушуу учурунда Өзбекстандын Наманган, Анжиян жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын ортосундагы чек ара тилкесиндеги тактала элек 55 участок жеринен текшерилди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча тараптар протоколго кол коюшту. Жолугушуу достук маанайда өттү.

Бирок аталган талаш участоктор боюнча маселе кайсы жагына чечилгенин өзбек тарап ачык маалымдаган эмес. Кыргыз өкмөтү да азырынча жагдай тууралуу кененирээк кабар тарата элек. Өкмөттүн басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул сүйлөшүүлөр эки айдан берки аракеттердин жемиши экенин ырастады:

- Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык делегациясынын жумушчу топторунун өткөн жумадагы жолугушуусу бул – ушул жылдын сентябрь айынан берки тараптардын үчүнчү жолугушуусу. Жумушчу топ жалпысынан элүүдөн ашык участокторду жеринен карап, көбүнчө талаа иштери менен алек болушту. Биздин адистер кабарлагандай, жолугушуу конструктивдүү маанайда жүрүп жатат.

Жеке булактардан белгилүү болгондой, алгач өзбек тараптын делегациясы Кыргызстанга келип, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынды чек аралаш аймактардагы тактала элек тилкелерди көргөн. Алар менен чогуу жүргөн кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, кийин чек аранын Наманган, Анжиян жана Фергана тарабын кыдырышкан.

Тасмада: Кыргыз-өзбек өкүлдөрү Анжиянда кездешти

Кыргыз-өзбек өкүлдөрү Анжиянда кездешти
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:13 0:00

Өзбек делегациясы менен кошо облустун аймагын кыдырган өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов буларга токтолду:

- Өзбекстан тараптан өкмөттүн өкүлү, Анжиян облусунун губернатору жана башка расмийлери кошо келишти. Алар менен чогуу Аксы, Ноокен, Сузак, Ала-Бука, кыскасы, Өзбекстан менен чектешкен биздин аймактардагы талаш тилкелердин баарын кыдырдык. Талаш жагдайлар боюнча алар да өз ойлорун айтып жатышты, биз дагы маселелерди кабыргасынан койдук. Андан кийин биздин өкмөттөн түзүлгөн жумушчу топ Өзбекстанда он күндөй жүрдү. Ага мен катышпадым, ошол себептүү ал жакта кандай сөз болду, кандай протоколго кол коюлду - кабарым жок. Аны айтууга менин компетенциям да жетишсиз.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, анын 320 чакырымы тактала элек болчу. Бул жалпы 58 участок. Буга чейин ал участоктордун айрымдары боюнча келишүү да болуп, бирок ал келишимдер кайра жокко чыгарылган. Жалпы жонунан тараптар бир пикирге келе элек болчу. Соңку сүйлөшүүдө да маселе кандай чечилгенин боолголоо мүмкүн эмес болуп турат. Эксперт Эркин Абдразаков мындай дейт:

- Негизи чек ара боюнча сүйлөшүүдө муз толугу менен жарылды деп айта албайм. Азыр мамилелер көптөн бери бири-биринин карым-катнашына суусап калган эки элдин таанышуусу же жакындашуусу катары эле жүрүп жатат. Ошол себептүү талаш участоктор маселеси баары бир-эки үч жылсыз чечилбейт. Анткени Ислам Каримов каза болгон менен, азыр сүйлөшүү жүргүзүп жаткандар ошо кишинин эле кадрлары. Алар бүгүн эле дароо өзгөрүп кетерине мен ишенбейм. Ачык картина, менимче, Өзбекстандагы президенттик шайлоодон кийин көрүнөт.

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.

Өзбекстандын чакыруусу менен Кыргызстандан 130 адамдан турган делегация 1-октябрда Анжиянга барган. Жолугушуу учурунда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов чек ара тилкелериндеги талаш участокторду тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада башталат деп кабарлаган. Алар ошондой эле чек ара маселелеринин эртерек чечилишине кызыкдар экенин да айтышкан.

Бирок ошол эле кезде адистер кыргыз бийликтерин Өзбекстандын соңку мамилелерине маашырланбай, жагдайга акыл калчап иш тутууну эскертишүүдө. Эркин Абдыразаков:

- Баткенде, Жалал-Абадда, Ошто Араванга кире бериш жолдо деле мурда Кыргызстанга эле таандык болгон жерлерди Өзбекстан кымгуут мезгилде жөн эле ээлеп алды. Маселен, соңку талаш болуп жаткан Үңкүр-Тоо, же Унгар-Тоого деле мурда Өзбекстан ижара акысын төлөп келген. Эми кантип эле алардыкы болуп калып жатат? Демек ушуга окшогон өз жүйөлөрүбүздү далилдей турган финансылык документтердин баарын таап чыгыш керек. Кыргызстандын жумушчу тобу, так ошол документтердин негизинде шашпай, тыкыр иштеп, баарын тастыкташ керек. Анан өзүбүздүн жерлерди кайра кайтарып алып, Өзбекстандын чек ара зымдарын ары көздөй жылдыруу керек. Ар бир участок боюнча, мурун ким пайдаланып келген, берип койсо ким берген, кайсы аткаминер кол койгон, ошонун баарын элге так, даана айтып туруу да өтө зарыл. Өкмөттүк жабык жыйын деп, бирди айтып, кийин башкача документ чыгып калып жатпайбы. Ошону токтотуш керек. Эми, албетте, Өзбекстан да “биздин жерлерибизди кайтарып берип, муну биз алалы, тигини силер алгыла” деп оңой эле ийге келет деп айта албайм. Бирок биз да өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек.

Соңку мезгилде Өзбекстан чек арадан өтүүнү да жеңилдеткени кабарланды. Дээрлик беш-алты жылдан бери алар жарандарды тажияга гана кое берип келсе, эми тойго да, тууган-уруктардан кабар алууга да уруксат берген.

Кыргыз-өзбек чек арасында жалпы 15 чек ара өтмө бекети бар. 2010-жылы Кыргызстандагы саясий кырдаалдан улам Өзбекстан анын сегизин биротоло жаап салган. Кыргызстан ЕАЭБга киргенден кийин талапка жооп бербейт деп үч пунктту Бишкек бекиткен. Учурда иштеп жаткан төрт өткөрмө бекеттин бири “Достук”, калганы Баткенде жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG