Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Анжияндагы тинтүү Кыргызстанга жол ачуубу?


Анжиян шаарында Кыргызстандан барган делегацияны кабыл алуу, 1.10.2016
Анжиян шаарында Кыргызстандан барган делегацияны кабыл алуу, 1.10.2016

Өзбекстанда атайын топ Анжияндагы айрым үйлөрдү тинтүүдө. Алар экстремизмге шектелгендердин, саясий оппозициядагылардын жана узак убактан бери чет өлкөдө жашагандардын үйлөрүндө болгону айтылат. Муну айрымдар Кыргызстан менен чек аранын ачылып жатышына байланыштырууда.

Өзбекстандын Анжиян облусунда атайын топ текшерүү жүргүзүүдө. Алар экстремизмге шектелгендердин, саясий оппозициядагылардын жана узак убактан бери чет өлкөдө жашагандардын үйлөрүндө болгон.

Текшерүүчүлөр Анжиянга аз күн мурда Ташкенден келишкен.

“Азаттыктын” өзбек кызматына бул боюнча атын атоодон чочулаган бир нече адам кайрылган. Алардын биринин айтымында, облустун Избаскан районундагы тинтүүдө диний-экстремисттик уюмдарга мүчө деп шектелип төрт киши кармалган.

- Кара беткап кийген, автоматчаны экөө, милиционерден экөө, дагы экөө жөн кийимчен. “Дамас” автоунаасы менен жүрүшөт. Эч кандай ордерсиз эле үйлөргө кирип барып, тинтип жатышат. Алар төрт кишини кармаганын так билем, - дейт өзбекстандык киши.

Мындан тышкары, мурда-кийин туугандары экстремизмге шектелген жергиликтүү төрт милиционер ишинен айдалган. Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурахмановдун Избаскан районундагы кайын журтун да текшерип жатышканын кошумчалайт ал.

Анын сөзүнө караганда, аким Абдурахмановдун кайнагасы 2000-жылы экстремизмге айыпталып, соттолгон. Азыр эми башка туугандары суракка алынууда.

Анжияндыктар президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин “десанты” деп атаган топ Жалалкудук районуна да барышканы белгилүү болду.

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев
Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев

2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, учурда Норвегияда жашаган журналист Улугбек Бакиров ошол райондон.

Улугбек Европада өзбек бийлигинин дарегине сын-пикирин такай айтып келет. Жогоруда сүрөттөлгөн адамдар анын энеси жана бир тууганы жашаган үйгө 9-октябрда келишкен:

- Алар прокурордун ордерин көрсөтүшүп, үйдү кыдырып бирдеме издешиптир. Таба алышпай, үй-бүлөлүк альбомдорду аңтарышат. Андан менин жана башка өздөрүн кызыктырган сүрөттү өздөрүнүн фотоаппараттарына тартып алышкан. Анан мени кайда, каерде иштейт, канча акча жөнөтөт, Улукбектин атынан бирөө силерге акча же белек-бечкек берип турабы деп сурашкан. Бир жарым-эки саат отуруп, эч нерсе таба албай кетишкен.

Бирок, келгендеги максатын Улугбектин туугандарына ачыкташкан эмес.

Бул боюнча Анжиян акимиаты менен ички иштер башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Бирок, ташкендик текшерүүчүлөр менен тааныш маалымат булагы тазалоо иштери кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайды мындан да стабилдештирүүгө жана чек ара бекеттерин ачууга байланыштуу дейт:

Бул Мирзиёевдин жеке тапшырмасы. Президенттик шайлоодон кийин Өзбекстан коңшу өлкөлөр менен мамилесин жакшыртары айтылып жатат. Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араларды толук ачат имиш деген сөздөр бар. Ошон үчүн азыр Кыргызстан менен чектеш райондорду коопсуздукка байланыштуу кайрадан текшерүүдө. Диний-экстремисттик маанайдагы адамдарды зыянсыздандыруу, оппозициядагылардын туугандарын коркутуп коюу, көп убакыт четте жүргөндөрдү иликтөө максатын көздөйт, - дейт ал.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Мирзиёевдин чабармандары делгендер Каримовдун көзү тирүүсүндө деле кайсы бир аймактарга капыс барып, комплекстүү текшеришкенин жазат. Аларды өкмөттөгү жогорку даражалуу аткаминер координациялап, отчетун Мирзиёев өзү угуп турганы белгиленет.

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды
Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты.

Мурдагы текшерүүлөрдөн соң айрым облус жетекчилери кызматынан бошотулуп же катуу сөгүш алышкан учурлары болгон.

Акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери Ташкен менен Бишкектин мамилеси сууп кеткен. 2010-жылкы Ош окуяларынан кийин Өзбекстан чек ара бекеттерин жаап, ачык тургандарынан өтүү кескин кыйындаган.

1-октябрда, Ислам Каримов көз жумгандан бир ай өткөн соң, өзбек жетекчилиги кыргызстандык делегацияны Анжиянга чакырган. Тараптар анда экономикалык, маданий байланыштарды калыбына келтирүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Ошондон кийин ачык чек ара бекеттеринен өтүү жеңилдеди.

Өзбекстанга барган кыргыз делегациясы. 1-октябрь
Өзбекстанга барган кыргыз делегациясы. 1-октябрь

Ош облусунун губернатору Таалай Сарыбашевдин "Азаттыкка" билдиришинче, өзбек тарапты октябрдын аягында конокко чакырууга даярдык жүрүүдө.

Ал Өзбекстандагы жогорудагы иштерден кабары жоктугун, ошол эле учурда өзбек тарап чек арага жакын аймактарда рейд жүргүзүүнү кыргыз тараптан өтүнбөгөнүн билдирди.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG