Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

"Достук" чек ара бекетинин ачылышы президенттик шайлоо алдындагы саясий акция эмес дейт Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Анвар Мокеев.

- Кыргыз-өзбек соода-экономикалык алака катыштарына сереп салсаңыз. Соңку кездерде солгундап кетпедиби?

- Буга чейинки макулдашуулардын натыйжасында 26-октябрда “Достук” чек ара бекети ачылып, жарандардын гана эмес, жүк ташуучу жана жеңил унаалардын өтүшүнө да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Албетте бул эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берген иш-чара болду. Түшүм жыйналып бүтүп калган мезгилде эки тараптын ортосунда соода-сатыктын өсүшүнө да абдан чоң таасирин тийгизет деп турабыз. Ошондуктан муну маалымат каражаттарында белгиленгендей, шайлоо алдындагы саясий акция деп эсептөөгө болбойт. Мындай баа берүү туура эмес. Бул эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн жасалып келаткан кадамдардын эң орчундууларынын бири.

"Достук" чек ара бекетинде

"Достук" чек ара бекетинде

Мунун гуманитардык жагы да бар: эки өлкөнүн жарандарынын бири-бири менен катышы, соода-экономикалык мамилелердин жөнгө салынышы, кайрадан жанданышы. Анткени чек ара жабык болсо, соода-сатык жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

- Сиз муну саясий акция катары эсептөө туура эмес деп айтып атасыз. Бирок эксперттер шайлоого чукул Алмазбек Атамбаевдин өзбек премьер-министри Мирзияев менен жолугушуусунда, бир жылдан ашуун жабык турган “Достуктун” шайлоо алдында ачылышында саясий өңүт бар деп айтып жатышат.

- Шайлоо болбосо деле өкмөт башчы болгондон кийин бул маселени чечиш керек эле да. Анан эмне үчүн силер шайлоого такап туруп аласыңар? Муну шайлоо кампаниясы деп эсептебегиле. Ага чейин эле элчилик да, Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул маселе боюнча иштеп келатканбыз.

Мындан ары да кадамдардын кеңейиши үчүн аракеттерди жасай беребиз. Шайлоо болобу, болбойбу - мунун ага эч тиешеси жок. Эксперттердин Бишкекте отуруп алып биздин эмне иш кылып атканыбыздан кабары жок да.

- Биз деле сиз айткандай жакшы эле болушун каалап турабыз. Бирок айрымдар шайлоодон соң жабылып калбайт деп ким кепил боло алат деп айтып жатышпайбы?

- Эмнеге жабылат? Эгерде шайлоодон кийин Ташиев, Мадумаровдун жактоочулары кайрадан чыр чыгарып, жолдорду жаап, колдоруна курал алып, кырдаалды чайкай баштаса, албетте Өзбекстан өзүнүн коопсуздугун сакташ үчүн тийиштүү чараларды көрөт. Ошондуктан биздин эл тынчыса, өлкө тынчыса Өзбекстан эч качан жаппайт. Мен ошону түшүндүрүп кетким келет.

- Демек бул Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуубу?

- Эгер Кыргызстан тынч болсо, өзүбүз ынтымактуу болсок Өзбекстан биз менен соода-сатык кылганга кызыкдар. Кыргызстан – Өзбекстан – Кытай темир жолунун долбоору турат. Булардын ишке ашырылышы да тынчтыкка, стабилдүүлүккө байланыштуу. Албетте экономикалык-каржылык маселелери бар, бирок алар чечилчү маселе. Эң негизгиси - стабилдүүлүк.

- “Достуктун” ачылышы менен Өзбекстандын өзүндөгү ири базарлардын жанданганы байкалды деп айткан экенсиз.

- Базарлардын өтө жанданып кетишине азырынча анчалык таасирин тийгизе элек. Албетте бул базарлардын жанданышына дем берет. Кытайдан түз келбесе да Кыргызстандан товарлар келе баштайт. Базарда арзанырак болот. Муну келечек көрсөтөт, бир-эки айдан кийин гана таасири туурасында айта алабыз.

- Деги эле Өзбекстан менен чек араларды тактоо иштери солгун жүрөт деп айтылат. Качан чечилчүдөй?

- Чек араны тактоо жана чектөө боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия майдан баштап эле иштеп жатат. Бир айда жок дегенде бир жолу Кыргызстан, же Өзбекстан аймагында жыйын болуп атат.

Чек араны тактоо абдан кылдат жана көп убакытты талап кылган маселе. Кийин дагы талаш-тартыштар чыкпаш үчүн ушул комиссия дагы иштейт. Эгер чек ара маселелери биротоло чечилгенде эки өлкө ортосундагы негизги маселе чечилди деп эсептесе болот. Азырынча бул багытта ырааттуу иштер жүрүп жатат.

- Сиз Кыргызстандын Өзбекстандагы өкүлүсүз. Ал жактан кыргыз тектүү өзбек жарандары бул жакка келип окушчу эле. Июнь коогалаңынан кийин алардын абалы кандай болуп атат?

- Кыргызстандын 1230 жараны консулдук каттоодо турат. Алар жарандык милдетин аткарып, шайлоого катышты. Ал эми этникалык кыргыздарга, Өзбекстанда жашаган кыргыз диаспорасына Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар кайсы жогорку окуу жайларга окуу үчүн 20 орун бөлүнгөн экен. Айрыкча мугалимдик кесипке. Алар атайын министрликтин тестирлөөсүнөн өтүп, окуп атышат.

- Кыргызстанга көчүп келүүнү каалаган этникалык кыргыздардын саны көп деп айтылчу эле?

- Бизге андай кайрылуу боло элек. Себеби Өзбекстандагы этникалык кыргыздардын жашоо-турмушу түзүк экен. Мен өз көзүм менен көрүп атам. Өздөрү да келип сүйлөшүп жатышат.

Былтыркы июнь коогалаңында бир дагы этникалык кыргыз жабыркаган эмес. Өзбекстанда толеранттуулук, айкөлдүк да көбүрөөк. Ошондуктан бул жакта жеке кыргыз улутундагылар эмес, башка бардык эле улуттар жакшынакай жашап жатышат. Мисалы, Ташкентте орустар да көп.

- Өзбекстанда жашаган кыргыздардын саны канча?

- Расмий маалыматка караганда 300 миң. Алардын басымдуу көпчүлүгү Анжиян, Фергана жана Маргелан облустарында жашайт. Ташкендин тегерегинде, Чаткал-Тоо этектеринде жана Жизак облусунда бир аз бар.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG