Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:48

Өзбек аке, газ берчи?..


Өзбекстан Тажикстанга эскертпестен эле газдын оозун бууп койду. Ал ортодо Кыргызстанга өзбек газы бирде берилип, бирде токтотулуп жатат.

Бул күндөрү Ташкенде эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок азырынча андан майнап чыга элек. Адистер Өзбекстандын өзүндө газ тартыштыктан жана газдын Казакстан аркылуу Кыргызстанга арзан баада сатылып жатканына нааразы болгондуктан, келишимге кол коюлбай жатат деп эсептешет. Кыргызстан газды толугу менен Өзбекстандан сатып алат жана кээ бир учурда бул саясий курал катары да колдонулуп келген.

Сүйлөшүүдөн азырынча майнап чыга элек

Эгер ошончо эле булар каршы боло берсе, мына күзүндө эле июлдун аягы менен августтун ортосунда беш күн суу бербей койсо, Өзбекстандын пахтасы куурап калат...
Орозбек Дүйшеев
Өзбекстан Тажикстанга кетүүчү газ түтүктөрүн бууп койгондон кийин Кыргызстандагы абал көңүл чордонуна чыгууда. Ал арада «Кыргызгаз» мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Евгений Орленко өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы жакын арада белгилүү болорун "Азаттыкка" кабарлады:

- Өзбекстан менен да, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында булар тууралуу маалымат беребиз. Менимче, ушул жуманын акырында маселе бир жаңсыл болуп калчудай. Азыр Кыргызстанга газ мурдагыдай эле келип жатат. Маселе жок.

Ошентип, 2012-жылга Кыргызстан Өзбекстандан канча газды кандай баада алаары бүдөмүк бойдон. “Кыргызгаздын” маалыматы боюнча, азыр Кыргызстандын түндүгүн Казакстандан келген газ жаап жатат. Өз кезегинде Казакстан бул газды Өзбекстандан алып, кыргыз коңшусуна миң кубун 195 доллардан сатууда.

Кыргызстандын түштүк облустарына болсо Өзбекстандын өзүнөн газ түз келет. Былтыр январь айында Өзбекстан менен келишим түзүлгөндө газдын мин куб метринин баасы 223 доллар деп белгиленсе, жыл аягында 305 долларга жетти. Бул баа өссө өсөт, бирок ылдыйлабайт деген деген божомол бар.

Энергетика боюнча адис Жамалбек Түлөбердиевдин пикиринде, Өзбекстан өз газын казак тарап кыргыздарга арзан баада сатып жатканына ызаланып, газды кымбат сатууну көздөп жаткандай:

- Өзбектердин таарынганы туура эле. Эмне үчүн алардын газын казактар алып, бизге арзан сатат? Өзбектер 190 доллар эмес, 300 доллардан сатат элек, эмне үчүн казактар кыргыздарга арзан сатат деп ичи ооруп жатпайбы. Эми өзбек тарап казактарга кымбат сата баштайт. Андан башка эмне кылат?

Кыргыз бийликтери жумшактык кылуудабы?

Өткөн жыл соңунда «Кыргызгаз» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Өзбекстан газ боюнча сүйлөшүүгө макул болбой жатканын билдиргени бар. Декабрь ичинде бир нече күн бою өзбек газы Кыргызстандын түштүгүнө келбей калган. Ошондо Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстан алсыздыгын көрсөтүп жатканын трибунадан айтып чыгышкан эле.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика багытындагы комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев газ боюнча сүйлөшүүлөрдүн кечеңдешин жетекчиликтин шалаакылыгы менен байланыштырууда:

- Казакстанда да, Өзбекстанда да электр энергиясы жетишсиз болуп жатат. Көп жылдан бери бизге муктаж болбогон Өзбекстандын энерготармагы азыр биздин электр энергиябызды сатып алууда. Анан ушул маселени биргеликте караса болот эле. “Мынча электр энергияны алсаңар, биз газды мынчадан алсак” деген, пландаштырылган жумуш болгон жок.

Ал эми тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев Кыргызстан суу ресурсун каршы аргумент катары колдонсо болмок деп кеңеш берүүдө:


- Эгер ошончо эле булар каршы боло берсе, мына күзүндө эле июлдун аягы менен августтун ортосунда беш күн суу бербей койсо, Өзбекстандын пахтасы куурап калат. Бир убактарда ушундай маселе коюлган. Алар жүгүрүп келишип, келишимге кол коюп, анан ошол маселе чечилген. Демек, биздикилер жатып албай, май, июнь айларынан баштап туруп ушул маселени коюп баштоо керек.

Кыргызстандын көгүлтүр от көйгөйү ар жылы кышка маал кескин көтөрүлүп келет. Былтыр газ боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимге январь айынын башында кол коюлган.

Сентябрь айында казак-кыргыз өкмөттөрү өз ара кеңешип, Казакстан Өзбекстандан алган газынан Кыргызстанга 240 миллион куб метр берүүгө макул болгон. Анын 110 миллион куб метри 2011-жылы берилип бүттү. Калган газ Кыргызстандын түндүгүн 2012-жылдын апрель-май айларына чейин камсыз кылары кабарланган.

Бирок Ташкендин каарынан уламбы, же өздөрүндө тартыш болгондуктанбы, айтор Казакстан газды макулдашылган көлөмдө берери да күмөндүү болуп калды.

XS
SM
MD
LG