Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык күч алды. Жамааттык коопсуздук келишими уюму чет өлкөлүк аскердик базалар боюнча чечим кабыл алды. Жаңы өкмөт куралды.


Узап бараткан жумадагы суук Кыргызстандын энергетикалык тармагы араң жан экенин дагы бир ирет тастыктады. Сууктун айынан электр энергиясын керектөө кескин өсүп, эскирген жабдуулар күчөгөн талаптарды канааттандыра албай, жапырт өчүрүүлөр бардык жерлерде орун алды. Кээ бир жерлерде электр энергиясы жумалап берилбей, адамдар көчөгө чыга баштады.

Чакан шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдө да жылуулук жакшы берилбей жатат. "Беш күндөн бери үйлөр эч жылыбай жатат. Электр жарыгы да өчүп калып жатат. Үч-төрт айлык балдар бар. Алар ооруп калып жатат. Алар эмес чоң кишилер үйдө чыдабай калууда", - деди Кара-Балта шаарынын тургуну Ишенбай Шабданов.


Ким күнөөлүү?

Энергетика тармагындагы негизги маселе жабдуулардын эскириши жана ошого жараша техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелишине байланыштуу экенин адистер белгилеп жатышат. Бирок өкмөт бул тармакты модернизациялоо же кайра жабдуу жагынан эч кандай иш жүргүзгөн жок. Өкмөт түзүлгөн кырдаалга Казакстан жана Өзбекстандагы авариялар күнөөлүү деп чыкты. Энергетика ​министри Аскарбек Шадиев:

​-Акыркы жумада аба-ырайы өзгөрүп, кескин суук болгондуктан, бүгүнкү күнү ушундай проблемалар чыгып жатат. Андан сырткары 20-21-22-декабрда Казакстанда алты системалык авария болду. Мына ошонун да кесепети бизге тийип жатат.


Энергетикалык каатчылыкты Казакстан менен газ боюнча түзүлгөн түшүнүксүз келишим да күчөтүп жатат. Казакстан Кыргызстанга газ берүүнү каалгандай чектегендиктен, калкка газ берүү үзгүлтүккө учурап жатат. Ал эми өнөр жай ишканаларына газ берүү буга чейин эле токтотулган. Маселен, Бишкек жылуулук борбору бир нече жумадан бери кымбат баалуу карамайды жагып жатканы маалым. Ошентип, Казакстан менен жетишилген келишим Кыргызстандын түндүгүн да газ менен ишенимдүү камсыз кылбай жатат. Түштүктө бир жума газ болсо, кийинки жумада токтоп калат. Ал эми келерки жылы газ болор-болбосу белгисиз. Анткени түштүк регионго газ Өзбекстандан түз келет. Ушул күнгө чейин Ташкен менен “Кыргызгаз” орток пикир таба элек.

Энергетика боюнча адис Расул Үмбеталиев тармакта түзүлгөн кырдаалга мындай баа берди:

-Энергетика министри Аскар Шадиев жана анын орун басары Автандил Калмамбетов 3-ноябрда баарыбызга кышка "100% даярбыз,эч кандай электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Газ жетиштүү. Отун, мазут баарын алдык", деп эл-журтка жарыялаган. Азыр эми бир аз суук баарын ашкереледи. Анткени кышка даярдык жакшы болгон эмес. Трансформаторлор, кабелдер, подстанциялар өз убагында алмаштырылып, даярдалган эмес.


Казакстан кадамы Кыргызстанды кыйын абалга коет


Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна Казакстандын Борбор Азиянын энергетикалык алкагынан чыгуу аракети олуттуу коркунуч жаратып турат. Эгерде Астана мындай кадамга барса, анда Кыргызстан түндүгүн электр энергиясы менен камсыздоо кескин кыскараарын энергетикалык адис Николай Кравцов эскертти.

Бул абалдан чыгуу үчүн Датка-Кемин электр линиясын тартуу сунушталып жатат. Бирок ага каражат жана убакыт керек.

Өкмөт энергетикалык жабдууларды жаңылоо үчүн тарифтерди көтөрүү зарылдыгын ишара кыла баштады. Бирок бул саясий маселе болгондуктан, өкмөт да, президент да аны ачык айтууга даабай турат. Бирок тармакта түзүлгөн кырдаал акыры андай кадамга мажбур кылат - баарына белгилүү.

Жабдууларды жаңылоо үчүн коррупция жана жоготууларды кыскартуу жагынан иш жүргүзүлсө болмок. Тилекке каршы, бул багытта олуттуу жетишкендиктер болгон жок. Маселен, кошуна Тажикстанда энергетика тармагында жоготуулар 13% болсо, Кыргызстанда 25%дын тегерегинде экени расмий түрдө айтылган.

Бабанов өкмөт башчылыкка шайланды

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт башчыны шайлады.
Күтүлгөндөй эле премьер-министрликке төрт фракциядан турган коалициялык көпчүлүк сунуштаган Өмүрбек Бабанов шайланды. Буга чейин өкмөт башчыны шайлоодо интригалар күчөп, Бабановду кулатуу аракети тымызын жасалып жатканы дагы айтылган. Тымызын оюндар күчтүү болгонун депутат Жылдыз Жолдошева ачык айтты:

- Мен азыр өзүмдүн оюмду кайталап коеюн, силер (коалициялык көпчүлүк) азыркы премьер-министрди, өкмөттү алты айга гана шайлаганга аракет кылып жатасыңар. Себеби бүгүнкү болгон интригаларды, таңкалыштуу нерселерди мына коалициялык көпчүлүк жасады.

Өкмөт башчыга чейин парламент өзүнүн төрагасын шайлаган. Бул орунга Социал-демократиялык фракциянын өкүлү Асылбек Жээнбеков отурду. Жаңы өкмөттө да социал-демократтар басымдуулук кылат. Маселен, бул фракция жалпысынан өкмөттөгү 20 орундун жетисин ээледи. “Ар Намыс” фракциясы дээрлик президенттин командасына өткөндүктөн, аларды да КСДПнын катарына кошуп коюу катачылык болбойт. Мына ушундай тартип менен санаганда КСДП өкмөттө басымдуулук эле кылбастан, негизги министрликтерди да көзөмөлдөйт. Маселен, КСДПнын өкүлү Аалы Карашев биринчи-вице-премьер-министрликке көрсөтүлдү. Каржы министрлиги, Экономика жана антимонополдук көзөмөлдөө министрлиги, Ички иштер, Коргоо, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо, Жаштар министрликтери да КСДПнын көзөмөлүндө болот.

Өкмөт мүчөлөрүн парламентте шайлоо учурунда Аалы Карашевге көбүрөөк суроо болду.

Аалы Карашев

Аалы Карашев


Депутат Исмаил Исаков Аалы Карашевдин Бакиев учурундагы кызматтарын эске алды:

- 7-апрелде элди атып жатканда ошол жетинчи кабатта отурган элеңиз. Ошондо эмне үчүн токтотконго аракет кылган жоксуз же чыгып кеткен жоксуз?.. Анан биз кантип элдин алдында добуш бере алабыз? Мисалы мен бере албаймын. Мен 7-апрелде курман болгон жигиттердин, ошол силдердин буйругуңарды аткарып, түрмөдө отургандардын ата-энелеринин көзүн карай албай калбайбызбы! Ошондуктан менин жеке өзүңүзгө эч нерсем жок. Бирок мындай иштерди жасагандар жоопкерчилик тартпаса, моралдык жактан баасын алыш керек да...



Айрым депутаттар мындай айыптоолорго жооп иретинде билимдүү, колунан иш келген жаштар Акаевдин да, Бакиевдин да мезгилинде иштегенин айтып чыкты.


"Ата Журт" моюн толгоду, бирок элпек добуш берди

Мындай жоопторду “Ата Журт” фракциясы өз пайдасына пайдаланды. Алар буга чейин “бакиевчил” катары негизсиз айыпталып келишкенин айтып, аны эми токтотууну талап кылышты. “Ата Журт” демекчи, бул фракция өкмөт башчыны шайлоо күнү ар кандай маселелерди көтөрүп, убакытты созуп, бир топ моюн толгоду. Бирок добуш берүүгө келгенде “элпек” болуп кетти окшойт. Бул Өмүрбек Бабановго берилген добуштардын санынан көрүнүп турат. Анткени “Ата Журттун” депутаттары кошулбаса Бабанов 113 добуш ала алмак эмес.

Өкмөт башчыны шайлоодо Өмүрбек Текебаев менен Акматбек Келдибековдун тирешүүсү дагы бир жолу орун алды. Фракция мыктылары бири-биринин “быкыйын” чукуп, жалпыга шардана кылышты.

Мына ушундай эле айыптоолор Текебаев тарабынан Бабановго да коюлган эле. Анан кантип эки атаандаш бир коалицияда болуп калды деген суроого Өмүрбек Текебаев тарабынан мындай жооп болду:


-Эгерде биз Бабанов менен иштебесек, Келдибеков менен иштешибиз керек. Тилекке каршы, тарыхый кырдаал бизге мындан артык тандоону берген жок. Биз коалициялык келишимге төмөнкүдөй жобону киргиздик: Коалицияга кирген тараптар Конституциянын кол тийбестигин тааныйт. Баары өзгөртөбүз деп жүрүшкөн.

Коррупцияга каршы, майда коррупцияга эле эмес, бийликтин бийик бутактарындагы коррупцияга каршы күрөшөт деген чечимди кабыл алдык. Бул боюнча президент дагы атайын антикоррупциялык структура түздү. Мурунку коалициядан айырмаланып, бул коалицияга ар үч ай сайын өкмөт келип маалымат берип турат. Эгерде коалиция жактырбаса, анда өкмөт эки жуманын ичинде кызматынан кетет.

Эгерде Өмүрбек Токтогулович бизде жаралган шектерди андан ары таратпса, мындан аркы иштеринде тескерисинче бекемдесе, премьер-министрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүгө “Ата Мекен” ар дайым даяр
.

Буга чейин “Ата Мекен” Өмүрбек Бабанов 800 млн. сом салык төлөбөй койгон, “Мегаком” ишканасы боюнча чатактарга аралашкан, күйүүчү май ташуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыптаган. Ноябрь айында болсо "Казакстандын 100 млн. долларын иштетүүдө да Бабанов жашыруун схемаларды түзүп алган", деп Ө.Текебаев айыптаган эле.

Коалицияга кирүү менен “Ата Мекен” өкмөттө бир нече министрликти ээледи. Маселен, алардын өкүлү Жоомарт Оторбаев вице-премьерликке, Алмамбет Шыкмаматов юстиция министрлигине, Калыбек Султанов транспорт жана жол министрлигине, Равшанбек Сабиров социалдык коргоо министрлигине келди.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов үч министрликке жана өкмөттүн аппарат башчылыгына өз партиялаштарын коюуга жетишти. Мына ошентип өкмөт түзүлдү. Бул өкмөт президентке кылчактап иштейт. Мындай жобо коалициялык макулдашууга жазылганы да маалым болду.


ЖККУда Москва көздөгөн келишимге жетишти

​20-декабрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити болду. Анда жыйырмадан ашуун документтер кабыл алынды. Алардын арасында ЖККУга кирген өлкөлөрдүн аймагында чет өлкөлүк аскердик базаларды жайгаштырууну чектей турган протоколго да кол коюлду.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны, Москва, 20.12.2011

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны, Москва, 20.12.2011

Мындай макулдашууга кол коюу демилгесин Москва көтөрүп келген. Анткени Кремль өзүнүн жака-белиндеги мамлекеттерге, өзгөчө Борбор Азиядагы мамлекеттерге чет өлкөлүк аскердик базалардын жайгаштырылышына чек коюуну көздөп келген. Москва 20-декабрда мына ошол максатына жеткенин адистер белгилеп жатышат.

Бул протоколдун “Манастагы” Транзиттик борборго таасири тийбей тургандыгын Жогорку Кеңештеги Коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Дастанбек Жумабеков белгиледи:

-Эми “Манастагы” Транзиттик борборго биз эч кандай таасир эте албайбыз. Анткени 2014-жылга чейин келишимибиз бар. Анан 2014-жылы келишимди карап көрөбүз. Эгерде борбордон Кыргызстандын бюджетине чоң салымдар кошулуп жаткан болсо, анда аны андан ары калтырсак болот.

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодон кийинки
алгачкы билдирүүлөрүндө Транзиттик борбор 2014-жылдан кийин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуш керектигин атаган. Дал ушул жылы АКШ өзү да Ооганстандан аскерлерин чыгарууну көздөп жатат. Бирок ал мезгилге карай Ооганстанда кырдаал толук турукташабы же турукташпайбы деген суроого эч ким жооп бере албайт. Ошол мезгилдеги кырдаалга жараша Транзиттик борбордун миссиясы 2014-жылы аяктабай калышы да ыктымал.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Транзиттик борбор боюнча чечим кабыл алууда мына ушул маселе биринчи кезекке коюлушу керек дейт:

-Биз келечегибизди ойлонушубуз керек. Келечекте Ооганстан Кыргызстанга коркунуч алып келеби же алып келбейби? Алып келсе, биз анда эгемендүү мамлекет катары коопсуздугубузду бекемдейбиз десек, биз өзгөчө көз караш менен мамиле кылышыбыз керек.

АКШ Ооганстанды көзөмөлдөө менен Борбор Азиянын коопсуздугун да камсыздап жатканын адистер белгилеп келишет. Андан сырткары мындан туура он жыл мурун Кыргызстанга жайгашкан АКШнын базасы өлкөнүн экономикасына олуттуу финансылык салымын кошуп жатат. АКШ элчилигинин маалыматы боюнча он жылдын ичинде база Кыргызстанга 1.5 млрд. долларга жакын салым кошкон. Бишкек болсо Орусияны негизги стратегиялык өнөктөшү катары атап, мына ошол багытта баратат. Орусиянын максаты - АКШнын Борбор Азияда туруктуу аскердик базага ээ болуусуна жол бербөө.

Кандай болгон күндө да 20-декабрда Москвада кол коюлган протокол мүчө мамлекеттердин парламенттеринде ратификацияланышы керек. бул кыргыз парламентинде бир катар кызуу талаш-тартыштарды жаратары байкалып турат. Ал эмес депутаттар Алмазбек Атамбаевдин ал протоколго кол коюуга ыйгарым-укуктары жоктугун айтып чыгышууда.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай маселе бар экендигин, ал атайын мыйзам менен жөндөлүшү керектигин белгиледи:

- Ошон үчүн тышкы саясат боюнча бир мыйзам жазылып, комитеттен өтүп, парламентке биринчи окууда сунушталганы турат. Буга дагы биз катышып, сунуштарыбызды бергенбиз. Баш-аламандыктарды токтотуш үчүн тышкы саясатты аныктаганга президентке укук бериш керек. Келишимдерге кол коюуга да укуктарды бериш керек.

Москвадагы саммитте аскердик багытта эле эмес, саясий-экономикалык маселер да талкууланды. Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин карай турган жыйынды жакын арада чакыруу чечими кабыл алынды. Кыргызстандын биримдикке кирүү маселеси келерки жылда негизги маселелерден болмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG