Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнүн көлөмүн техникалык себептерге байланыштуу деп кыскартты.

Анын айынан Бишкек жылуулук борбору шаарды жылытуу үчүн газдын ордуна мазутка өткөнүн “Кыргызгаз” акционердик коому билдирди.

Ал эми талдоочулар газдын көлөмүнүн азайышынын саясий себептери бар экенин айтышууда.

Газды бир учурда кыскарткан кошуналар

Кыргызстан көгүлтүр отун боюнча толугу менен Өзбекстан жана Казакстанга көз каранды. Бул өлкөлөр апта башындагы сууктарга жана техникалык себептерге байланыштуу деп, Кыргызстанга берилип жаткан газдын көлөмүн кыскарткан.

Бул тууралуу “Кыргызгаз” акционердик коомунун маалымат катчысы Жайнагүл Максимова билдирди:

- Коңшу мамлекеттерде суук түшкөндө газдын басымы газ кууруна чыккан жеринде азайып калат. Азырынча техникалык себеп деп айтып жатышат. Үч-төрт күнгө ушундай көйгөй жаралып жатат деген маалымат келди.

Ал эми “Кыргызгаздын” төрага орун басары Евгений Орленко 11-ноябрда Энергетика министрлигинде өткөн кеңешмеде саатына 52 миң куб метр көлөмдө газ келиши керек болсо, учурда Кыргызстанга 41 миң гана куб келип жатканын маалымдады. Ал эми көгүлтүр отундун көлөмү азайганына байланыштуу Бишкек жылуулук борбору шаарды мазут менен жылытууга өттү.

“Кыргызгаздын” маалымат катчысы Жайнагул Максимова:

- Газ жок болгонуна байланыштуу Бишкек жылуулук борборунун алы келбей, шаардыктарга ысык суу берилбей калды деген маалымат таратылган. Ошого ылайык, өкмөттүн токтому менен запастагы жылытууга өттүк. Башкача айтканда, мазут менен жылытыла баштады.

Жаңы келишимдин жаңы көйгөйүбү?

Кыргызстан мурдагы жылдары газды толугу менен Өзбекстандан алып келсе, сентябр айында Казакстан менен жаңы келишим түзүп, өлкөнүн түндүк аймагына газды “Казтрансгаздан” ала баштаган. Ал эми түштүк аймак мурдагыдай эле Өзбекстанга көз каранды бойдон калган.

Энергетика министрлиги өзбек газынын баасы миң кубуна 304 доллардан болуп жатса, ошол эле кезде Казакстан 195 доллардан сатууга макул болгонун билдиришкен болчу.

"Газпромдун" Бишкектеги өкүлчүлүгү

"Газпромдун" Бишкектеги өкүлчүлүгү

Адистердин айтышынча, бул Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы келишим болгон. Каржылык кызыкчылыгын эске албаганда да, дээрлик жыйырма жылдан бери Өзбекстан газды Кыргызстанга карата саясий курал катары колдонуп келатканын белгилешүүдө.

Экинчиден, Казакстан Кыргызстанга саткан газды ошол эле Өзбекстандан алат. Тагыраак айтканда, орусиялык “Газпром” компаниясы өзбек газын дүңүнөн миң кубуна 200 доллардан сатып алып, кайра Казакстанга берет.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин оюнча, бул Өзбекстандын гана эмес, Казакстандын да кызыкчылыгына туура келбеген келишим. Ал көгүлтүр отун боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишим Орусия менен Казакстандын президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге карата колдоо көрсөтүүсү болгондугун белгилеп, казак мамлекети өлкөнүн түндүгүн газ менен толук камсыздай албасын айтты.

- Чындыгында “Казтрансгаз” 195 доллардан бере албай калды. Азыр биздин өкмөт Өзбекстандан түздөн-түз газ алууга чечим кабыл алганга аргасыз болуп жатат. Ал эми Өзбекстан газ үчүн акчаны алдын-ала жүз пайыз төлөгүлө деген талап коюуда. Азыр акча которулбай, биз жакка келип жаткан газдын көлөмү азайды.

Кыр көрсөтүү качан калат?

“Кыргызгаздын” жетекчилиги да жакында Өзбекстандан кошумча 4 млн. куб метр газ сатылып алынарын маалымдады. Ал эми Казакстан газдын көлөмүн азайткандан тышкары, борборазиялык бирдиктүү энергетикалык тутумдан чыгуу ниетин да ишарат кылууда. Бул Кыргызстанда кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүүлөр болот дегенди түшүндүрөт.

Эксперт Расул Умбеталиев бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдө суу, газ жана электр энергиясы боюнча жылда пикир келишпестиктерге туш болорун белгиледи:

- Биз Өзбекстан менен Казактандын түштүгүн суу менен камсыз кылабыз. Бирок жыл сайын сугат мезгили бүткөндөй кийин ушундай окуялар болот. 15-20 жылдан бери ушундай кадамдар жасалып келет.

Анткен менен “Кыргызгаз” жакынкы күндөрү кошуналардан керектүү көлөмдө газ ала баштай тургандыгына ишендирүүдө.

Энергетика министрлиги ноябр айынын башында Кыргызстан кышка 100 пайыз даяр экендигин билдирген. Бирок быйылкы кыштын алгачкы суугу кышка даярдык солгун экенин айгине кылгандай болду. Буга күн сайын болуп жаткан энергетика тутумдагы авариялар жана Бишкек жылуулук борбору үчүн деп, талапка жооп бербеген радиациялык таш көмүрдү айтса болчудай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG