Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Көздөн өткөн көгүлтүр от арзандайбы?


Өзбекстан менен газ боюнча чечүүчү сүйлөшүү жыл соңуна белгиленүүдө.
Өзбекстан менен газ боюнча чечүүчү сүйлөшүү жыл соңуна белгиленүүдө.

Өзбекстандан келчү табигый газдын келерки жыл үчүн баасы алиге дейре бычыла элек.

Буга чейин миң куб метрин 240 доллардан алып келген Кыргызстан кийинки жылы газды арзан алууга аракеттенүүдө.

Газдын баасы азырынча белгисиз

Жыл сайын жаңы жылдын алдында Кыргызстанда көгүлтүр от маселеси калкып чыгат. Жыл сайын жаңы жылды утурлай ири чиновниктер Ташкенге кайра-кайра каттап, газды үзгүлтүккө учуратпоо, арзан баада сатып алуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Кээ бир жылдары кыштын кыраан чилдесинде ырасмий Ташкен “карызды төлөбөсөңөр газды өчүрөбүз” деген талапты коюп жүрөт. Азыркы тапта Кыргызстан көгүлтүр от боюнча Өзбекстанга карыз эмес. Ошентсе да “Кыргызгаз” жетекчилиги өзбек кесиптештери менен кийинки жылдын газы жаатында бир пикирге келе албай турушат.

Жаңы эле Ташкенден келген “Кыргызгаздын” төрагасынын орун басары Нурбек Жалидинов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, кийинки жылкы газ тууралуу сүйлөшүүлөр али бүтө электигин билдирди. “Кыргызгаз” менен “Өзбектрансгаздын” жетекчилери 30-декабрда кайрадан Ташкенде жолугуп, Кыргызстанга сатылчу газдын кийинки жылкы баасын бычышмакчы. Кыргыз тарап газдын баасын түшүрүүнү суранып атканы менен келишим түзүлгөнгө чейин болжонгон сумманы айтпай туурууну чечишкен.

Нурбек Жалидинов: Ар кандай маалыматтар болбошу үчүн биз ушул суроого 30-декабрдан кийин жооп берели деп ойлоп атабыз. Анткени элге туура эмес маалымат берип албайлы деп атабыз. Туура маалымат бериш үчүн буюрса 30-декабрда барабыз Ташкенге, ушул маселени чечкенге аракет кылабыз.

“Азаттык”: Нурбек мырза, кыргыз тарап кандай сунуш айтып атасыздар? Баасы канча болсун, канчадан алалы деп сунуш кылдыңыздар?

Нурбек Жалидинов: Биз эми азырынча 240 доллардан алып атпайбызбы, 2010-жылычы. Анан ошол баадан төмөн түшүп бергиле деп суранып атабыз.

“Азаттык”: Кайсы сумманы көрсөтүп атасыздар эми?

Нурбек Жалидинов: Илим мырза, мен сизди түшүнүп атам. Азыр бирок айтып салсак элге башкача маалымат кетип калышы мүмкүн. Анан тиги өзбек тарап дагы “силер мындай деп атасыңар” деп нааразы болот. Ошондуктан 2-3 күн күтө туралы...

Мындан мурдараак Кыргызстан менен Өзбекстан кийинки жылкы газдын баасы тууралуу сүйлөшкөнү, 2011-жылы 1000 куб метр газды Кыргызстан 140 доллардан сатып алары айтылып кеткен. “Кыргызгаз” өкүлүнүн айтымында, келишим түзүлбөй туруп мындай сөздөрдүн таркап кеткени өзбек тарапка жаккан эмес.

Ушул жылы Кыргызстан өзбек газын 240 доллардан сатып алды. Салыштырып айта кетсек, Өзбекстан көгүлтүр отту быйыл Тажикстанга да 240-250 доллардан сатты. Ал арада Казакстан ушул эле газды 83 гана доллардан сатып алууда.

Газ боюнча эки өлкөнүн ортосундагы келишим жыл сайын жаңырып турат. Келишим ар жылдын декабрында түзүлүп, кийинки жылдын ошол эле айында соңуна чыгат.

Н.Жалидиновдун айтымында, газ жаатында жыл бою сүйлөшүүлөр жүргөнү менен өзбек тарап келишимди ар жылдын декабрында гана карайт. Ошол себептүү жыл сайын жаңы жыл алдында газ маселеси келип чыгууда. “Өзбектрансгаз” болсо канча газдын өлчөмү бар экени жана кайсы өлкөгө канча сатуу керектиги жыл соңунда гана аныкталарын, сүйлөшүүлөр дал ушул маалда жүрүшү керектигин айтып келатат.

"Кандай чара колдонушту билиш керек"

Кыргызстандын вице-премьер-министр даражасында турган КМШ өлкөлөрүндөгү жана Евразия экономикалык шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдиргендей, жакында эле Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде президент Роза Отунбаева Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен газ тууралуу сүйлөшкөн. Кыргыз тарап коңшу өлкөдөн газды жок дегенде 140 долларга түшүрүүнү суроодо:

- Казактар жанагы Өзбекстан менен сүйлөшкөндө, өзбектер аларга да ушинтип 240-250 доллардан алгыла деп айтышкан. Анан казактар туруп алып кетип калган “мындай газдын бизге кереги жок” деп. Ошондон кийин гана өзбектер “кой сүйлөшөлү” деп тилге келишкен. Казактар кандай чара колдонушту билишкен. Ошондой эле чараларды колдонуш үчүн Кыргызстанда дагы көп нерселер бар. Бирок тилекке каршы Акаев дагы, Бакиев дагы ошол рычагдарды бир да жолу колдонуп, маселелерди чечип алалы деген эмес.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, өзбек газынын кымбаттаганы экономикага кыйла эле сокку урду. Эгер бул маселеге бийлик мындан ары өтө чоң деңгээлде маани берип, олуттуу мамиле жасаса газдын баасын 100 долларга чейин түшүрүүгө болот. “Кыргызгаз” жетекчилиги билдиргендей, эми газдын кийинки жыл үчүн баасы үч күн аралыгында билинет.

Айта кетсек, 2010-жылдын башында Орусия Украинага сатчу көгүлтүр оттун баасын 330 долларга чейин чыгарып жиберген. Москва менен Киевдин газ чатагы кайрадан ырбап, кийин бул бааны 250 долларга чейин түшүрүшкөн болчу. Орусия менен Беларус да газ боюнча жыл сайын чатакташып, ырасмий Минск орус газы кымбат экенине нааразы болуп келет. 2010-жылы Москва көгүлтүр отту Беларуска 170-180 доллардын тегерегиндеги акчага сатып келсе, 2011-жылы бааны 250 долларга чыгарарын айтууда. Орусиянын “Газпрому” учурунда СССРге кирген мамлекеттер үчүн 2011-жылдан баштап газдын баасы 210-270 доллардан болорун эскертен.

Ал эми Европа өлкөлөрү болсо орус газын 350-400 доллардай баага сатып алат. Европа өлкөлөрү газ маселесинде Орусиянын гана көзүн карап калбаш үчүн Түркмөнстан менен келишип, Европаны көздөй газ куурун тартууга киришкен. Мурда ошол эле түркмөн газы Орусия аркылуу Европага агып турчу, бирок ортомчу Орусия олчойгон үстөк баа кошо салар эле.

XS
SM
MD
LG