Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Ташкентте 13-декабрда өзбек-орус өкмөт өкүлдөрүнүн жыйынында Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу сөз болду.

Айрым маалымат булактары анда Өзбекстан Орусияны ГЭСти курардан мурун милдеттүү түрдө эл аралык экспертизадан өткөрүүгө макулдук берүүгө чакырганын жазды. Кыргыз бийлиги мындай экспертизага каршы эместигин билдирүүдө. Айрым серепчилер Ташкенттин бул талабын саясат менен байланыштырып жатат.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов келишим боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСинин экологияга таасирин баалоо иштери кыргыз мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрүнө тынчсызданган. Ушундан улам Өзбекстан Орусияны милдеттүү түрдө эл аралык, көз крандысыз экспертиза жүргүзүүгө макул болууга чакырып жатат.

Ташкендеги бул жыйын жабык өткөндүктөн кандайдыр бир документке кол коюлганы, же болбосо сөз кандай форматта жүргөнү азырынча белгисиз.

Ушундан улам Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков бул маалыматты тактоо тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине тапшырма берилгенин “Азаттыкка” кабарлады.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров Кыргызстан эл аралык экспертиза өткөрүүгө негизинен каршы болбой турганын бышыктады:

- Бул Өзбекстандын ою. Антип айтпагыла деп тыя албайбыз. Өткөндө жыйын болгондо, президент да, премьер да “биз каршы эмеспиз”, деп айткан да. Эми сөзсүз түрдө өткөрүш керек деген эмес, эгер өткөрө турган болсо биз каршы эмеспиз дегенбиз.

Октябрдын этегинде Кыргызстан, Орусия жана Казакстандын өкүлдөрү Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу талкуу курган. Анда тараптар долбоорду ар тараптан иликтөө үчүн жумушчу топ түзүүнү макулдашкан. Бул жыйынга Өзбекстан да чакырылганы менен катышкан эмес.

Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов ушул айда, ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынында ГЭС эл аралык экспертизадан өтпөй курулса, аймактагы мамлекеттердин ынтымагына доо кетет деп эскерткен:

- Инвестициялык кызматташуу дегенде бир катар өлкөлөрдү аралап өткөн сууда гидо-энергетикалык ири долбоорлор кадыр-барктуу, көз карандысыз эл аралык экспертизадан өтүшү керек. Анын аймактагы экологиянын абалына таасири, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, техногендик мүнөздөгү коркунучтарына баа берилиши керек. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу эл аралык укуктук нормалар аркылуу өтүп, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына доо кеткенге жол берилбеши абзел. Аймактык мааниси бар бул же тигил долбоорду ишке ашырууда макулдашылган аракет ШКУнун аймагында региондогу туруктуулуктун, кошуналардын ынтымагын, өнөктөштүгүн, конструктивдүү кызматташуусун камсыз кылат.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да Кыргызстан менен Тажикстанда ГЭСтердин курулушуна каршы чыгып, региондогу суу маселеси согушка алып келиши мүмкүндүгүн эскертип келгени бар.

Көз карандысыз талдоочу Расул Умбеталиев Өзбекстандын бул талабын саясат, аймактагы энергетика тармагындагы атаандаштык менен байланыштырат:

- Булардын максаты – эл аралык экпертиза өткөрөбүз деп убакытты созуп, долбоорду токтотууга аракет кылуу. Бул жерде саясий күрөш болуп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Мисалы Нарын дарыясынын 10 гана пайыз кубаттуулугун пайдаланып жатабыз. Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин куруу чечими 80-жылдары, Союздун убагында кабыл алынган. Ошонун негизинде Ташкентте Гидродолбоор деген институт, Ленинграддагы институт менен бирге экологиялык, техникалык экспертиза өткөргөн. Ошондон улам бул маселени көтөрүүнүн кажети деле жок болчу.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча ушул жылдын сентябрь айында макулдашкан. Мындай келишимге негизинен 2008-жылы эле кол коюлган, бирок максатына жеткен эмес.

Азырынча Камбар-Ата-1 ГЭСи качан курулары белгисиз. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG