Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

ШКУ: Өзбекстан суу маселесин кайра козгоду


ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкек саммитинде экономикалык маселелерге басым жасалды.

ШКУга мүчө өкмөт башчыларынын 4-декабрда Бишкекте өткөн саммитинде Өнүктүрүү корун жана банкын түзүү, энергетикалык жана жол катнаш долбоорлорун ишке ашыруу сыяктуу маселелер талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Кытай темир жол курууну тездетүүгө кызыкдар

Саммитте көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасы боюнча уюмдун катчылыгы отчет берди. 2016-жылга чейинки долбоорлук ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана колдоо иш-чараларынын тизмеси бекиди. Мурунку жана кийинки жылдын бюджеттери тууралуу сөз болду. Ошондой эле уюмдун Өнүктүрүү корун жана банкын түзүү иштерин баштоону макулдашты.

Андан сырткары чукул кырдаалдын кесепети менен бирге күрөшүү, интеллектуалдык менчикти коргоо, бажы кызматтарынын алака-катышын чыңдоо боюнча документтерге кол коюлду.

Жыйында аймакта унаа, темир жол байланышын чындоо, жүк ташуу түйшүгүн жеңилдетүү зарыл экенин баса белгиленди. Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметовдун сөзү боюнча уюм мындан ары көзгө көрүнгөн жыйынтыктарга жетүүгө басым жасашы керек:

- Бул товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтөт, базарларыбызды бириктирет. Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик жүк ташуунун агымын кеңейтет. Бул багыттагы маанилүү кадам – ШКУнун алкагында эл аралык унаа менен жүк ташуу тууралуу макулдашууга кол коюу болуп эсептелет. Азык-түлүк коопсуздугу - айыл-чарба тармагында кызматташуубузду дагы тереңдетүү керектигин көрсөттү. Айыл чарба министрлеринин жыйыны мындай алака-катыш зарыл экенин далилдеди. Мындан сырткары энергетика тармагындагы кызматташуунун келечеги ШКУнун Ишкер кеңешинин алкагында энергетикалык клуб түзүү маанилүү болуп турат. Клуб энергетикалык ресурстун негизги өндүрүүчүлөрү менен керектөөчүлөрүн бириктиргенге өбөлгө болмок.

Энергетикалык клуб түзүү демилгесин орус өкмөт башчы Дмитрий Медведев да колдоду. Медведев коопсуздук маселелерине токтолду:

- ШКУ аймагы коопсуздук жаатта олуттуу коркунучтарга туш болуп жатат. Бул биздин кызматташуубуздун өтө маанилүү багыты. Биздин жыйыныбызга байкоочулардын катышып жатканын колдойбуз. Ооган өкмөтүнүн тынчтыкты жана улуттук ынтымакты орнотуу аракеттерине жардам беребиз. Ооганстан эки тараптуу эле форматта эмес, эл аралык долбоорлор аркылуу да жардам алат деп ишенебиз. Биргелешкен аракетибиз бул уюмдун кудуретин бекемдөөгө өбөлгө болот.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вен Цзябао расмий Бээжин миллиарддаган насыя убада кылганын белгилеп өттү. Анын айтымында, бул каражаттар эң ириде инфраструктура, энергетика жана өнөр жай тармагына жумшалат. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездеттүү зарыл.

Тажикстандын премьери Акил Акилов да темир жол боюнча долбоорго токтолду:

- Жакында биз Кытай – Борбор Азия – Ооганстан – Иран темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу аракеттерин көрө баштайбыз. Тажикстан мындай маанилүү регионалдык долбоорду ишке ашырууга салым кошууга даяр. Бул ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташуусунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Суу башыларга сунуш

Өзбекстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Рустам Азимов болсо аймактагы энергетикалык долбоорлор боюнча расмий Ташкендин позициясын дагы бир жолу белгилеп өттү. Ага ылайык, суу башында турган өлкөлөр эл аралык экспертизадан өткөн долбоорлорду гана ишке ашыруусу керек:

- Инвестициялык кызматташуу дегенде бир катар өлкөлөрдү аралап өткөн сууда гидо-энергетикалык ири долбоорлор кадыр-барктуу, көз карандысыз эл аралык экспертизадан өтүшү керек. Анын аймактагы экологиянын абалына таасири, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, техногендик мүнөздөгү коркунучтарына баа берилиши керек. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу эл аралык укуктук нормалар аркылуу өтүп, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына доо кеткенге жол берилбеши абзел. Аймактык мааниси бар бул же тигил долбоорду ишке ашырууда макулдашылган аракет ШКУнун аймагында региондогу туруктуулуктун, кошуналардын ынтымагын, өнөктөштүгүн, конструктивдүү кызматташуусун камсыз кылат.

Бирок өзбек өкмөтүнүн өкүлүнүн мындай сөзүнө уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ак да, көк да деп жооп да, пикир да айткан жок.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстан менен Тажикстанда ГЭСтердин курулушуна каршы чыгып, региондогу суу маселеси согушка алып келиши мүмкүндүгүн эскертип келгени бар.

Саммитти жыйынтыктап жатып Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев экономикалык мүнөздөгү маселелерге басым жасалганын белгиледи:

- ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикасын теңдөө боюнча конкреттүү кадамдарга барууга кезек келди деп ойлойм. Бул багытта экономикасы алсыз өлкөлөрдө орто жана чакан ишкердикти колдоону баштоо керек.

Бул саммитке беш өлкөнүн: Монголия, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиянын мартабалуу өкүлдөрү байкоочу катары катышты. Уюмдун баш катчылык кызматы Кыргызстандан Орусияга өттү.

Бүгүнкү жыйында 2013-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ президенттеринин саммитинин күн тартиби да түзүлдү. Уюмдун төрагалыгы өткөн жайда Кытайдан Кыргызстанга өткөн.

Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ.

XS
SM
MD
LG