Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

ШКУ төрагалыгы Кыргызстанга өттү


China -- Participants at the Shanghai Cooperation Organization summit pose for a photo in Beijing, 06Jun2012
China -- Participants at the Shanghai Cooperation Organization summit pose for a photo in Beijing, 06Jun2012

Бээжинде бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити аяктады. Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү.

Саммитте Кытайдын президенти Ху Цзинтао ШКУнун төрагалыгы Кыргызстанга өткөнүн жарыялады.

"Азаттыктын" кабарчысы Айданбек Акмат уулунун Бээжинден кабарлаганына караганда, жыйында 10 документке кол коюлду. Алар - президенттердин декларациясы, уюмду өнүктүрүү боюнча орто мөөнөттүү стратегия, аймакта кырдаалды курчута турган аракеттерге карата саясий-дипломатиялык чаралар боюнча жаңы жобо, террорчулукка жана экстремизмге каршы жаңы программа. Ошондой эле президенттер ШКУнун баш катчысынын жана антитеррордук түзүмдүн докладдарын бекитти. Ооганстанга ШКУдагы байкоочу ал эми Түркияга диалог боюнча өнөктөш деген статус берилди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк


Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация катышты. Кыргызстандын мамлекет башчысы ШКУга мүчө өлкө башчыларынын жыйынында аймактык кызматташуу долбоорлорун активдүү ишке ашырууга чакырды.

ШКУ саммитинин алдында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга расмий сапары болгон. Мамлекет башчы бул сапар натыйжалуу болгонун журналисттерге билдирди:

- Негизгиси Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстанды байланыштырган темир жолду куруу боюнча кытай тараптан толук колдоо таптык. "Датка-Кемин" электр линиясы жана Кара-Балтага мунай иштетүүчү завод ачууга жардам берилмей болду.

Президент Атамбаев Бээжинге расмий сапар менен 4-июнда жөнөп кеткен. Ал Кытайдын мамлекет башчысы, өкмөтүнүн жана парламентинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

XS
SM
MD
LG