Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Чекисттер өзбек кесиптештерине кайрылды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлери Үңкүр-Тоо маселесинен жаралган кырдаал боюнча Өзбекстандын атайын кызматынын башчысына жана ардагер чекисттерине кайрылуу жолдошту.

7-сентябрда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылган билдирүүдө өзбек күч органдары кармап кеткен төрт кыргызстандык жаранды аман-эсен мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. УКМК төрагасынын мурдагы орунбасары, генерал-майор Марат Иманкулов ушул жаатта “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Өзбекстандык ардагер чекисттерге жана коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысына кайрылуу менен маселе чечилет деп канчалык ишенимдүү айта аласыздар?

Иманкулов: Кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратканын байкап жатабыз. Үңкүр-Тоонун тегерегинде чыккан талашка, ал жердеги телемунарада иштеген кыргызстандык төрт жаранды өзбек күч кызматкерлери алып кирип кетип камап койгонуна эки жумадан ашып калды.

Абал күндөн-күнгө курчуп, татаалдашып баратат. Ар кандай күчтөр чыгып жатат, саясатчылар билдирүү жасай башташты. Алардын билдирүүлөрүндө “өкмөт чече албаса, мамлекет чече албаса, биз чечебиз. Чечүү маселесин бизге бергиле, элди чогултуп барып, кармалган жарандарыбызды кайтарып алалы”, – деп айтылууда. Бул - түздөн-түз кагылышуу жолу. Мунун арты эмне болорун эч ким ойлонгон жок. Мындай жол кыргыз элине да, өзбек элине да керек эмес.

“Азаттык”: Өкмөттөр аралык сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт, деп ойлойсузбу?

Иманкулов: Чыкса буга чейин натыйжа болмок. Убакыт созулуп жатпайбы. Мындайда маселе барган сайын татаалдаша берет.

“Азаттык”: Өзбекстанга кайрылууну жөнөттүңүздөрбү же эми жолдонобу?

Иманкулов: Биз бүгүн (7-сентябрда) маалымат жыйын куруп, кайрылдык.

“Азаттык”: Атайын кат жөнөтүлгөн жокпу?

Иманкулов: Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үнүбүздү жеткирели дедик. Биз Совет учурунда баарыбыз тең КГБнын окуу жайын аяктаганбыз. Бир мамлекеттин курамындагы республикалар катары, Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан барган жигиттер чогуу билим алганбыз. Эгер өз мамлекетибиздин коопсуздугун сактайлы десек, анда коңшу мамлекеттер менен чогуу аракет кылган – натыйжалуу болот. Аны баары билишет.

Биз убагында өзбекстандык кесиптештер менен абдан ынтымакта иштегенбиз. Биргеликте көп операцияларды ишке ашырганбыз. Мамлекеттерибиздин коопсуздугу үчүн чогуу иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Өзбекстандыктар мени жакшы билишет, биз аларды жакшы тааныйбыз. Ардагер кызматкерлерин да билем, азыр иштеп жаткандарын да тааныйм. Мен Москвада 2008-2010-жылдары КМШ мамлекеттеринде терроризмге каршы борборунда эмгектенгем. КМШдагы бардык мамлекеттер менен чогуу иштеп, жетекчилерин жакшы тааныйм.

“Азаттык”: Президент эки күн мурун Коргоо кеңешинин башчысына Үнкүр-Тоо маселесин конструктивдүү жол менен чечүүнү тапшырды. Ардагер адис катары сизден же башка кесиптештериңизден кеңеш сураштыбы?

Иманкулов: Мага эч ким байланышкан жок. Чалышкан жок. Телефонум баарына белгилүү. Журналисттерден башка эч ким байланышпайт. Тышкы иштер министрлиги нота жиберет. Сөздөн башка майнаптуу иш жок экенин байкап жатпайбызбы.

“Азаттык”: Сиздер бийликке, өкмөткө кеп-кеңеш менен кайрылып көрбөдүңүздөрбү?

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Иманкулов: Жалпыга маалымдоо каражаттары менен кайрылып жатабыз. Телевизор көрүп, гезит окушса керек. Мамлекеттик органдар муну чечпесе, убакыт өткөн сайын маселе татаалдашып баратса... Биз тигил төрт жараныбыздын тагдырына күйүп жатабыз. Башка маселесине кийгилишпейбиз. Чек ара, делимитация жана демаркация иштерине жарандык коом аралашпашы керек. Аралашса, артык кылам деп, тыртык кылышат. Аны мамлекеттик комиссиялар чечишсин.

Биздин кайрылуу өзбек кесиптештерге жетет деп ойлойбуз. Кантсе да, Бишкекте элчилиги бар. Жеткиришет деп ойлойбуз. Эгер коңшулар биздин кайрылуудан улам сүйлөшүүгө макул болушса, биз барабыз. Мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн сүйлөшөбүз. Антпесе, маселе чиеленип кетүүдө. Өзбекстанда кармалып турган жарандарыбыздын туугандары да кыйналышты. Ар кандай күчтөр радикал чакырыктар менен чыга башташты. Бул кимге керек? Өзбекстанга да керек эмес, бизге кереги жок.

P.S.: Өзбекстанга кайрылган ардагер чекисттердин катарында Марат Иманкуловдон тышкары, Нуркул Сулайманов менен Игорь Итибаев да бар.

Үңкүр-Тоого Өзбекстан 22-августта күч кызматкерлерин алып кирген. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт кызматкерди кармап кетишкен. Андан бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук милициясында камакта. Коңшу өлкө муну “алар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалышты” деп түшүндүргөн. Үнкүр-Тоодогу өзбек тартип сакчылары чыгып кетише элек.

Президент Алмазбек Атамбаев маселени тынчтык жол менен чечүүнү тийиштүү органдарга тапшырган.

XS
SM
MD
LG