Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Телеканалдар бюджетке "жүк" болууда


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттин карамагында телеканалдар көбөйүп кеткенин айтып, аларды жеке колго сатууну сунушташты.

Мындай каналдардын катарына мамлекеттин облустагы телеканалдары жана 5-канал менен “Пирамида” каналы кирген. Өз кезегинде аталган каналдын жетекчиликтери мамлекеттик каналдар өз күчү менен каражат таап иштеп жатканын билдиришти. Ал эми медиа эксперттер бийлик телеканалдарды саткандан кийин маалыматтык саясаттан утулуп каларынан чочулап, бир колдо кармап келе жатканын айтышты.

Кыргызстанга КТРК жетиштүү

Мамлекетке таандык деп айтылып келген 5-канал менен “Пирамиданы” инвесторлорго сатуу демилгесин болгондо да бийликчил депутаттар көтөрүп чыкты. КСДП фракциясынын жыйынында депутат Улан Примов бүгүнкү күндө мамлекеттин саясатын бир канча телеканалдар жүргүзүп жатканын айтып, алакандай Кыргызстанга бир эле телеканал жетиштүү деген пикирин билдирди.

Депутат бүгүнкү күндө КТРК жалгыз мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жетишерин кошумчалап, ал эми башка каналдар үчүн казынадан миллиондогон сомдор коротулуп жатат деди:

Улан Примов
Улан Примов

- Бүгүнкү күндө 5-канал менен “Пирамиданы” аукционго коюп, сатуу керек. Бизде Биринчи канал (КТРК) толугу менен мамлекеттик саясатты жүргүзүү тапшырмасын аткарып жатат. Ал үчүн КТРКда бардык мүмкүнчүлүк жана ресурс жетиштүү. Ашыкча жүктү биз инвесторлорго беришибиз керек.

“Пирамида” менен 5-канал депутат Примовдун пикиринде, бюджетке ашыкча жүк болуп атса, аталган каналдар тескерисинче өздөрүн арабөк абалда калган каналдай сезип жүрүшкөнүн жашырбайт.

“Пирамида” телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулованын “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекеттен тыңгылыктуу каражат бөлүнбөгөнү менен эфир толугу менен мамлекеттик саясатка арналып жатат.

- Телеканалдарды менчиктештирүү демилгеси эртели кеч айтылышы керек болчу. Себеби улутташтырылгандан бери “Пирамида” менен 5-канал ортодо калкып калды. Биз же толук мамлекеттики болуп каржыланбайбыз же жеке канал болбой калдык. Эгерде мамлекеттик саясатты жүргүзүү керек болсо, анда “Пирамиданы” сактап калуу керек. Бирок каналдын ээси мамлекет болгондон кийин туура чечим кабыл алынат деп ойлойм.

Нурзада Токтогулова кошумчалагандай, финансылык кыйчалыштан бүгүнкү күндө “Пирамиданын” 60тан ашык адамдан турган жамааты дээрлик эки эсе азайды.

Ал эми компаниянын карызы 10 млн сомдон бир жыл ичинде эки эсе азайса дагы, каатчылыкка карабай “Пирамидадан” бир катар мамлекеттик кызматтардын долбоорлору акысыз эфирден кетип жатат. Алсак, каналдан шаршемби, бейшемби күндөрү парламент жыйынын түз эфирде көрүүгө болот жана бул көрсөтүүнү азыркы тариф менен эсептегенде жылына 300 млн сомго чамалап бармак.

- Парламент жыйыны бизде 90 пайыз бекер көрсөтүлүп жатат. Былтыр биз болгону 2 млн сом гана бөлдүрө алдык. Негизинен “Пирамида” каналы өз иши жүргүзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 20 млн сом бөлүнүшү керек. Бирок биз өзүбүздү өзүбүз эле каржылап келе жатабыз.

Каржы тартыштыгы бардык каналда бар

Депутаттар сөз кылган мамлекеттик 5-каналды сатуу демилгеси боюнча каналдын жетекчилиги “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ошентсе да медиа өкүлчүлүктөр бул каналда да каржылоо кыскарып, аны менен чогуу эфир көлөмү азайып жатканын ырасташты.

Коомдук бир канал болушу керек. Ал эми экинчи-үчүнчү канал деген туура эмес, анын баары бири-бирин кайталап жатпайбы.
Акмат Алагушев

Медиа өкүлү Акмат Алагушевдин айтуусунда, Кыргызстандын саясатын жумурай журтка маалымдоодо бир телеканал жетиштүү, ал эми калган каналдар жеке колго өтсө, атаандаштыктын арты менен медиа тармагы өнүкмөк.

Азыркы бийлик муну билип турса да, телеканалдарды бийликтин каршылаштары сатып аларынан чочулап, өз колунда кармап турат деп боолгоду.

- Бийлик телеканалдарды сатыкка чыгарса, аларды ким сатып алат деп коркушу мүмкүн. Анткени каналды оппозиция сатып алышы мүмкүн деп да коркуп жатат. Негизинен айта турган болсок, мамлекеттин каналы жок болушу керек. Коомдук бир канал болушу керек. Ал эми экинчи-үчүнчү канал деген туура эмес, анын баары бири-бирин кайталап жатпайбы.

2010-жылы апрель революциясынан кийин 5-канал жана “Пирамида” телеканалдары Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, мамлекеттин колуна өткөн. Аталган эки канал кийинчерээк өкмөттүн чечими менен экс-президент Курманбек Бакиев жана анын туугандарынын улутташтырылган мүлктөрүнүн арасынан өзгөчө чечим чыкканга чейин сатыктан алынган.

“Пирамида” телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы эгемен телеканал болуп түзүлгөн. Телеканал 2016-жылы форматын өзгөртүп, мамлекеттик маалымат менен камсыздоочу телерадиоканалга айланган.

Жогоруда саналган каналдардан сырткары мамлекетке таандык телеканалдар ар бир облуста дагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG