Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Маалымат саясатынын табышмагы


Журналисттер Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында, ноябрь, 2016-жыл
Журналисттер Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында, ноябрь, 2016-жыл

Демилгечи депутаттар тобу "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга сунушталган айрым чектөөлөрдөн баш тартты.

Макулдашылган долбоордо чет өлкөлүк тараптын үлүшү 35 пайыздан ашпоосу чектелип, ал ченем телеберүүлөргө гана багыттала турган болду.

Жалпыга маалымдоо каражатын чет элдик каржылоонун үлүшү 20 пайыздан ашпоого тийиш деген чектөө алынып салынганы жарыяланды. Бул тууралуу парламенттик угууда медиа тармактын өкүлдөрү зарылдык жоктугуна карабастан мыйзамга өзгөртүү сунушталганынан шек санап, анын өзөгүн сөз эркиндигин чектөөчү ченем катары четке кагышууда.

Жүгү “жеңилдетилген” ченемдер

Буга чейин медиа чөйрөнү тынчсыздандырган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр бир топ алымча-кошумчалары менен тармактык комитетте карала турган болду. Демилгечи топ парламенттик угуу учурунда мыйзам долбоору бир катар жеңилдиктер менен экинчи окууга сунушталарын убада кылышты. Демилгечи тарап мыйзам долбоору маалымат коопсуздугун чыңдоого багытталганын кошумчалады.

Парламенттик угуунун катышуучусу, журналист Тимур Токтоналиев мыйзам кайсы коркунучтардын алдын аларына кызыкты:

- Кожобек мырза, мына ошондой чет элдик үлүшү бар телеберүү улуттук коопсуздукка кандайча коркунуч жарата турганын жана аны мыйзам кантип алдын аларын атап кетесизби? Бул мыйзам кабыл алынса, анда ал Кыргызстандагы кайсы конкреттүү телеканалдарга таасири тийиши мүмкүн?

Cөз эркиндигин сынаган талаштуу мыйзам

Cөз эркиндигин сынаган талаштуу мыйзам

Жогорку Кеңеш депутаттарынын чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда колдоп берди.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Кожобек Рыспаев экинчи окууга долбоордун макулдашылган варианты даярдалып жатканын белгиледи. Ал буга чейин медиа чөйрөнү түйшөлткөн айрым чектөөлөр алып салынганын айтты.

Кожобек Рыспаев жалпыга маалымдоо каражатына сырттан алынчу каржылоону 20 пайыздан ашырбоо чарасы жокко чыгып, телеканалдарга карата чет жактын ээлик үлүшүн чектөө ченеми гана калтырылганына токтолду:

- Бул мыйзам Кыргызстандагы чет элдик үлүшү бар телеканалдарга гана тиешелүү. Мына ошону негиздеген кыргыз тараптын үлүшү 65 пайыз болуп, ал эми чет жактын үлүшү 35 пайыздан ашпоосу керек деген ченемге токтолдук. Бизде чет элдик жарандардын үлүшү бар телеканалдар аз эле. Мисалы, НБТ телеканалы Казакстандын “Ала-Тау” медиа холдингине карайт. Биздин урматтуу президент анын өкүлүнө “Назарбаевди Атамбаевди сындагандай сындагылачы, ал жакта бир саат турат бекенсиңер” деп суроо бербедиби. Маалымат коопсуздугу болушу керек да.

Орусиянын “оозун” караган саясат

Маалымат коопсуздугун бекемдөөнү көздөгөн демилгечи тарап Кыргызстанда чагылдырган орусиялык, казакстандык жана өзбекстандык телеканалдарга бул мыйзам таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

Маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова алыскы айыл тургундары болочок эмгек мигранттарын даярдоо үчүн орусиялык телеканалдарга муктаждык жогору экенин айтып, алардын трансляциясын үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин дайыма көтөрүшкөнүн белгиледи:

- Алыскы айылдардагы жолугушууларда дайыма “Кыргызстанда көрсөткөн орусиялык телеканалдар эми эмне болот” деп сурап жатышты. Ошол айылдардын тургундары “биз келечекте балдарыбызды Орусияга иштегени жөнөтөбүз. Ошондуктан биздин балдарыбыз ошол маалымат мейкиндигинде билим алууга ыңгайланышуусу зарыл” деп айтышты. Мен буга комментарий берген жокмун. Болгону ошол жолугушуулардагы фактыны гана айтып бердим.

Анткен менен маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекованын болочок эмгек мигранттарынын ата-энелеринин суранычы боюнча айткандары парламенттик угуунун айрым катышуучуларын нааразы кылды.

Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек бул багыттагы жүргүзүлгөн мамлекеттик саясатты кескин сынга алды:

- Биз кантип балдарыбыз төрөлгөндөн, анан окууга бара баштагандан тартып эле аларды Орусияда иштөөгө даярдай башташыбыз керек? Бизде улуттук ар-намыс, улуттук кызыкчылык деген барбы? "Азыртадан даярдай берели, фамилиясын өзгөртпөйлү, орусиялык телеканалдарды көрүп чоңоюшсун” десек, ошондой тарбия берсек, анда алардын келечеги, мамлекеттин тагдыры эмне болот? Биз азыр башка бир маданиятка сугарылып, башка бир көз караштын багыты менен баратабыз. Азыр эмне себептен биздин айрым пенсионерлер, айрым жарандар бир нерсе болсо эле Путинге кат жазып жатышат? Бизде улуттук кызыкчылыкты аныктаган саясаттын жоктугунан болуп жатпайбы. Ошондуктан биз аларга дайыма эфир бере берели деген сөз – бул мамлекеттин маалымат саясатын жүргүзө турган министрликтин айтаарыбы? Бул министрликтин өтө одоно жана аябай кечирилгис катасы.

Мындан сырткары "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр маалымат мейкиндигиндеги кандай коркунучтардын алдын алып, кайсы мүнөздөгү маалымат пропагандасын ооздуктай турган чараларды камсыз кылат деген суроолорго жооп ала алышкан жок.

Ошол эле кезде парламенттик угуунун катышуучулары мыйзамга өзгөртүүлөрдө чектөөчү ченемдерден башка өнүгүүнү камсыздоочу шарттар каралбаганын айтышты. "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам 1992-жылы кабыл алынган болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG