Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:25

Журналисттер бийликке кайрылды


2010-жылдагы апрель окуясынын алдында сөз эркиндигин колдогон акция, Бишкек, 2010-жыл, 6-апрель,

2010-жылдагы апрель окуясынын алдында сөз эркиндигин колдогон акция, Бишкек, 2010-жыл, 6-апрель,

Журналисттер жана басма сөз уюмдарынын өкүлдөрү парламентте каралып жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзамды өзгөртпөө чакырыгы менен чыгышты.

Алар мындай кайрылууну өлкө президенти, парламент депутаттарына жолдошту.

Маалымат жыйынын өткөргөн журналисттер Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштап жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоор бардык маалымат каражаттарын чектөөгө жол ачарын айтышты.

Алардын жүйөсүндө, мыйзамды сунуштаган депутаттар мындай жол менен кайсы бир тар кызыкчылыкты көздөп жатышы мүмкүн.

Белгилүү журналист Нарын Айып бул мыйзам долбоор жалпы медиа коомчулуктун тынчсыздануусун жаратып жатканын билдирди:

- Депутаттар 22-июнда экинчи окууга чейин биз өзгөртүү киргизип, ал өзгөртүүдө бул мыйзам телеканалдарга гана тиешелүү болот деп айтышты. Кандай болуп өзгөртүлөрүн көрө элекпиз. Бирок Кыргызстанда мыйзамдар кандай кабыл алынарын биз жакшы билебиз. Бизге бирди айтып, коомго бирди айтып, өздөрү билгендей кылып койгонун жакшы билебиз. Ошондуктан тынчсызданууга негиз бар. Бардык маалымат каражаттары тынчсызданышы керек.

Нарын Айып бул мыйзам долбоор башка өлкөлөрдөн көчүрүлүп алынганын жана журналисттер коомчулугу менен кеңешпестен, аларды кабардар кылбастан иштелип чыкканын кошумчалады.

Ал эми журналист Азамат Тынаев аталган мыйзам долбоорду иштеп чыккандар коомчулукка туура эмес маалымат берүү менен бир катар мыйзамдарды бузуп жатканын айтып чыкты:

- Төрт демилгечинин арасында маалымат каражаттарына кымындай тиешеси бар бир да адам жок. Алар масс-медианын иштөө өзгөчөлүктөрү боюнча эч кандай түшүнүгү жок адамдар. Ал эми мыйзамда каралган талкуулар, угуулар өткөрүлбөгөнү тууралуу ооз ачпай деле койсок болот. Бул мыйзам долбоордун практикалык, прагматикалык мааниси эмнеде деген суроого жооп жок. Демилгечилердин бири Кожобек Рыспаев бир нече жолу АКШда ушундай деп, кайсы бир пайыздык ченди айтты. Бул эскирген маалыматтар, элди амалкөйлүк менен алдоо болуп саналат. АКШда арабдардын "Ал-Жазира" телеканалы иштечү. Алар жакында эле финансылык маселелерден улам гана өз ишин токтотту. Ошол эле орусиялык Russia Today эч кандай чектөөсүз иштеп жатат. Анда кайсы чектөө тууралуу айтып жатабыз?

Ошондой эле Азамат Тынаев мыйзамга киргизип жаткан өзгөртүүлөр президент Атамбаев бийликке келген соң кабыл алынган Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына жана ушу тапта иштелип жаткан Маалымат саясатынын концепциясына каршы келерин белгиледи.

Үсөнов: Документ тыкыр изилденет

Мындан улам журналисттер өлкө президенти жана Жогорку Кеңешине бул мыйзам долбоорду кабыл албоого чакырып, атайын кайрылуу жолдошту. Алар бул демилге кабыл алынса, өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерине доо кетет деп эскертишүүдө.

Ал эми президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов бул мыйзам долбоор парламенттин кароосунда экенин эскертип, ал кабыл алынышы менен президент өз пикирин билдириши мүмкүндүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Бирок Үсөнов бул мыйзам долбоор сөз эркиндигин чектейт деген пикирге кошулбайт:

- Бул мыйзам долбоор парламентте биринчи окууда эле кабыл алынды. Алдыда дагы эки окуу бар. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоор бир гана телеканалдарга тиешеси болот. Мындан улам жалпы сөз эркиндигине чабуул жасалып жатат деген дооматтар менин пикиримде көбүртүлүп-жабыртылууда. Эгер парламент тарабынан мыйзам жактырылып кабыл алынса, президенттик аппаратка келсе, бул документ тыкыр изилденип, анан конкреттүү чечим кабыл алынат. Кандай гана маселе болбосун, Кыргызстандын жана элибиздин кызыкчылыгында чечим кабыл алынат.

Күмөн санаткан шашылыш демилге

Анткен менен журналист Тамара Валиева депутаттардын бул демилгени өтө тездик менен кабыл алуу аракетинен шектенип жатат.

Анын баамында, бул мыйзамды кабыл алууга бийликтин эң жогорку тепкичтери кызыкдар болушу мүмкүн:

- Биринчиден, бул мыйзам долбоорду тездик менен кабыл алуу аракети таң калтырды. Эртең менен күн тартибине киргизип, түштө талкуулап, кабыл алууга шашышты. Социалдык тармактарда депутат Чолпон Жакупова "бул мыйзам жогорку жактан түшүрүлдү, ошондуктан баары биргеликте добуш беришти" деп жазганын көрдүк. Бул дагы көптөгөн күмөндүү ойлорго жол ачат. Мунун баары 2017-жылдагы шайлоого даярдык башталды жана кимдир бирөөгө тил алчаак маалымат каражаттары керекпи деген күмөн ойлорду жаратат. Мени абдан көп мыйзамдарды бузуп, шашып кабыл алуу аракетин ушуну менен гана түшүндүрө алам.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рысбаев, Искендер Матраимов, Табылды Тиллаев жана Жыргалбек Турускулов иштеп чыккан мыйзам долбоор чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарына чектөө киргизүүнү көздөйт. Ага ылайык, Кыргызстанда 20 пайыздан ашык чет элдик булактан каржыланган медиа уюмдарды тыюу салууну сунушташууда. Демилгечилер мыйзам долбоор маалыматтык коопсуздукту сактоо аракети менен түшүндүрүүдө.

Бирок медиа эксперттер мындай шартта биринчи кезекте "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал экенин белгилешүүдө.

Мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште өткөн аптада биринчи окууда каралып, кабыл алынган. Демилгечилер экинчи окууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизип, телеканалдарга гана чектөө киргизүүнү жана каржылоо булагынын өлчөмүн 35 пайызга чейин көбөйтүүнү убада кылышкан.

Мыйзам долбоор экинчи окууга депутаттар жайкы каникулдан келген соң, тагыраагы сентябрь айында киргизилери айтылууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG