Линктер

Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча чукул талкуу өттү.

Тегерек үстөлгө журналисттер, укук коргоочулар, ишкерлер жана жарандык активисттер катышты. Жыйындагы башкы маселе - депутаттарды "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдөн баш тартууга чакырган талап болду. Талкуу соңунда “Азаттык”, Би-Би-Си сыяктуу медиа каражаттарды чектөө сунушун четке кагуу талабы Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Медиа эксперт Авланбек Жумабаев буларга токтолду.

- Биз бүгүн бул мыйзамды коомдук талкуудан алып салуу талабын койдук. Анткени долбоор сөз эркиндигин чектейт. Айрым маалымат каражаттардын ишине тоскоолдук жаратат. Биз депутаттарга коомго пайдалуу мыйзамдарды иштеп чыгууну сунуштайбыз. Буга чейин президент 1-июнга чейин маалыматтык коопсуздук боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган. Ошол эмдигиче аткарыла элек. Анан туруп-туруп эле ушул демилгени көтөрүп чыккандары акылга сыйбайт.

"Сындан корккондор түз жүрсүн"

Талкууга мыйзам долбоорунун демилгечилери, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү да чакырылган. Бирок депутат Жанар Акаевден башкасы келген жок.

- Азыр медианы чектөө мүмкүн эмес. Алар интернет жардамы менен күн сайын өнүгүп жатат. Биз аймактарды кыдырганда бир да шайлоочудан тигил же бул маалымат каражаты коопсуздукка шек келтирип жатат деген доомат болгон эмес. Андыктан демилге негизсиз. Ыңгайсыз, курч медиа каражаттардын сынынан кутулуш үчүн аткаминерлер түз жүрүшү керек.

Жанар Акаев

Жанар Акаев

Мыйзам демилгечилеринин баары тең долбоор кайрадан иштелип жатканын жүйө кармап, комментарий берүүдөн баш тартты. Буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев демилгени чечмелей албай убараланган.

- Мыйзамды эч жерден көчүргөн эмеспиз. Мен көчүргөн кишиге окшоп турамбы? Мыйзам долбоору мурдатан эле парламентте түрткүнчүк болуп сүйрөлүп жүргөн.

Талкууга бизнес коомчулуктун өкүлдөрү да катышып, сөз эркиндигин ооздуктачу мыйзамга каршы пикирлерин билдиришти. Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек Кыргызстандын көзгө басар жетишкендиги болгон сөз эркиндигин чектөө инвесторлорду да үркүтөрүн айтат.

- Кыргызстандын эң башкы жетишкендиги - демократиялык баалуулуктар, сөз эркиндиги. Бийлик бул жетишкендиктерди барктагандын ордуна артка тартып жатат. Сөз эркиндиги менен шайлоолорду таза өткөрүү аракети бизди кандайдыр бир деңгээлде алдыга сүйрөп жатат. Бул мыйзам кабыл алынса, бул жетишкендик жокко чыгып, сөз эркиндиги муунат.

Орусиянын котормо мыйзамы зарылбы?

Демилге негизсиз. Ыңгайсыз, курч медиа каражаттардын сынынан кутулуш үчүн аткаминерлер түз жүрүшү керек.

Медиа эксперттер жарандык коомдун таландысына калган мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлгөнүн айтып, андай чектөөлөрдүн Кыргызстанга зарылдыгы жок экенин баса белгилешти. Алардын бири “Аргументы недели” гезитинин редактору Мария Орлова:

- Бул долбоор көп жагынан Орусиядагы мыйзамдын калькасына окшоп калган. Орусияны алсак, ал жакта маалымат каражаттарына көзөмөл күчөгөн. Керек болсо окурманы көп блоггерлер маалымат каражаты катары катталышы керек болот. Бул деген сөз блоггер өзү жазган билдирүүсүнөн тышкары жазылган комментарийлерге да жооптуу дегенди билдирет. Биз да ушуга келебизби?

"Азаттык" үналгысын колдогон акция, 2005-жыл, 28-февраль.

"Азаттык" үналгысын колдогон акция, 2005-жыл, 28-февраль.

Депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Таабалды Тиллаев сунуштаган долбоорго ылайык, чет өлкөлүк юридикалык же жеке тарап катышкан маалымат каражаттардын ишмердигине тыюу салынат. Ошондой эле четтен келген каражат медиа мекеменин жылдык бюджетинин 20 пайызынан ашпоосу керек. Бул демилге жарандык коомдун катуу сынына кабылып, укук коргоочулар мыйзамды чакыртып алуу талабы менен Ак үй алдына митингге да чыгышкан. Мындан улам аталган демилгени талкуулоо белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылган.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG