Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Жарандык коом өкүлдөрү “Азаттык” радиосуна каршы багытталган мыйзам долбоорун артка кайтаруу талабы менен бийликке кайрылуу жолдоду.

Алардын айрымдары Ак үй алдына нааразылык акциясына чыгып, сөз эркиндигине карата басымды токтотуу талабын коюшту. Мыйзам долбоорунун авторлору мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр маалымат коопсуздугун бекемдөөгө гана багытталганын айтып, аны сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок деп ишендиришкен болчу.

Эски бийликтин изи менен...

Жогорку Кеңеште “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр шашылыш түрдө каралар алдында бир катар укук коргоочулар жана жарандык активисттер Ак үй алдына чогулушту. Колдоруна “Азаттыктан" колуңду тарт” жана “Сөз эркиндиги үчүн” деген ураандарды көтөргөн жарандар бийлик эски тырмоочту кайрадан тебелей баштаганын эскертти. Алар мурдагы президенттер Акаев, Бакиев режимдери дагы куларга бир-эки ай калганда “Азаттыктын” толкундарын эфирден өчүргөн жагдайларды мисал келтиришти.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул тууралуу мындай деди:

- Акаев да “Азаттыкка” азуусун кайрап жатып бийликтен кеткенин билбей калды. Анан ага Бакиев басымын күчөтүп жатып, качып кеткени белгилүү. Азыр ошол эки режимдин жоосунсуз жоругун бул бийлик кайталап отурат. Мурдагы качкын президенттер бийликтен кеткен менен аларды жандап жүргөндөр азыр кайра эле бийликке келип, мына ошол эски адаттарын баштап жатканы аныкталып отурат. Себеби “Азаттык” азыркы бийликтин дагы коррупцияга аралашканын жазганы үчүн өч алгылары келип жатышат. Булардын шашылыш түрдө мыйзам токуй салып, “Азаттыкты” муунтабыз дегени ошону көргөзүп турат.

Айрым жарандык коом өкүлдөрү бул демилгени президенттик шайлоо алдында маалымат мейкиндигин аягына чейин тазалоо аракети катары карашууда. Анткени мурдагы бийлик режимдеринин тушундагыдай эле өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарынын дээрлик көпчүлүгү бийликтин толук көзөмөлүнө өткөнү айтылды. Мына ушундай эле маалымат мейкиндигине чектөө киргизүү саясаты Акаев менен Бакиевдин тушунда кеңири жайылган практика болгону мисалга алынды.

Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова бул кайрылуу парламентке тапшырыла турганын билдирди:

- “Азаттык” кыргыз тилинде тайманбас, так жана бейтарап маалыматтарды таратып, коомчулуктун кызыкчылыгын дайыма жогору көтөрүп жүргөнү үчүн элге алынган. Бүгүнкү күндө азыркы бийлик мурдагылардай болуп кайра эле ошол калыс жана бейтарап маалымат берип келген радионун үнүн өчүрүүгө аракет жасап жатканы кооптондурбай койбойт. Мына ошондуктан биз бүгүн “Азаттыкка” азаттык жана андан колуңарды тарткыла” деген ураан менен чыгып жатабыз.

"Арай көз чарай": Сөз эркиндиги ооздукталабы? 17.06.2016

Тарыхка “тапанча” такагандар

Мыйзам долбоорун алып чыккан төрт депутаттын экөө КСДП, экөө “Республика Ата-Журт” фракциясынан. Алар мурда маалымат саясаты менен алектенген эмес. Андыктан бул демилге аларга жогору жактан “түшүрүлгөн” болушу мүмкүн деген күмөн саноолор бар. Бирок КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов мыйзам долбоорунун мазмуну менен тааныш эмес экенин айтты. Кезинде оппозицияда болгон азыркы КСДПнын аттуу-баштууларынын үнү “Азаттык” аркылуу коомчулукка жетип турганын эске салды.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул мыйзам долбооруна карата көз карашын ачык айткысы келбеген менен акыйкатты жайылтуудагы “Азаттыктын” ролун тана албасын белгиледи:

- Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки коомдук-саясий турмушунун түптөлүшүнө, демократиянын өнүгүшүнө "Азаттыктын" кошкон салымы абдан зор. Канчалык сөз эркиндиги болсо, ошончолук ачык-айкындуулук болот. Бул демократиянын пайдубалы. Ачык-айкындык бийликтеги чиновниктердин кыңыр иштерине жол бербейт. Сөз эркиндиги сөзсүз болушу керек.

Быйыл 10-июнда парламенттин төрт депутаты “массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн. Мыйзам долбоору чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга Кыргызстанда маалымат каражатын түзүүгө чектөө киргизүүнү карайт. Ошону менен катар анда чет жактан каржыланган маалымдоо каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керектиги көрсөтүлгөн. Муну мыйзам долбоорунун авторлору өлкөнүн маалымат коопсуздугун чыңдоого байланыштуу чара катары мүнөздөштү. Бирок анын өлкөдө кеңири жайылган орусиялык, өзбекстандык жана казакстандык телеканалдарга тиешеси жок.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Нарын Айып бул демилгенин түпкү максатына мындайча токтолду:

- Бул мыйзамды аябай шашылыш даярдап туруп, аны көздөн далдоо кылуу менен тез эле өткөрүп жиберүү аракети ачыкка чыкты. Анткени ал 10-июнда каттоодон өтүп, 13-июнда тез арада эле комитетте карала калып, анан минтип эки күндөн кийин парламенттин жалпы кароосуна коюп, бир күндө эле палатадан үч окуу менен кабыл алып жиберүүгө жасалган аракеттин өзүндө чоң шек жатат. Бул мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынын көчүрмөсү экени көрүнүп турат. Бирок анын Кыргызстанда иш алып барган орусиялык маалымат каражаттарына таасири тийбейт. Анткени алар мамлекеттер аралык келишим менен жөнгө салынат. Бул бир гана тандалмалуу түрдө “Азаттыкка” тиешелүү болуп жатат. Ошондуктан бул жерде атайын буюртма болушу мүмкүн деген суроо туулду.

Жарандык коом өкүлдөрү менен укук коргоочулардан турган демилгелүү топ аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырган кайрылууга карата кол топтой баштады. Бул демилгени ондон ашуун коомдук уюмдар колдоп, кайрылууларын парламентке жолдошкону белгилүү болду. Бул арада мыйзам долбооруна оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү маселесине байланыштуу аны палатада кароо кийинкиге жылды. Парламенттин бул мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алуу аракетин бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлер дагы айыптап чыгышты.

Момбеков: мыйзам сөз эркиндигин чектейт

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG