Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Өнөрпоздордун Жеңишке кошкон салымы


"Евгений Онегин". Онегин - Абдылас Малдыбаев, Ольга - Мариям Махмутова.

"Евгений Онегин". Онегин - Абдылас Малдыбаев, Ольга - Мариям Махмутова.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Кыргызстандагы театр искусствосу кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче элди биримдикке, патриоттуулукка үндөп, эрдикке чакырган чыгармалар жазылып, алар сахнага коюлган.

Экинчи Дүйнөлүк согуш жалпы адамзат тарыхындагы кандуу булоон, кайгынын кара тагы, кызыл кыргын салган эң трагедиялуу мезгил экенин тарых тастыктады.

Мына ошол өткөн кылымдын 40-жылы Ата Мекендик согуш жаңы башталганда Кыргызстандын өнөрпоздору да кол куушуруп отуруп калышпаганы тарых барактарында, архивдик документтерде баса белгиленген. Ошол кездеги өкмөттүн айрым токтомдоруна көз жүгүртсөк чыгармачыл жамааттар фашисттик Германияны жеңип, өлкөнүн маданий-экономикалык өнүгүүсү үчүн айыл чарбасындагы дыйкан-малчылардан, өндүрүштөгү жумушчулардан кем калышпаган зор салым кошуптур.

Согуш башталгандан тартып музыкалык-драмалык өнөргө өзгөчө маани берилип, коомчулуктун патриоттуулук потенциалын активдештирүүгө басым жасалат. Театрлардын репертуарлары Ата Мекенди коргоого, биримдикке, достукка чакырган, баатырдык, эрдик жасоого ураан таштаган чыгармалар менен толукталган. Акын-жазуучулар да чыгармаларынын негизги темасын душманды жеңүүгө бурат. Кыскасын айтканда фашисттик баскынчыларга каршы согушта адабият менен искусство маанилүү идеялык курал болгон.

Касымалы Жантошевдин "Курманбек" пьесасы. 1944-жыл

Касымалы Жантошевдин "Курманбек" пьесасы. 1944-жыл

1941-жылдын башталышында Фрунзедеги бирден бир кыргыз музыкалык драма театры В.Винниковдун либреттосу боюнча жазылган композитор Власов менен Ференин патриоттуулук темасына жазган “Эл таалайы” деген Советтик армиянын даңктуу полководеци Михаил Фрунзенин өмүрү менен ишмердиги жөнүндө баяндаган операны көрсөтүшкөн. Бирок бул опера драматург жана композиторлор тарабынан жеткиликтүү иштелбей калгандыктан сахнада көпкө туруштук берген эмес.

Ал эми 1941-жылдын 1-февралына карата республиканын аймагында Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театры “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Евгений Онегин” операларын, “Анар”, “Күндөштөр” балетин коюшкан.

"Айчүрөк" операсы. Семетей-Жапар Садыков

"Айчүрөк" операсы. Семетей-Жапар Садыков

Согуш мезгилинде кыргыз жергесинде үзүрлүү эмгектенгендердин бири композитор В.Г.Фере “Кыргызстан” деген симфониясын жаратса, П.Ф.Шубин болсо “Ыйык согуш” деген патриоттук ырын жазган. 1941-жылдын ноябрында композиторлор В.А.Власов, А.Малдыбаев, В.Г.Ференин К.Маликов менен А.Куттубаевдин либреттосунда Улуу Ата Мекендик согушка арналып, кыргыздын эки актылуу биринчи операсы “Патриот” спектаклинин бет ачары болду. Абдылас Малдыбаев, Аман Түлеев, Мукаш Абдыраев, Жумамүдүн Шералиев, Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов, Алыкул Үсөнбаев, Саякбай Каралаев, Бектемир Эгинчиевдин чыгармалары өтө белгилүү болуп, калктын калың катмарына тараган.

Айтылуу төкмө акын Алыкул Үсөнбаев согуш башталганда колуна калем алып «Өлүмгө өлүм» аттуу ырында төмөндөгүдөй ыр саптарын жазган:

Асылып келген душмандын,

Айлыма тийди залалы.

Абалтан адам көрбөгөн

Ушундай бети караны.

Капылеттен басышты,

Кээ жерден кыштак, калааны,

Ач көздүк менен акмактар,

Ар нерсени талады.

Кара малдай мууздады

Катын менен баланы —

деп башталып, фашисттердин ырайымсыз кылык-жоруктарын сүрөттөйт. Ошону менен катар өлкөбүздөгү жалпы журтту душманга каршы күрөшүүгө үндөп, жоокерлерди эр жүрөктүүлүккө, баатырдык салгылашууга, душманды талкалоого чакырат:

Пулемет огун жаадырып,

Замбирек турсун заңкылдап.

Атылып чыгып асманга

Ак шумкар тепсин жаркылдап.

Ойдо жетсең, ойдо сой,

Кырда жетсең, кырда сой.

Көлдө жетсең, Көлдө сой,

Көз жетпеген чөлдө сой,

Өрдөктү шумкар илгендей,

Ала барчын текөөрлөп,

Алтайды сермеп жүргөндөй,

Ак булут, туман черде сой!

Ажалдан башын көтөртпөй,

Алгалап сокку ургула!

Жериңден айдап чыгарып,

Желмогузду кыргыла!

Жок болду душман өлдү деп —

Жолборстой тиктеп тургула! –деп күчтүү патриоттук ой-толгоолор, баатырдык күрөшкө үндөгөн пафосу таасирдүү берилген.

Аалы Токомбаевдин "Ант" пьесасы. Солдон оңго: Мурадил Ибраев, Муратбек Рыскулов жана Насыр Китаев. 1942-жыл

Аалы Токомбаевдин "Ант" пьесасы. Солдон оңго: Мурадил Ибраев, Муратбек Рыскулов жана Насыр Китаев. 1942-жыл

Ошол кездеги кыргыз элинин акындары, жазуучулары, драматургдары Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Райкан Шүкүрбеков, Узакбай Абдукаимов, Жума Жамгырчиев, Кусейин Эсенкожоев, Ясыр Шиваза, Касымбек Эшмамбетов, Төлөн Шамшиев жана башкалар өлкөнү душмандардан коргоо үчүн колдоруна курал алышып, согуш майданына жөнөшүп, Советтик Армиянын катарында болушкан.

Патриоттуулук, Ата Мекенди коргоо, жоокерлердин эрдиктери, тылдагы эмгекчилердин каарман эмгеги кыргыз жазуучуларынын ошол мезгилдеги негизги темалары болуп калган. А. Токомбаевдин «Ант», Т. Үмөталиевдин фронтто жүрүп жазган «Үч баатыр жөнүндө ыр», «Кубат», К. Жантөшевдин «Чолпонбай», А. Осмоновдун «Согуштук ырлар», К. Маликовдун «Менин Кавказым» поэмалары, Т.Сыдыкбековдун «Артиллеристтер» ж. б. чыгармалары элди туруктуулукка, жаңы эрдиктерге чакырып, жеңиштин камсыз болоруна ишендирген.

"Айчүрек" операсы. Мариям Махмутова

"Айчүрек" операсы. Мариям Махмутова

1941-жылы Кыргызстандагы театрлар тууралуу архивдик маалымат: Ошол кезде республикада театралдык 19 жамаат (труппа) болгон. Алардын жетөө орус, тогузу кыргыз, бирөө украин, экөө өзбектики. Жалпысынан республика боюнча 16 театр иштеген. Фрунзеде Ленин орденүү Кыргыз мамлекеттик музыкалык театр, Н.Крупская атындагы орус драмалык жана Жаш көрүүчүлөр театры, Ош өзбек театры, Өзгөн, Ысык-Көл, Нарын областык жана колхоздук 14 театр болгон. Жалпысынан Республикадагы театрларда 728 актер эмектенип, алардын ичинен 53ү орден медалдар менен сыйланышкан, 10 адамга искусствонун эмгек сиңирген ишмери, 11 адамга Кыргыз ССРнин Эл артисти, 32 адамга эмгек сиңирген артист наамы берилген. 109 адам Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Ал эми азыр тынчтык мезгилде, эгемендүү Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө президент тарабынан төрт жылдан бери мораторий жарыяланып, артисттерге мамлекеттик сыйлыктар берилбей келатат.

XS
SM
MD
LG