Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Согуштун аял жүрөгүндөгү кеткис тагы


Кант районунун Фрунзе колхозунда күрүчтү жыйноо учуру. 1943-жыл. (Сүрөт борбордук мамлекеттик архивдин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды)

Кант районунун Фрунзе колхозунда күрүчтү жыйноо учуру. 1943-жыл. (Сүрөт борбордук мамлекеттик архивдин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды)

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен аякташына тылда жана ооруктагылар олуттуу салым кошкондугу белгилүү. Ал кезде иш тандабай, кош айдап, буудай оруп, фронтко азык-түлүктөн баштап, жылуу кийим-кече жөнөтүп турган кыз-келиндердин орду, ролу эбегейсиз.

Улуу Ата Мекендик согуштун оту тутанган 1941-жылы Жумакан Акчалова 10 жашта болчу. Ошол кезде атасынын жашы 50гө чукулдап калгандыктан согушка барган эмес. Анын ордуна 18 жаштагы бир тууган агасы кетип, кайтпай калган.

- Апам көзү өткөнчө дайыны чыкпаган баласын күтүп, балким келип калат деген үмүт менен жашады. Эшик ачылса эле "ким келди?" деп сурай берчү, - дейт Жумакан апа ошол күндү улутуна эскерип.

Ал кезде мындай тагдыр көптөгөн энелердин башына түшкөн. Өмүрлүк жарын, кырчындай баласын, карачечекей бир тууганын кан күйгөн согушка жөнөтүп, көзүн жылтырата зарыга күткөн учурлар дээрлик ар бир үйдө болгонун ошол мезгилдин каармандары эскерип калышат.

- Согуш мени турмушка эрте бышырды. Ал кезде Чүй каналын замбил көтөрүп, жалаң аялдар казган, байкуштар. Биз ошол айылга жакын турчубуз. 100 чакырым болсо керек. Түшкүсүн апам тамак жасап берет. Анда деле кайсы тамак дейсиң, жарма, айран болчу. Ошону көтөрүп, үч чакырым каналды бойлоп аялдарга жеткирип берчүбүз. Мен Күлүпа Кондучалованын айылынанмын. Ошондо аялдар чарчадык деп деле айтышчу эмес. Колу менен казып, эки-экиден замбил көтөрүшүп, азап тартышкан. Анда район, облус дегенди деле билчү эмеспиз. Ошол жактан да аялдарды алып келсе керек. Тердеп, жондору кыпкызыл болуп күнгө күйүп, көйнөктөрүнүн өңү бат эле оңуп кетээр эле. Үйгө келгенде да жаныбыз тынбайт. Байпак, мээлей токутат согушка жөнөтөбүз деп. Ошондой ынтымактуу болчубуз илгери. Көрбөгөндү көрдүк балам, ачка калдык, жыртык-тешик калдык, жылаңайлак жүрдүк. Азыр үйдүн ичинде байпагы жок жүрбөйбүз...

Ошондогу беш көкүл кыз учурда 85ке чыгып, эки кыз, небере-чөбөрөлөрүн жыттап, төрдүн көркү болуп жүргөн чагы.

Биздин кийинки маектеш Бааркан Турганбаева да согуш маалында 10 жашта экен. Ал Ош облусуна караштуу Алайдын Кыркоол айылынан. Айылда калган кыз-келиндердин бири деле бош болбой, колуна тийген ишти жасап, жеңишке салым кошту деп эскерет.

- Ошондо раиси деле, бригада башчысы деле аялдар болуп калган. Арпа-буудай оргондор да, кош айдап, кетмен чаап, кырман казгандар да ошолор болду. Үч бригададан тандап, кыйын оргон отуз орокчу чыгарышты. Ошолорго кызыгып, суктанып карачубуз. Түнү менен кароол болуп, буудайларын сапырып, кырманда жатып калышат эле. Бизди мугалимдер машак тергенге чогултуп алып кетчү.

Бааркан апа тапканын согушка, аскерлерге деп жөнөтүп турган ачарчылыктан эл амалкөйлүк менен гана чыккан деп эсептейт.

- Алгы деген өсүмдүк боло турган. Анын картошкадай болгон түбүн сүрүп, суудан тундуруп алышчу. Аппак болуп калганын кургатып нан кылып, атала жасап ичишчү. Согуш бүттү дегенде эл ушундай дуулдап, бири-бирин кучактап эле ыйлап калышты. Үйүндөгү тапкан-ташыгандын баарын көчөгө көтөрүп чыгып, майрам кылышкан.

​Эмгеги менен элге таанымал болгон Социалисттик эмгектин баатыры Зууракан Кайназарова атактуу кызылчачы катары айыл чарбанын өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Айрыкча кан күйгөн согуш жылдарында, согуштан кийин да күнү-түнү бел байлап эмгектенген.

Cогуш Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы, Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокованы да көп аялдардай эле эрте жесир калтырган. Ошого карабай көз жашын эч кимге көрсөтпөй, тиштенип иштегенден башка айласы жок болгонун “Азаттыкка” курган маегинде эскергени бар.

Ошондогу азапты баатырдык менен көтөргөн каарман аялдардын бири Алиман Жангорозова. Алган жары Шарше Жунушов согушка кетип баратып, карыган атасын, энесин, эки баласын Алиманга табыштаган. Мына ушул өңдүү ар бир айылдын өзүнүн Зуураканы, Керимбүбүсү, Алиманы болгон десе да туура болчудай.

Ал эми биздин кийинки маектешибиз Галы Алымкулова. Учурда 85 жашта. Согушка алгач абасы, анан атасы кетип, апасы чиедей балдары менен калганын үшкүрүнүп, көзүнө жаш тегерене эскерип отурду.

- Менин атамды таңга маал, уктап жаткан жеринен ойготуп алып кеткен. Кетип атып чачыман сылап, ыйлап жаман болгон. Балдарымды жакшы кара, кызымды жакшы кара деп апама табыштап, кайра-кайра бетимден өпкөнү азыр да эсимен кетпейт. Эстесем азыр да жаман болом. Ошондой күндөр болгон, атанын мээримине зар болуп чоңойдук. Ал күндөрдү айтып отурсак ыр менен жомок.

Чоң энем бизди ыйлап-сыктап жүрүп чоңойтту. Апам келерден кечке иште. Атаман калган бир оро арпабыз бар эле ошону эки жыл жедик. Эчкини саап, анын айран-сүтүн берип бакты. Арпа, тамак-аш, кийим-кечени, ашыкча оромол, жоолукту үймө-үй кыдырып чогултушкан.

Асылып калды балдарга,

Аялдар калды чалдарга.

Кызыгып калды балдарга,

Кыздары калды чалдарга - деп аялдар ыйлап кала беришкен.

Ата Мекендик согушта алган жарлары курман болуп, оорукта жесир калган аялдар тагдырдын башка салганын, турмуштун кыйынчылыктарын мойнуна көтөргөн кайраттуу, сабырдуу чыныгы каармандар. Бирок тарыхчылар согуш мезгилиндеги баатыр аялдардын эмгеги көп эскерилбей, изилденбей калууда деп эсептешет. Алардын бири тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова.

- Мисалы, азыр Кайназарова менен Шопокованы эле билебиз. Ошол кезде канчалаган аялдар көп оор иштерди өз мойнуна алган. Анын баарын тарыхчылар, мамлекет изилдеп чыгышы керек. Тилекке каршы, андай аракеттер болбой жатат.

Быйыл мурдагы Советтер Союзуна кирген, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан өлкөлөр Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алдында турат. Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 1150дөн ашуун согуштун ардагери, оорукта иштеген беш миңдей адам калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG