Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Узап бараткан аптада кыргыз-өзбек чек арасындагы атышууда эки өзбек чек арачысы каза болду. Кыргызстан аскердик доктринасын жарыялады. “Кыргызгаз” Орусияга сатылып, ордуна “Кыргызгазпром” ишканасы түзүлдү.

Кыргызстан жаңы аскердик доктринаны кабыл алды

Ар бир өлкө туруктуу жана коопсуздугуна кылчактабай өнүгүүсү үчүн күчтүү куралдуу күчтөр жана так аскердик саясат керек. Кыргызстан бул маселенин эки жагынан тең аксап келатат. Куралдуу күчтөр жетиштүү каржы бөлүнбөгөндөн жабыркаса, аскердик саясат ошого жараша кагаз бетинде кала берүүдө.

Бирок бул кырдаалды өзгөртүүгө шарт түзүлүп келаткандай. Ал шарт Кыргызстанга Орусиянын колдоосунан жаралганын айта кетүү эп. Москва Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 1 млрд. доллардан ашуун суммага курал-жарак берүүнү мерчемдеп жатат. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсүнө караганда, ал курал-жарактар келерки жылдан баштап берилет. Бул курал-жарактар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоого негизги салым болорун аскердик талдоочулар белгилешет.

Мына ушул курал-жарактарды утурлай Кыргызстанда жаңы аскердик доктрина бекитилди. Доктринада азыркы замандагы жаңы коркунучтар аталды. Алар: региондогу суу-энергетикалык талаштар, чек ара маселелеринин чечиле электиги, улуттар аралык мамилелер.

Бул үч коркунуч 2010-жылдан кийин күч алды. Маселен, региондо суу-энергетикалык маселелердин чечилбей келатканы регион коопсуздугуна түзүлгөн негизги коркунучтардын бири экенин эл аралык эксперттер белгилешкен. Өзбек президенти Ислам Каримов ГЭСтердин курулушуна каршы чыгып, бул маселе согуш жаратыш мүмкүндүгүн эскертүүсү эксперттердин оюн тастыктап турат. Улуттар аралык карама-каршылык коопсуздукка кандай коркунуч алып келерин 2010-жылдагы июнь окуясы көрсөттү.

Доктринада Кыргызстан аскердик багытта тыгыз кызматташа турган уюмдар катары биринчи кезекте ЖККУ, ШКУ аталган. Алардан сырткары “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” сыяктуу Батыш менен биргеликте аткарылып келаткан программалар да белгиленген.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов жаңы документте коопсуздукка түшүп турган коркунучтар туура аныкталган, бирок мындай документтер артында каржылоонун жоктугуна байланыштуу кагаз жүзүндө кала берүүдө дейт:

- Негизи доктрина абдан туура жазылган. Бирок ошол эле учурда аскерлердин абалы өтө оор. Офицерлер болгону 10-15 миң сомдон айлык алышат. Аларга квартира берилбейт. Ошол себептен менде суроо туулуп турат: качан бул доктрина аткарылышы керек? Экинчи жагынан кайсы каражатка ушунун баары аткарылат? Ансыз мунун баары жөнөкөй эле декларация.

Дагы бир генерал Артур Медетбеков жаңы аскердик доктринада куралдуу күчтөрдү ички карама-каршылыктарды жоюуда пайдалануу жобосу Баш мыйзамга каршы келерин белгилейт. Маселен, 2010-жылы апрель ыңкылабы учурунда айрым жарандардын колунда курал болгону анык. Ошондой кырдаал кайра түзүлүп калган шартта азыркы доктринада куралдуу күчтөрдү пайдалануу каралган дейт Артур Медетбеков:

- Бул жерде ошондой окуялар болуп калган болсо, азыркы биздин өкмөт Бакиевдин убагындай эле куралдуу күчтөрдү пайдаланып калбайбы деген суроо туулат. Экинчиден, азыркы күндө июнь окуясы учурунда аскердик бөлүктөрдөн курал-жаракты тартып алып, өзүнчө куралдуу топтор түзүлүп калбадыбы. Мындай шартта кандай күрөшуш керектиги боюнча механизмдер такталган эмес. Көп жерде күмөндүү жоболор жазылып калыптыр. Коомдук коопсуздукту сактоого куралдуу күчтөр тартылат деп жазылып калыптыр. Бул Конституциянын кээ бир жоболоруна карама-каршы келери көрүнүп турат.

Апрель ыңкылабы учурунда куралдуу күчтөр эмес, атайын кызматтар тарабынан курал колдонулганын белгилей кетели.

Эксперттердин мына ушундай күмөнүн жараткан аскердик доктрина президенттин жардыгы менен бекитилди. Доктринадагы негизги максаттардын бири болгон Куралдуу күчтөрдү реформалоо, Коргоо министрлиги менен Генералдык штабдын функцияларын тактоо, бирдиктүү командалык борборду түзүү боюнча айрым аракеттер жүрүп жатканы маалым.

Чек арада эки өзбек чек арачысы окко учту

Узап бараткан аптада кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир кандуу окуя болду. 23-июлда Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде атышуу болуп, андан эки өзбек чек арачысы набыт болду. Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымдоосуна караганда, өзбек чек арачылары Кыргызстан аймагына өтүп келгендиктен, эки ортодо келишпестик чыккан. Өзбек чек арачыларынын ок чыгаруусуна жооп кылган кыргызстандык чек арачылар да ок чыгарышкан. Натыйжада бир өзбек чек арачысы ошол жерде, экинчиси ооруканада каза тапкан.

Июнь айында Кадамжай районунда өзбек чек арачылары Кыргызстан аймагына 500 метр кирип келип, кыргыз жараны Бакыт Тагаевди мыкаачылык менен атып кетишкен. Бул окуяны биргелешип иликтөөгө өзбек тарап каршы чыккан.

23-июлдагы окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара башчылары жолугушуп, бир пикирге келе алышкан эмес. Ар бир тарап өз пикиринде кала берген. Тактап айтканда, кыргыз тарап окуя Кыргызстан аймагында болгонун жана кыргыз чек арачыларынын аракети өзбек чек арачыларынын аракетине жооп болгонун билдирип чыкса, өзбек тарап Өзбекстан аймагында болгонун билдирип чыкты. Андан сырткары өзбек тарап интернет булактары аркылуу кыргыз чек арачыларын мокочо кылып көрсөтүү өнөктүгүн жүргүздү. Маселен, өзбек интернет булактары кыргыз чек арачылары мас абалында өзбек аймагына кирип келип, өзбек чек арачыларына ок аткан деп чыкты.

Бирок коомчулукту мына ушундай маалыматтык согуш эле эмес, чек арадагы атышуулар масштабдуу кагылышууларга өтүп кетпейби деген чочулоолор көбүрөөк түйшөлттү.

Адистер чек аралардагы кандуу окуялар көбөйүшүн чек аранын аныкталып бүтө электиги менен байланыштырып келет. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча иштер тунгуюкка кептелип калды дейт чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов:

- Делегациялар деңгээлинде жасала турган иштер жасалып бүттү. Азыр эң эле жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр менен чечиле турган маселелер калды. Ошондуктан делегациялар жолугуп, улам мындай кылабыз, тигиндей кылабыз дегени, менин оюм боюнча, убакытты созгон далбаса. Себеби бул маселелер жогорку саясий деңгээлде чечилүү даражасына жетип калган.

Аламановдун айтымында, ал саясий чечимдер оор болот. Бир тарап нааразы, бир тарап ыраазы болушу мүмкүн.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун айтымында, чек арада ок атышкан окуялар аларга куралдуу күчтөрдүн катышып кетүүсү менен коркунучтуу. Бул коркунучка регионго ар тараптан курал чогулуп жатканы кошул-ташыл болот:

- Азыркы кезде регионго курал-жарак топтолууда. Бир жагынан Ооганстандан аскерлер чыгарылып, алардын куралдарын Борбор Азия мамлекеттерине берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи жагынан Орусия Кыргызстанга курал-жарак бере турган болууда. Ошондуктан регионго курал-жарак топтолушун токтотуу мүмкүн болбой калды. Курал бар жерде куралдуу кагылышуу тобокелчилиги да күчөйт.

Кадыр Маликовдун пикиринде, чек араларда түзүлгөн кырдаал Кыргызстанга ал жерлерде аскерлерди күчөтүүдөн башка арга калтырбайт.

Чек ара кызматынын башчысынын мурунку орун басары Кубанычбек Сарыбаев чек араларда терс окуяларды азайтуу үчүн эки өлкө аныкталган чек ара участоктору боюнча протоколдорду мыйзам күчүнө жеткирип, ал эми калган бөлүгүн кайтарууну макулдашып алуусу керек дейт. Белгилүү болгондой, 1300 чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасынын 70% жакыны аныкталган. Калган бөлүгү боюнча оор сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Кыргызгаз" жоюлуп, "Кыргызгазпром" түзүлдү

26-июлда Москвада Кыргызстан менен Орусия газ тармагында кызматташуу боюнча келишимге жетишти. Келишимге кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, орус тараптан энергетика министри Александр Новак кол койду.

Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, келишимдин негизинде “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпромго” өткөрүлүп берилет. Орусиянын “Газпромуна” таандык боло турган жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, Кыргызстан мыйзамдары менен иштейт. Ал ошондой эле “Кыргызгаздын” бюджетке 600 млн. сом, Казакстанга 13 млн. доллар карызын төлөө милдетин алат. Кыргызстандын газ чарбасына салына турган инвестиция тууралуу Осмонбек Артыкбаев буларды белгиледи:

- Булар 20 млрд. рубль же 670 млн. доллар деңгээлинде инвестиция жасап, бүт инфраструктураны жаңылайт. Экинчиден, газ сактоочу жайларды курат. Үчүнчүдөн, газ жетпей жаткан жерлерге газ жеткирет. Кыргызстанды газ менен толук камсыздоо милдетин алып жатышат.

Артыкбаевдин айтымында, андан сырткары 100 млн. доллар Кыргызстанда газ кендерин издөө, иштетүүгө жумшалмакчы.

Жаңы келишим эки өлкөнүн парламентинде ратификациядан өтүүгө тийиш. Күз айларында аны ишке ашыруу пландаштырылууда. Мына ошону менен орус тарап келерки жылга өлкөнү газ менен камсыздоо милдетин алмакчы.

Кыргызстан Казакстанга 500 млн. килловат саат электр энергиясын 4 центтен сатууга макулдашканы маалым. Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, бул келишим Кыргызстан үчүн пайдалуу болду. Анткени көмүр, кара май сатып алууга шарт түзүлдү.

Энергетика тармагында кеңири реформаларды баштоо макулдашылганын белгилеген Артыкбаев, анын негизги максаты жоготууларды азайтуу жана башкарууну жакшыртуу болорун кошумчалады. Бул реформа боюнча эл аралык финансылык уюмдар, элчиликтер менен дүйшөмбү күнү жолугушуулар болот.

Энергетика министрлиги Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо иштерин баштоо алдында турат. Ал үчүн Кытайдан 400 млн. доллар тартылмакчы.

Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, Москвада газ боюнча эле эмес, Камбар-Ата-1 жана башка ГЭСтерди куруу боюнча да сүйлөшүүлөр болду. Орус тарап Жогорку Нарындагы төрт ГЭСти 2016-жылга чейин куруп бүтүүнү болжоп жатат. Андан сырткары Суусамыр, Көкөмерен ГЭСтерин куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ал эми Камбар-Ата-1дин курулушун баштоо маселеси тууралуу Артыкбаев буларды айтты:

- Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи капсуласын коюуну 1-октябрга деп пландап жатабыз. Азыр ошого карата бардык даярдыктар катуу жүрүп жатат. Негизинен иштин баары Техникалык-экономикалык негиздемени түзүүнүн үстүндө жүрүп жатат.

Осмонбек Артыкбаев "Датка" подстанциясынын курулушу, "Датка-Түштүк", "Датка-Кемин" электр линиясынын тартылуусу жана Орусия менен жетишилген келишимдердин аткарылып жатышы Кыргызстанды өнүктүрүүгө алып келет деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG