Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы коогалаңдан кийин тынчтыкты орнотууда, туруктуулукту камсыздоодо аялдардын коомдогу ролуна арналды.

Талкууга катышкандар:

Өнүгүү жана кызматташтык боюнча Борбор Азия фондунун Оштогу өкүлү Икбол Бахрамова, Оштогу Рудаки мектебинин директору Манзура Асланова, Регионалдык иликтөө борборунун координатору Гүлзад Шамсудин.

“Азаттык”: Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген адамдарды жабыркаткан июнь коогасына бир жыл болгону калды. Албетте өткөн бир жыл ичинде июнь коогасы салган так толук айыкты деп айтуу эртерээк кылат го. Ушундай шартта бүгүнкү аялдын милдетин эмнеден көрүп жатасыздар?

Гүлзад Шамсудин: Биздин маданиятыбызда, үрп-адаттарыбызда үйдүн кутун аял киши сактап келет. Ошонун негизинде азыркы турмушта аял кишиге зор жүк түштү деген ойдомун. Себеби аял киши эң биринчиден балдар жөнүндө, андан аркы турмуштун келечегин да ойлонуш керек болуп атат.

Азыр аял киши өзүнө чоң жоопкерчиликти алып, Ош жергесинде турмуш тынчтык жолуна, бейпил жашоого бурулганга өзүнүн зор салымын кошуш керек деген ойдомун.

“Азаттык”: Икбол айым, аялдын милдети бүгүнкү күндө эмнеде?

Икбол Бахрамова: Июнь коогалаңынан кийин аялдын ролу өтө салмактуу болду. Балдарды тарбиялаганы, түйшүк тартканы аз келгенсип, айрыкча айрым аймактарда тынчтыкты сактоо үчүн аябай эле салым кошту.
Дүйнөнү сулуулук сактап калат деген макал бар эмеспи. Ошол сулуулуктун бир далили аял киши болсо керек дейм.

Бүгүн аялдар дагы эле салымын улантып атат. Алар кырдаалды өзгөртүүгө, ошол кырдаалды башка көз караш менен көрүүгө, балдардан, улуулардан тарта аксакалдарга чейин чакырып атат. Тынчтыкты жайылтуу үчүн ар кандай ишмердүүлүктү жүргүзүп жатышат. Аял азыр жубай да, эне да, педагог да, коомдук ишмер да, жетекчи да болуп атат. Андыктан аялдын азыр тынчтык орнотуучу ролу абдан чоң.

“Азаттык”: Азыр эч кайда кача албай турган чындык турат: бири атасын жоготту, бири баласын, бири бир тууганын жоготту. Аларда ыза калды. Ошол ызаны, ичинде калган кекти кетирүүнүн жолу кандай?

Икбол Бахрамова: Биз кечиримдүү болушубуз керек. Чынында эле өтө көп аял балдарын, күйөөлөрүн жоготушту, аны калыбына эч качан келтире албайсың. Бул орду толгус терең жоготуу. Бирок биз башка балдардын келечегин, мамлекеттүүлүктү ойлошубуз керек.

Коогалаңда небересин, уулун жана кызын жоготкон аял.
Көптөгөн аялдар азыр психологиялык реабилитацияга муктаж болуп жатат. Бул кырдаалдан чыгуунун көптөгөн ыкмалары бар. Бул үчүн биз баарыбыз аралашып, бири-бирибизди кечиришибиз керек. Проблемадан качпай анын алдын тосуп баруу керек.

“Азаттык”: Мансура, өч алуу, кек алуу деген тереңде катылып калган ыза бар да, ушуну кантип жоготуш керек?

Манзура Асланова: Аял киши адегенде эне. Ал эне катары биринчи балдарынын келечегин, жашоосун ойлош керек. Башка айла жок, азыр бири-бирибизди кечирип, ынтымакта жашоону улантыш керек. Аялдардын колунда чоң күч бар. Саясатты жасап аткан көпчүлүк эркектер болот. Алардын деле апасы, эжеси, кыздары, аялы, карындашы бар. Эркектерди жолго салып, туура жол көрсөткөнгө аял кишинин күчү жетет. Ошон үчүн аялдар биринчи балдарына, жакындарына кечиримдүү болууну айтыш керек.

Алдыда көп иш турат

“Азаттык”: Мен билгенден регионалдык иликтөө борбору коогалаңдан кийин узак мөөнөттө реабилитациялоо иштерин жүргүздү эле. Кимдер тартылды, кандай майнап болду?

Гүлзад Шамсудин: Биздин долбоорубуз “Куралдуу чыр-чатак болгон райондордо балдарды жана аялдарды колдоо” деп аталды. Биз июндун аягынан баштап мектептерде, санаторийлерде, лагерлерде балдар үчүн коопсуздук аянтчаларын ачканбыз. Анан жай бою 3200дөй бала өттү.
Аял кандайдыр бир кишилердин куралы катары пайдаланылып калды.

Эң негизги жолу арттерапия болду: сүрөт тартуу, оюн ойноп, балдарды катуу стресс алган абалдан чыгарыш керек болду. Күзүндө да жайкыдан оор болгон балдардын арасында реабилитациялоо иштерин жүргүздүк, кышында 2011-жылдан баштап улут аралык ынтымакка арналган реабилитациялык иш-чаралар жүргүзүлө баштады.

Биз өзбек, кыргыз улутундагы балдарды, мугалимдерди көлгө алып бардык. Жакшы майнап чыкты. Себеби адамдар өздөрү ойлонот экен. Ал жакта психологдор жакшы иштешти. Майда да эки улуттан тең 30га жакын мугалим реабилитациядан өттү. Баары аябай ыраазы болуп кетишти. Ушундай иш-чаралар дагы көп керек болуп атат.

“Азаттык”: Көп учурда жаралуу сезимге тийе турган ар кандай тасмалардын, роликтердин, же башка маалыматтардын таасири олуттуу болоорун сиздер өзүңүздөр деле айтып келе жатасыздар. Алар айрыкча мектеп жашындагы балдардын, жакынын жоготкондордун ызасын келтирип атат, кайра психологиялык жабыркоого туш болуп атат. Мындайда эмне кылыш керек?

Манзура Асланова: Коогалаңдан кийин көп балдар реабилитациядан өтүштү. Мектепте февраль, январдан баштап мугалимдер реабилитациядан өттү. Бирок ушактар, видео тасмалар болгон.

2011-жыл Достуктун, ынтымактын жылы деп мэрия тарабынан жарыяланган. Ушуга карата биз иш-чараларды түзгөнбүз. Көп иштер аткарылды. Мектеп балдары менен тарбиялык сааттар, класстык сааттар, жолугушуулар, ар бир мектепте улуттар аралык “Улуттар достугу” деген чоң масштабда фестиваль өткөрүлдү.

Оптимисттик маанайдын зарылдыгы

“Азаттык”: Икбол, сиз ошол жерде болуп көргөм деп атасыз, бүгүн бир жыл өттү. Сиз элдин психологиясын салыштыра аласызбы, маанай кандай?

Икбол Бахрамова: Албетте мен жүз пайыз ишенип турам, адамдар өзгөрүүгө ынтызар. Кээ бири уялып, кээ бири жабыркап турат. Бардыгы жагдайды өзгөртүү аракетинде. Азыр жагдай чынында эле жакшырды. Көпчүлүк иш-чаралар ушул багытта жүрүп атат. Жамаатташкан иштер өтө көп болуп атат.
Карапайым калк жаңжалды, чыр-чатакты тынч жолу менен чече албай жатышат. Ошону чечкенди билбейт.

Биз оптимист болушубуз керек. Эмне үчүн? Себеби биз Кыргызстанды сүйөбүз. Мен аялдардын атынан айтып атам, аялдар дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда тынчтык болушун абдан каалайбыз.

Албетте мен бардык жакта жакшы деп айта албайм. Бирок биз иштеп аткан Кыргызстандын түштүгүндөгү үч облуста эл бардыгын артка калтырып, унутуп, элдешүүгө бет алыш керектигин абдан жакшы түшүнүп турушат. Курагына, бир улут, көп улут экенине карабай достук кербенине катышып атышат.

“Азаттык”: Коогалаң Кыргызстандын калкы үчүн чоң сабак болду. Бир топ фактылар аялдар бул окуянын учурунда, андан кийин да калыбына келтирүүдө өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтүштү. Аялдардын ролу абдан чоң болгондугун ошол фактылардын бардыгы айтып турат. Аялдар ушундай мүмкүнчүлүктү июнь окуясын алдын алууга жумшай алат беле?

Гүлзад Шамсудин: Бул абдан татаал суроо. Себеби өткөн жылы апрелден баштап өлкөдө саясий кырдаал оор болуп турду. Тилекке каршы аял киши саясий чечим кабыл алганда күчкө ээ болбой калып атабыз. Саясатчылар өздөрү кандай чечим кабыл алса ошондой жашап келатышат. Аял киши жыйынтык болгондо анын кесепетин чечкенге эле жарап калып атат. Коогалаңды аял киши алдын ала алмак эмес. Себеби бул жерде ар кандай күчтөр болгон.

“Азаттык”: Күчү бар, психологиялык жактан кубаттуу, күчтүү аял коогалаңды эмне үчүн алдын алууга салымын кошо алган жок, эмне тоскоол болду?

Манзура Асланова: Биринчиден, ушунчалык даражада болуп кетет деп эч ким күткөн эмес. Аялдар аракет жасап токтотуп калса болот эле деп ойлойм. Себеби баласына таасир боло алган эне өзүнүн баласын чыгарбайт эле дейм.

Икбол Бахрамова: Эгер аял таасир эте алгыдай болсо таасир этмек. Бул окуя кечээ, же өткөн жылы эле бышып жетиле калган жок. Узак жылдардан бери келаткан ички жана тышкы көп факторлор болгон. Мен азыр жамааттар менен сүйлөшкөндө “келгиле, азыркыдан баштап келечекте бул кайталанбагыдай багытта иштейличи” деп айтам.

Бизде жасалбай аткан өтө көп иштер бар. Мен ушул окуядан улам көп маселелерге кабылдым. Биз, аялдар, абдан жетилдик. Айыл жерлеринде айрыкча жаш энелер абдан сабаттуу. Ошол эле учурда социалдык-экономикалык проблемалары абдан көп.

Сулуулуктун далили – аял

“Азаттык”: Балким үй-бүлөдөгү баланы, күйөөнү өкүмзордукка жолотпой турган, бейкуттукту сактоого багыттоочу миссиясын аял артка жылдырып саясатка кирип кеткен үчүн ушундай болуп калган жокпу?

Гүлзад Шамсудин: Айыл жерлеринде аял киши үйүндөгү оокат менен эле алек. Биздин психологдордун айтуусу боюнча, карапайым калк жаңжалды, чыр-чатакты тынч жолу менен чече албай жатышат. Ошону чечкенди билбейт. Анткени психологиялык жактан сүйлөшө келгенде, талабын койгондо күчкө сала башташат. Ошонун баарын жөнөкөй эл билбегендиктен бул мамлекеттик деңгээлге чыгып атат.
Мен аялдардын атынан айтып атам, аялдар дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда тынчтык болушун абдан каалайбыз.

Күч структураларды алсак, көйгөйлөрдү зордуксуз чечүүнүн жолдору да жок болуп атат. Маданият тармагы начар, театр, концерттер карапайым элге келбейт. Ошол жерден алар бардыгына үйрөнүшөт эле да.

“Азаттык”: Сиз айтып аткан билим берүүдө, маданиятта аялдар аз аралашып калган жокпу?

Икбол Бахрамова: Аялдар саясатташып кеткен үчүн ушундай болду деп айта албайм. Аял кандайдыр бир кишилердин куралы катары пайдаланылып калды. Аял бейкуттукту жактоо жагынан планетада алдыда турат, бир гана өксүгү аны кантип ишке ашырарын билбейт. Ошондуктан эң башкысы бул багытта мамлекеттик саясат болушу керек.

Бизде акыркы кездери эч кандай идеология болгон эмес. Буга таң калам. Эрежелер так сакталып, программалар так аткарылса көп нерсени өзгөртсө болот. Аялдар социалдык, экономикалык чечимдерди кабыл алууга өтө жөндөмдүү. Бул бардык деңгээлде ишке ашышы керек.

(Солдон оңго карай) Мишел Обама, Роза Отунбаева, Хиллари Клинтон, 8-март, 2011-жыл
“Азаттык”: Манзура, эне, аял, педагог өзүнүн баласы, күйөөсү мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы үчүн мүмкүнчүлүгүн, энергиясын жумшашы үчүн аял кандай салымын кошуш керек?

Манзура Асланова: Биринчиден, аял киши өзү маданияттуу, билимдүү болуш керек. Ошондой болсо баласын тарбиялап атканда ага билим берүүгө аракет кылат. Дүйнөнү сулуулук сактап калат деген макал бар эмеспи. Ошол сулуулуктун бир далили аял киши болсо керек дейм.

“Азаттык”: Аялдар көчөгө чыгып топтошуп, тигил же бул маселелер боюнча, июнь окуясынан кийин да жалаң аялдар алдыда жүрөт деп лакапка айланып кетти. Ушул аялдардын аброюна көлөкө түшүрбөйбү?

Манзура Асланова: Иши жок, шарты начар, социалдык жактан кыйналып калган аялдар кошулуп калды. Аял киши адегенде билимдүү жана маданияттуу болуш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG