Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Аялдар тууралуу ондон ашуун китептин автору, журналист Күлбүбү Бектурганова кыргыз аялдары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка айымдарга окшобой турганын "Азаттыкка" курган маегинде белгиледи.

Химик-технолог, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлбүбү Бектурганованын “Кыргыз аялдары мифтерде жана уламыштарда” деген китеби үч тилде жарык көрдү.

Бектурганова аялзатты баалоо көчмөн турмушта гана эмес, мифологияда да ачылганын, аял образы Табият-Эненин образы менен салыштырылганын белгилейт.

“Аялзат” программасынын кезектеги берүүсүндө китептин автору өз каармандары, азыркы аялдар, алардын көйгөйлөрүнө кенен токтолот.

“Азаттык”: Алгач жакында жарык көргөн китебиңиз тууралуу сурайын. Кыргыз аялдарынын образы мифтерде жана жомоктордо кандай экен, азыркы кыз-келиндерде ошондой образдар, сапаттар байкалабы?

Күлбүбү Бектурганова уул-кыздары менен

Күлбүбү Бектурганова уул-кыздары менен

Күлбүбү Бектурганова: Мени радиого, театрга, жомокко көндүргөн киши - атам. Ал көзү тирүү болсо былтыр 120га чыкмак. Аты Кыргый. Мага Айчүрөк, Эртөштүктү айтып бергенде абдан таң калчумун. Ошонун баары менде калган экен.

Мыскал Өмүрканованын, Жапар Чабалдаевдин ырдаганы, Ыбырай Тумановдун комузда ойногону көкүрөктө калды. Менин аялдар тууралуу алгач жазган китебим совет мезгилинде чыкты, партия системасында жазылды, анда мифтер жок. Бирок анда аялдар өз эмгеги, таланты менен тарыхка кирген, эмгегин көрсөткөн аялдар кирген.

Мен жалпысынан 200 аялды жаздым. Зууракан Кайназарова, Телегей апа баш болгон аялдар Социалдык Эмгектин Баатыры жана Баатыр энелер. Биздин аялдар абдан эмгекчил жана эне. Кыргызда эненин макамы абдан жогору, бийик.

Лев Гумилев деген окумуштуу “Байыркы түрктөр” деген китебинде чоң боз үйгө киргенде алгач энесине, анан атасына таазим берери жазылган. Түрк дүйнөсүндө, кыргыздарда да ошондой. Мен баарын изилдеп окудум да. Ал эми Чокан Валиханов Орто Азияда кыргыз аялдары башкаларга, түркмөндөргө, өзбектерге, тажиктерге окшобойт. Кыргыз аял эч качан бетин жапкан эмес, паранжа кийген эмес, түркмөндөр яшмак деп койот, оозун жапкан эмес.

Түбүндө биздин элибиз жөнөкөй, ачык, эркиндикти, өз энесин сүйгөн эл болгон. Ошондуктан Жер эне, Умай эне жана Эне тил деп айтат. Ал эми ошол кезде келген орус саякатчылары кыргыз аялдарын эр жүрөк, аттан коркпогон, кайраттуу деп сүрөттөп жазышкан. Ошолорду окуп чыккандан кийин азыркы чыгаан аялдарды көрүп, жазып, канында, генинде бар экен да деп ойлойм. Анткени бала кезден эле биз Умай эне, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Каныкей деп билебиз да. Бул образ азыркы жашообузда да бар.

Азыр көп тил билген кыз-келиндер толтура. Менин небере кызым алты тил билет. Кыргыз аялдары иште, үйдө кандай экенин, коомдо өзүн кантип алып жүрөрүн көрсөтүүдө. Ошондуктан 21-кылым аялдардын кылымы болот деп ойлойм. Аял балдары үчүн керек болсо өзүн да аябай иштейт. Биз да ошондой өстүк.

“Азаттык”: Экс-президент Роза Отунбаева азыр кыз-келиндер техникалык билим албай калды, ал жакка тапшырган кыздар аз деп айткан эле. Сиз эмнеге ушул тармакты, Химия-технология институтуна тапшырып, курулуш материалдары боюнча инженер-технолог адистигин тандап алгансыз?

Бектурганова неберелери менен

Бектурганова неберелери менен

Күлбүбү Бектурганова: Биздин убакта заман башкача эле. Өз энемден жаш калсам да чоң эжем эне катарында болду. Ал Москвада МГУда окуду. Жайында каникулда келген сайын "сени да алып кетем" дейт.

Экөөбүз Пишпек станциясына чейин жетебиз, ал жерден мени түшүрүп койот. Үйгө келгенде барбай калдым деп сарайга кирип алып кечке ыйлайм. Бирок мен МГУга барбай, Москвадагы Менделеев атындагы окуу жайга кирдим. Химия, математикадан да жакшы окучумун.

Азыр балдар кызыкпайт, мугалимдер окутпайт. Акча менен окутат. Биздин учурда бардык тарапты бирдей карачу. Тааныштардын кызы Арабаев атындагы окуу жайда окуйт. Андан “беш жыл окудуң, бир жолу театрга бардыңарбы, балет дегенди билесиңби” деп сурадым. "Жок" дейт. Куратор эмне кылат десем, акча алып сабактарды бүтүрөт экен. Дагы бир Политехте окуган кыздан сурап жатам, "бул суу кантип келет, сен инженерсиң да, ушул боюнча схемасын көрсөтүп берчи" десем билбейт. Практика маалында бакта иштеп, актадык, курдук дейт. Бул уят да.

“Азаттык”: Сиз белгилегендей азыр деле кыргыз аялдары күчтүү, эрктүү, намыстуубу? Учурда баласын таштап кеткен аялдар көбөйдү, митингдердин алдында жүрүшөт, ОБОН деген атка конуп атышат.

Күлбүбү Бектурганова: Ошондогу сапаттар азыр деле бар. Азыр система башка болуп атат. Социалдык бөлүнүп-жарылуу болгон эмес. Мунун жакшы да, жаман да жагы бар. Мурда баарын теңдей берчү. Бирөө эки кабат үй салса дароо кантип салды деп текшерет элек. Мурда адамдардын жан дүйнөсү да башкача болчу, киши кишиге жардам берип, гуманизм болчу.

“Азаттык”: Акыйкатсыздыктан улам аялдар өзгөрүп жатат деп эсептейсизби?

Күлбүбү Бектурганова: Азыр баалуулуктар да өзгөрүп атат. Турмуш башкача. Кызын күйөөгө берсе да барган жери кандай, колунда барбы, жокпу деп карашат. Азыр материалдык базага көп нерсе байланыштуу болуп калды. Жакшы окууга көп акча керек. Өтө таланттуулар гана өтүп кетпесе, жөнөкөй адамдар тапшыра албайт.

“Азаттык”: Аялдардагы аруулук, мээримдүүлүк сапаттар жоголуп баратат деген коркунуч жокпу?

Күлбүбү Бектурганова: Жок, эне деген эне. Бирок бул да үй-бүлөгө, тарбияга, мугалимге байланыштуу. Эне окуш керек, билим алыш керек. Ал өзү билбесе балдарына эмнени үйрөтөт? Кыргызда “эмен өстүргөнгө, барган жери тегирмен” деп койот. Мисалы, түркмөндөрдө беш класс болсо эле болот кыздарга деп койот. Бул феодализмге кайтуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG