Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Мурунку президент Роза Отунбаева күч түзүмдөрүндөгү аялдарды жигердүү болууга чакырды.

Бишкекте 16-октябрда ЕККУ жана ИИМдин демилгеси менен погончон айымдарга арналган эл аралык жыйын өттү. Анда күч түзүмдөрүндөгү кыз-келиндердин орду жана абалы талкууланды. Иш-чарага Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн сырткары Ооганстан, Армения, Швеция, АКШ жана Канададан келген коноктор катышты.

Гүлайым Момунова Баткенде жашайт. Анын милицияда иштегенине 14 жыл болуп калды. Учурда облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары. Момунова аймакта коопсуздукка байланышкан маселелердин көптүгүнөн милициянын да түйшүгү түмөн болорун айтууда:

- Бизде дем алыш деген жок. Чек арага байланышкан чыр-чатак чыккан учурларда күнү-түнү, казармалык абалда иштеп калабыз. Балдарыбызды бала бакчаларга киргизүү деген маселе бар. Дем алыш күндөрү да иштегендиктен, ал күндөрү үйдө караганга киши жок болсо, ишке ээрчитип келгенге мажбурбуз. Алар болсо ызылдап ыйлайт, үйгө кетем дейт, уйкусу келет. Биз ага карабай иштейбиз. Бизге айрым бир шарттарды түзүп берсе жакшы болмок эле.

Кыргыз милициясынын 13 пайызын кыз-келиндер түзөт. 2010-жылы Милиция аялдардын башын кошкон бирикме түзүлгөн.

Мурунку президент Роза Отунбаева күч түзүмдөрүндөгү айымдар бириккени менен жетиштүү деңгээлде жигердүү боло албай жатканын белгиледи:

Роза Отунбаева.

Роза Отунбаева.

- Биздин 23 жылдык эгемен тарыхыбыз көрсөткөндөй, Кыргызстанда аялдар көп өзгөрүүлөрдүн алдында болду. Аялдар өлкөбүздөгү реформа, алдыга жылуу, өзгөртүү өңдүү оор түйшүктөрдү аркалады. Биз коопсуздук нандан да кымбат экенин көрсөткөн бир топ опурталдуу кырдаалдарды баштан кечирдик. Биз Милиция аялдардын бирикмесин түзүп жатып коопсуздук өңдүү татаал тармакта аялдар негизги, алдыңкы ролду ойной алаарына ишенген элек. Бирок бул максат азыр ишке ашпай жатат.

Отунбаева бул жыйынга ички иштер министри Мелис Турганбаевдин келбей Ошко иш-сапар менен кетип калганын, мындай маанилүү иш-чарага катышпай койгонун кескин сынга алды.

Кыргызстанда прокуратура тармагында иштегендердин да 13 пайызын аялдар түзөт. Баш прокурор Аида Салянова өз сөзүндө бул тармакта буга чейин жалаң гана эркектер ээлеп келген орундарга акырындап кыз-келиндер келе баштаганын белгиледи. Ошол эле учурда кесиптештерин аялдык назиктикти сактоого чакырды:

- Күч түзүмдөрүндө иштеген айрым аялдар катаал, зордукчул, мансапкор мүнөз күтүп калган учурлар да жок эмес. Бул балким жаман деле эместир, бирок эркектердин ролун ойноого аракет кылбоо керек. Кандай гана учур болбосун аялдар аял боюнча эле калганын туура көрөм.

Погончон айымдарга арналган Бишкектеги эл аралык жыйынга Борбор Азиянын эле эмес, Армения, Швеция, АКШ жана Канаданын күч түзүмдөрүндө иштеген айымдар да катышты. Алардын арасында ооган улуттук полициясынын генералы Хикмат Шохи айым да бар:

Ооган полициясындагы аялдар.

Ооган полициясындагы аялдар.

- Ооганстанда саясий да, географиялык да кырдаал татаал экенине карабай Ооган улуттук полициясы өнүгүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Полицияда иштөө менин балалык кыялым эле. Менин үй-бүлөм да чоң колдоо көрсөттү. Мен азыр генерал наамына жеттим. Ишим менен абдан сыймыктанам. Анткени мен өз элиме кызмат кылып жатам.

Жыйында үлгү катары Швециянын полиция системасы жана андагы айымдардын ролу тууралуу айтылды. Улуттук швед полициясынын инспектору Шарлотта Свинсондун айтымында, полициянын 40 пайызын кыз-келиндер түзөт:

- Швецияда айым полициялар үчүн бардык шарт түзүлгөн. Биздин өлкөдө биринчи полиция айым 1957-жылы иштеген. Ал кезде шарт азыркыдай эмес эле. Азыр маселен, мамлекет тарабынан полиция айымдардын балдарына камкордук көрүү жагы жакшы жолго салынган. Иште аялдар да, эркектер да бирдей укукта. Бул жерде кесипкөйлүк гана биринчи орунда.

ЕККУнун Бишкек кеңсеси күч түзүмдөрүндөгү аялдардын абалын жакшыртуу иш-чараларын улантканы жатат. Аталган уюмдун кыргыз тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча программасынын менеджери Виктор Соцки бул маселеге аз көңүл бурулганын айтууда:

- Күч органдарында иштеген аял-эркек сөзсүз эле теңме-тең болушу шарт эмес. Гендердик теңчилик деген теңме-тең дегенди билдирбейт. Бул деген аялдарга да, эркектерге да бирдей шарт түзүү дегенди билдирет. Бул жыйындын башкы максаты - гендердик теңчилик боюнча улуттук план үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу. Ал сунуштар иштелип чыккандан кийин биз кайсы маселелерди чечкенге жардам берүү керектигин аныктайбыз.

Жыйында күч түзүмдөрүндөгү аялдардын абалын жакшыртуу, санын көбөйтүү тууралуу бир катар сунуштар айтылды. Погончон айымдар көп болсо зыянынан пайдасы арбын болору белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG