Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

ОБОНдон чыккан ойлор, же гендерчилер эмне дейбиз?


Эгемендиктен кийинки жыйырма жылдык аралык кыргыз коомунда, айрыкча кыргыздар арасында көп эле өзгөрүүлөргө алып келди. Кыргыз мурда кийин көрбөгөндү көрдү, кылбаганды кылды. Ушул аз эле мезгил үзүгү кыргыздын жакшысын да, жаманын да аңтара-теңтере ачып койо алды.

Мурда үч эле катмардан турган кыргыз коому бүгүн каттамадай катмарларга бөлүнүп, алды менчикке самолет сатып алса, арты "Дордойдо" ачкадан өлбөйүн деп каробка чогултуп жүрөт. Булардын баарын ушул мезгил аралыгы жаратты.

Мына ушул курактай түрдүүчө, курактай кооз кыргыз коомунда акыркы беш жылда ооздон түшпөй келаткан ОБОН деген көрүнүш пайда болду. Буга чейин биз кыз-келиндер арасында “челнокчулар”, “мигранттар”, “ишкерлер”, “жумушсуздар”, “укук коргоочулар” деген жаңы катмарчалардын пайда болгонун айтып келсек, эми революциялардын алдыңкы сабында жүргөн, жалаң аялдардан турган бул ОБОН тобу тууралуу коомчулук чын эле бүгүн олуттуу ойлонуп отурат.

Анткени акыркы маалда саясий оюндардын кол жоолугуна айланган ОБОН өзү тууралуу көңүлдү жетишерлик эле буруп койду. Алар активдүү, алар коркпойт, күчтүү, катары жетишерлик көп, кимдир бирөөнүн таламын талашууда бар өнөрүн көрсөтө алышат, эч нерседен кайра тартпайт, заказчиктин талабын так аткарышат.

Албетте аларда эч кандай принцип деген жок, акчага гана иштешет, ошондой эле жана башка кызыкчылыктарын аткартыш үчүн да заказчикке шарттарды коюшат. Эгер убада кылынган акча берилбесе, же айткандары орундалбай калса, алар ошол замат башка заказчикке кете беришет. Ушинтип, алар үй-бүлөсүндөгү материалдык жана башка проблемаларды чечип алышат.

Алар шайлоолордо талбаган агитаторлор, митингдерде тамагы айрылганча кыйкыра алгандар, кимдир бирөөнү креслодон кетириш керек болсо, топтолуп барып аны ордунан тургузуп, заказчикти отургузуп койо алгандар, кыскасы колунда акчасы барлардын кандай заказы болсо аткарууга даяр турган өзүнчө топ.

ОБОН эч кандай мыйзамга баш ийбейт, беттегенин бербейт, ошентип атып заказчиктин заказын кынтыксыз аткарат. Булар мурда саясий оюнда пайдаланылып келген “дүжүр чалдарга” караганда бир топ кыйын чыгышты. Азыр тирешкен эки тарап бир бирин: “Азыр он аялды жетелеп келем, абийириң айрандай төгүлөт” деп коркута башташты. Эл менен жолугушуу деген форматтагы жыйындарда кызыкдар тараптар өз максаттарын ушул ОБОНчулар аркылуу ишке ашыра алышат. Ушинтип ОБОН эл деген улуу аттын кийимин кийип чыга келет. Баарынан коркунучтуусу элдин атынан сүйлөйт.

Коомдун акыл-эстүү бөлүгү, өзүнүн жумушунан колу бош эмес бөлүгү саясий тирешүүлөрдөн чарчап, жай турмушка өтүп алышкан, алар саясатка эбак далысын салып койгон. Ушундай чакта ОБОН жаралды.

Алар кимдер? Биринчиден, кызыкдар тараптар айылдардагы активдүү, тилинен чаң чыккан аялдарды уюштуруп туруп, айтаар сөзүн үйрөтүп, колуна акчаны жана тапшырманы берип митингдерге, тополоңдорго койо беришти, алар бара-бара такшалышты, жеңиштерге жетишти, бул алардын дымагын арттырды, “кесиптик” чеберчилигин жогорулатты, өзүнө болгон ишенимин пайда кылды. Топту жарып кыйкырган канчалаган оратор айымдар өсүп чыкты. Чо-оң саясий лөктөр аларды таанып, топтоп, пайдаланып аткан соң алардын катары улам активдешип, толукталып барат.

Экинчиден, алар сиз менен биз укуктарын талашып күрөшүп жүргөн кыз-келиндер. Чечим кабыл алуучу бийик кызматтарга көтөрөбүз деп таламын талашып жүргөн аялдар. ОБОНчулар өздөрүнүн жөн салды жүрүм-туруму менен, кайсы жакка айдактаса ошол жакка кете берген, көп учурда убада кылынган акчасын ала албай алданып калган бечаралар да болуп саналат. Алар ушунусу менен бизге дагы бир корголууга муктаж аялдардын аялуу катмарын коомдо жаратып отурат.

Социалдык абалы боюнча көпчүлүгү жумушсуздар, саясий маданият дегенден такыр кур калгандар, көбүнүн билими жок, мындай карасаң баары байкуш, бирок догурунуп, долуланыш, кыйкырыш, керек болсо мушташыш колунан келет. Алар тополоңдордо алдыңкы сапта турушат, анткени аялдарга биздин милиция кол көтөрө албайт, көтөрсө да бул аялдар чыдап бергенге даяр.

Бүгүн ОБОНдор тууралуу ойлор өтө талаш, аларды эч ким актай да, камай да албайт. Бул коррупциясы күчөгөн, мыйзамдары иштебеген, ыр-чыры көп биздин коомдун туундусу. Анткени алар кимге болбосун акчасы барга эбак эле өздөрүнүн керек экендигин далилдеп коюшкан. Азыр булардын кызматынан пайдаланбаган ”чоңду” табуу кыйын.

Азыр ОБОН коомдо күч катары калыптанып калды. Алар өздөрүнүн коомдо кимге керек экендигин өлгүдөй билишет, уюшуп алышкан, бирөөсүн тапсаң болду, алеки саатта калгандарын топтой коет. Канат-бутактарын да кенен жайышкан, ар бир айылда өздөрүнүн өкүлдөрү-лидерлери бар. Азыр Кыргызстандын кайсы бурчуна барба ОБОНдору бар. Жайылган масштабы жана саны боюнча бүгүн ОБОНчулар ханга салам бербей калышты.

Жашырганда эмне, ОБОНчулар өздөрүнүн орунсуз, бей-жай жоруктары, кыйкырык-өкүрүктөрү, жоолугу желкесине түшүп калганча догурунган кебетеси, мурду кызарганча арак ичип алкылдаган акыбалы менен дегеле, аялзатынын бетине көө жаап, жаманатты кылып, кадырын жана беделин түшүрүп койду. “Аялдын, ургаачынын кылаары ушул да, анын колунан башка эмне келет эле” деген көз караш калк ичинде жайылып барат.

ОБОН коомдогу тынччылыкка жана туруктуулукка кедергисин тийгизгени менен да опурталдуу. Алардын ар бир кыймыл-аракети тополоң-тоз менен коштолот, чыр-чатакка алып келет. Көп учурда каршылаш тарап аялга теңелбей эле коелучу деп “жеңилип” беришет. Бирок бул эркектер арасындагы “теңелбей эле койолу” деген чыдоо, эреже канчага созулаары белгисиз.

ОБОН жаштардын саясий күрөшкө, саясий каршылык көрсөтүү маданиятына карата көз карашына, тарбиялануусуна да терс таасирин берип жатат. “Ушуларга теңелбей эле койолучу” деген чечимден “жеңиш” тапкан ОБОНчулардын жүрүм-туруму жаштардын саясий маданиятка, күрөшкө карата жеңил, оңой жана одоно караган көз карашын пайда кылууда. Бүгүн ОБОНчулар көбүнчө жашы 45 менен 60тын ортосундагылар болсо, эртең 25 жаштагылар да кошулуп кетпейт деп ким кепил боло алат?

Үчүнчү дагы белгилей кетчү жагдай, ОБОНчулар минтип активдешип отурса, жакында биздин ансыз да араң иштеген мыйзамдарыбыз такыр таасирин жоготот. Өзүнө карата эч кандай жаза колдонулбаганын, ошол эле учурда эч кимден колдоо көрүлбөй өз казанында буркан-шаркан кайнаган бу катындар жугуштуу илдеттей журт ичине жуурулуп барат. (Кыз-келиндердин баары ОБОНго айланып калбаса экен?)

Жакында бир кадыр-барктуу окумуштуу эжем: “Президенттик шайлоо өткөн соң ОБОН тобун түзүп, өкмөт үйүнүн жанына барып ар кайсы шылтоолор менен митинг, пикеттерди уюштура берем, көрсө бул материалдык жактан да, моралдык жактан да пайда турбайбы. Биздин Кыргызстанда ушинтип гана көрүнсө болот экен, акчаны ушулар таап жатат, мамлекеттин сый-ургаалдарын да ушулар алып жатат дейт. Мен болсо ак эмгегим менен күн көрөм деп мына картайып баратам, мени ким көрөт, ким барктайт да, ким баалайт!?”

Сөзүнө караганда чындап эле камынып калыптыр. Отуз жылдан бери студенттерге сабак берип, окубаган китеби жок, билимдүү, принципиалдуу, мекенчил, мээнеткеч, жакында илимдин доктору болом деп жаткан эжемдин бул “планы” мени чын эле ойлонтту. ОБОН чынында максаттарга жетүүнүн жана бийликтеги айрым суу жүрөктөрдү коркутуунун да оңой жолу болуп калыптыр.

Ырас, бүгүнкү күнү кыргыз коому саясий окуяларга өтө эле бай болуп турган чакта ОБОНдун “обону” али жакын арада басылбай тургандай. Ушундай болгон соң, бул социалдык феномендин бар экенин моюнга алуу менен ага анализ жасап баа берчү мезгил эбак жетти. Аларды мыйзам чегинде жазалайбызбы, же атуул катары укуктарын коргоп, билимдерин көтөрүп, жумуш таап беребизби? Же булардын кызматынан пайдалангандардын өзүн жазага кириптер кылабызбы? Айтор, маселе кандай болсо да мыйзам жана адептин чегинде чечилүүгө муктаж.

Бүгүн болсо биздин мамлекеттик органдардагы лөктөрүбүз ОБОНчуларды жоопкерчиликке тартуунун жолун ойлоп баш катыргандан көрө “булардын айтканын жасап кутулалычы” дегенге өтүштү. Муну менен алар бул топтун дымагын арттырып, “ишмердигин” күчөтүүдө.

Бул колунан бар-балакеттин баары келген ОБОНчуларга карата гендерчилер эмне дейбиз? Гендердик өңүттөн алып караганда бу айымдарга кандай баа беребиз?

ОБОН кыймылынын кесепети коомдо мыйзам чегинде, жаратман иштер менен алектенген аялдар кыймылынын, уюмдарынын активдерине да тийип жатат. Айрыкча гендер маселесин жыйырма жылдан бери чечебиз деп, аял укуктарын алга жылдырабыз деп болгон аракетинин баарын жасап келаткан аял-лидерлердин, окумуштуулардын, саясатчылардын дарегине жакшы эмес, табалаган пикирлерди жаратып отурат.

Албетте аял менен эркектин теңдиги, бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуусу үчүн күрөшүп келген гендердик кыймылга ОБОНдун таптакыр тиешеси жок. Тескерисинче ОБОНчулар коомдогу гендердик теңсиздиктин бир көрүнүшү катары, проблема катары бүгүн гендерчилерди түйшүккө салып отурат. Акчалуу эркектер аялдарды алдап-соолап, алардын кедейлигинен, бечаралыгынан, билимсиздигинен пайдаланып, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн айдактап, билгенин жасап атышат.

Албетте аялдар кыймылынын тарыхында кыз-келиндер айласы кеткенде өз укуктарын талашып, бош мискейлерин мойнуна илип тарактатып, көчөгө чыккан, “айлык акыбызды көбөйткүлө”, “шайлоо жана шайлануу укуктарын бергиле” деп иш таштоолорго барган учурлары көп эле болгон. Бирок алар мунусу менен принципиалдуу мүнөздө жеке өздөрүнүн (көрүнгөнгө сатылып эмес!) кызыкчылыктарын коргогон. ОБОН - көрүнгөндүн сокур куралына айланып, кыз-келиндер маселесиндеги жаңы проблеманы пайда кылып отурат.

Көп жылдардан бери гендердик теңдикти илгерилетүү багытында иштеп келаткан “Аялдарга жардам борбору” бүгүнкү күндөгү ОБОН көрүнүшүнүн маани-маңызы, келечеги кандай болот деген маселеге кайдыгер карай албай, бул көрүнүштү изилдеп, талдап, андан соң реалдуу жыйынтык чыгаруунун максатында социологиялык иликтөө жүргүзүү токтоосуз зарыл деп эсептейт. Албетте бул изилдөөнүн жыйынтыктары мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жалпы эле коомчулук үчүн ОБОН тууралуу эң керектүү, зарыл деп саналган туура маалыматтарды бере алат деген ойдобуз.

Топчугүл Шайдуллаева
XS
SM
MD
LG