Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Кыргызстанда акыркы жарым жылда эле 700дөн ашуун нааразылык жыйыны (митинг) жана пикет катталды. Аларды социалдык, саясый жана буйрутма ж.б. топторго бөлүүгө болот. Кийинки кезде чет жердиктерге каршы уюшулган нааразылык чаралары да арбыды.

Митинг англис тилинен “турмуштук курч маселелерди талкуулоо үчүн, же кайсы бир талаптарды коюп, кайсы бир окуяга каршылыгын же тилектештигин билдирүү үчүн кандайдыр бир коомдук жайда адамдардын чогулушу” деп которулат.

Ага экиден тарта эчен миңдеген адамдар катышышы мүмкүн.

1990-жылдары башталган митингдер азыр кыргыз турмушунун бир бөлүгү болуп, кыргыз тилинин түп сөзүнө айланып калды десе да болот.

Нааразылык жыйындардын алды жалпы элдик козголоңго өсүп жетип, эки жолу (2005-жылы 24-мартта жана 2010-жылы 7-апрелде) Кыргызстанда элдик ыңкылаптын негизинде бийлик алмашты.

Ал эми бери жактагы аткаминерлерди колдогон жыйындарды айтпай эле коёлу.

Айрым митингдин күчү менен кээде жөнжай эле кишилер чоң кызматка отуруп калган фактылар да аз эмес.


Митингдерге тартип коргоо кызматкерлери көз салып турат
Кыргызстанды “митингдер мекени” деп сырт жакта жазып жатышат, алтурсун Орусияда "менин көөдөнүмдөн кыргызды ойготпогулачы!" - “не буди во мне кыргыза” деген афоризм да пайда болгонун айтып жүрүшөт.

Айтор акыркы жылдары өлкөдө митингдер жарышы, айрым учурда күн куру дебей, ар аймакта удаама-удаа өтүп жатат. Өзгөчө баш калаа Бишкекте.

Алардын арасында ар кандай маселе көтөрүп чыгышат.

Жакында эле Бишкектин четиндеги Ак-Жар конушунда өткөн нааразылык жыйынында күндөлүк турмуш-тиричиликке керектүү талаптар коюлган. Муну социалдык көйгөйлөр митинги деп койсо болчудай.



“Артымда бир короо эл турат”

Ал эми саясий митингдер Бишкектин так төшүндө жашагандардын көкөйүнө көк таштай тийип бүттү көрүнөт.

Мындай нааразылык жыйындар көбүнчө башкалаадагы өкмөт үйүнүн алдында жана учурда депутаттар отурган Ак үйдүн алдында өтөт.

Митингдер кийинки кезде жаалдуу, агрессивдүү маанайга айланып баратат.

Бул эми айрым бир чечимдерге каршы чогулган элдердин тобу. Мындан тышкары кайсы бир саясатчыны ачыктан ачык колдоп же каршы чыккан митингдер болот.

Маселен, кызматтан алынган кайсы бир аткаминерди өзүнүн эле жакындары, туугандары, уруулаштары колдоп чыкканы да жашыруун болбой калды. Кыргыз тууганчыл эл келет эмеспи.

Кийинки кезде кыргызстандыктар өз бийликтерине гана эмес, чет жердик компанияларга каршы чыга баштады. Чоң-Алайда, Нарында кен казып же чалгындап жаткан кытайлык компанияларга, Таласта англиялык жана австралиялыктарга каршы чыгып, автоунааларын өткөрбөй, алтурсун кампаларын өрттөп да жиберишти.

Кылкылдаган митингчилердин көпчүлүгүн атайын акчага жалданып чыккан адамдар деп айтып келишет. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынын биринде жергиликтүү сыналгы каналдардын бири Кыргызстанда акча алып митинг же башка нааразычылык иш-чараларына чыгып берген адамдар тууралуу репортаж жасаган. Анда Бишкектин кайсы бир көчөсүндө жумуш издеп отурган адамдар тууралуу көрсөтүлгөн эле.

Айтылган даректеги адамдар менен баарлашканымда мындай маалыматтарды уга алдым: жалданма митингчилер ким-кимге каршы экенин, эмне маселе боюнча экенин дааналап териштирип отурушпайт. Тек гана “ушундай деп сүйлөйсүңөр, ушинтип кыйкырасыңар” дегенди кулакка куюшат.

Айтмакчы, “сүйлөй сүйлөй чечен болуптур” дегендей, араларында кара сөздүн катыгын берип, жалпыга маалымдоо каражаттарына маек кургандар да жок эмес.

Митингге чыгуучулар алгач баарлашканда канча убакытка чыгарын, ага канча акча алышарын такташып алышат.



Атын айткысы келбеген митингчилер алардан жардам сурап көп аткаминер, саясатчылар кайрылышканын белгилешет. Андайда ошол заказ бергендердин өзүнө каршы митинг өткөргөн учурлар да бар. Ал эми айрымдары болсо акчасын төлөбөй, өздөрү да таптырбай кетишет экен.



Мындан тышкары, митингди уюштура турган атайын "адис" адамдар бар экени айтылып келет. Бирок бул тактоону талап кылчу маалымат.

Ички иштер министрлиги тактаган маалыматка таянсак, 2011-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстан боюнча 704 митинг катталган. Анын жарымы экономикалык жана турмуш тиричиликке байланыштуу болсо, калганы саясий өңүттө.

Митинг өткөрүү боюнча биринчиликти Бишкек шаары бербей келатат. Соңку 6 айдагы калайык жыйындарынын 326сы ордо шаарда өткөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG